Аймак

МАНАС ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МАНАС ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 3-мартта Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 34 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.

Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, студенттер катышышты.

Майрамдык иш-чара “Манас” стеласындагы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды.

Салтанатта облус башчысы катышуучуларды майрам менен куттуктап, Мамлекеттик туу эгемендүүлүктүн жана мамлекеттүүлүктүн башкы символдорунун бири экенин белгиледи. Ал туунун мазмунунда кыргыз элинин тарыхы, руханий мурасы жана улуттук баалуулуктары чагылдырылганын айтып, анын бийик желбиреп туруусу ар бир жаран үчүн сыймык менен катар чоң жоопкерчилик экенине токтолду. Ошондой эле жаштарды билимдүү, кесипкөй жана мекенчил болууга чакырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошууга үндөдү.

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов да өз куттуктоо сөзүндө мамлекеттик туу – элибиздин тарыхын, эркиндигин жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган ыйык белги экенин белгилеп, шаар тургундарын мекенчилдикке, биримдикке чакырды. Ошону менен бирге шаар тургундарын туу күнү менен катар 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен да куттуктады.

Белгилей кетсек, 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күн. Быйыл мамлекеттик туунунун кабыл алынгандыгына 34 жыл толду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17