Аймак

ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ

ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН ЖҮЗ ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАҢЫ КОНУШКА КӨЧҮП КИРИШТИ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлерине жаңы үйлөрүнүн ачкычтары тапырылды. Бул туурасында аталган тармактын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баса, аталган батирлер мамлекеттик «Менин үйүм» турак жай программасынын негизинде гана салынып, бүткөрүлдү. Заманбап 100 чакты батир Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын көздүн карегиндей сактагандарга жана  дагы аны күнү-түнү кирпик какпастан кайтаргандарга гана ыроолонду. Баса, бул сапар элүү батир Жалал-Абад шаарындагы “Асман-6” турак жай комплексинен, ал эми дагы элүү батир Жалал-Абад облусунун Сузак районундангы“Асман-4” турак жай комплексинен ыроолонду. Ошентип, Кыргызстандын баардык булуң-бурчунда аскер кызматкерлерин батир менен камсыз кылуу туруктуу жана ырааттуу тартипке айланып баратат.

Жаңы конуштарды ээлерине тапшыруу аземине аталган аскер бөлүгүнүн комндири Э. Саяков жана дагы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү катышып, чек арачыларды жаңы конуштары менен чын ыкластан куттукташты. Ошондой эле ар бир үйдүн ээлерине жаңы конуштун ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Баса, соңку кезде Кыргызстанда аскер кызматкерлеринии жеке курамын заманбап үлгүдөгү турак жай менен үзгүлтүксүз камсыз этүү өзүнчө макстка айланып олтурат. Акыркы беш эле жылда Мамлекеттик чек ара кызматынын 600дөн ашуун үй-бүлөсү өзүнчө турак жай менен толук кандуу камсыз этилди. «Менин үйүм» Мамлекеттик программасынын алкагында өлкөбүздүн баардык булуң-бурчунда турак жайларды катарынан куруу салтка гана айланып баратат. А мунун озү Мекен чегинде кызмат өтөгөндөргө өзгөчө дем жана кайрат гана берүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17