Аймак

Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»

Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»

 3 Бардыгы /

Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү таптакыр мүмкүн эмес! Мындан ары деги кантебиз? Мунун чыныгы жүйөөсүн  академик Муса Адышев атындагы ОшТУнун Энергетика жана транспорт институтунун директору, профессор Нуркул МУРЗАКУЛОВон кенен-чонон сураштырдык.

– Нуркул агай, сак-саламатсызбы? Танып не, жашообуз барган сайын заман талабына жараша ыкчам гана өзгөрүп баратпайбы. Буга жараша калкыбыздын талабы дагы ар өңүттө уламдан улам оңолуп жаткандай?

– Ананчы! Биринчиден, кашайып Жердин климаты кескин түрдө өзгөрдү. Мактанган мөңгүлөрүбүз катарынан эрип, мына, сууга таңкыстык ого бетер арбыды. Кашайып суу ресурстарыбыз  дагы абдан эле азайып баратат. Демек, энергетикага талап күн өткөн сайын улам гана күчөөнүн үстүндө.

Экинчиден, Сиз өзүңүз деле айттырбай байкагандырсыз. Адамзатынын жашоо-тиричилиги бу кашайгыр туранпортсуз жылбай жана бүтпөй тургансып баратат. Албетте, мунун баардыгы – заман талабы! Ошого жараша аракенттенбесек, биз деле кашайып Дүйнөлүк көчтүн эң артында эле калып кетчүүдөйбүз.

– Демек мезгил талабына ылайык, Сиздер дагы энергетика жана транспорт тармагына заманбап адистерди белендегенге бекем ыктап жатыпсыздар да?

– Ооба. ОшТУнун Энергетика жана транспорт адистигине төрт эле жыл окушат. Эгерде дагы каалашса, андан ары магистратурада билимин дагы өркүндотүшөт. А буларга ушул тапта дасыккан устаттар – кадимки кашкөй профессорлор гана сабак беришет.

– Ал эми бүтүрүүчүлөрдү туруктуу жумуш менен камсыз этүү деги кантти экен?

– Бул жагынан санаа тартууга дегеле негиз жок! Мактангандык эмес, бирок, турмуш өзү деле тастыктап жатпайбы. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө иш деген опоңой гана табылат. Баардык мекеме-ишканаларда булардын жолдору дайыма ачык!

–  Демек, анда атактуулардан деле куру эмес экенсиздер да?

– Абдан туура баамдапсыз. Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Алтынбек Рыспеков, Ош шаарынын мурунку мэри Мелисбек Мырзакматов, Министрлер Кабинетинин төрагасынын мурунку орун басары Кубатбек Боронов, Ош электр тармактары ишканасынын экс-директору Эмил Ысманов өңдөнгөн мекенчил бүтүрүүчүлөрүбүз менен биз дагыле сыймыктанабыз!

– Сөзүңүзгө аралжы, адис сыңары айтсаңыз, деги биздин суу ресурстарыбыз жетиштүү элеби? Чоочулаганыбыздай, эч кандай таңкыстык жокпу?

– Санааркабай эле коюңуздар деп мен ишенчиликтүү гана айта алам. КМШ өлөлөрүнүн арасында Кыргызстан суу ресурстары жана энергетика жагынан Орусия жана Тажикстандан кийинки эле алдыңкы орунда  турабыз. Демек, жакынкы жылдарда өлкөбүздө суу тартыштыгы таптакыр байкалбайт десем, мен эч жаңылышпаймын. Ошондуктан, өлкөбүздүн баардык булуң-бурчунда чакан ГЭСтерди катарынан куруп жатпайбызбы. Мындай жышаан энергетиканын таңкыстыгына дагы жол койбойт. Ошондой эле Күн энергиясын дагы урунууну абдан активдештирдик. Мисалы, ОшТУнун лабораториясы 5 киловатт саат электр энергиясы менен өзүбүздүн чакан ГЭСибиз аркылуу толук кандуу камсыз этилип келатат.

– Нуркул агай, Сиз дасыккан адис сыңары дегеле аталган эки тармактын (энергетиканын жана транспорттун) болочогун деги кандайча элестетээр элеңиз?

– Жашырып не. Кыргызстанда, көз тийбесин, суу ресурстарыбыз дээрлик жетиштүү. Демек, ошого жараша, биринчиден, Энергетика тармагыбыз мындан ары деле ого бетер кеңейет. Экинчиден, өлкөбүздө стабилдүүлүк азыркы нугунда ырааттуу улантылса, Транспорт тармагы дагы ого бетер оожалат. “Бил алкак – Бир жол!” долбоорунун алкагында Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолу курулуп, пайдаланууга тапшырылса, биздин горизонтубуз, чындыгында, ченемсиз кеңейет. А бул экономикабыздын дагы ыкчам жана туруктуу өйдөлөшүнө гана өбөлгө жаратаары шексиз!

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз Нуркул МУРЗАКУЛОВ 54 жашта. Бишкек шаарындагы Исхак Раззаков атындагы КТУнун “Гидростанция” адистигин, Академик Муса Адышев атындагы ОшТУнун “Бухгалтердик учет жана аудит” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. Адегенде  Академик Муса Адышев атындагы ОшТУнун окутуучусу,  декандын орун басары кызматтарын абийирдүү аркалаган. Соңку тапта аталган университеттин Энергетика жана Транспорт институтунун директору. Орусиянын Турак жай жана коммуналдык чарба Академиясынын Академиги. Үч монографиянын, отуз эки усулдук колдонмонун, үч ойлоп табуунун автору. Илимий эмгектери Өзбекстанда, Казакстанда, Орусияда жана АКШда жарык көргөн.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17