Аймак

НООКЕН РАЙОНУНДА “БАКЫТ” БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

НООКЕН РАЙОНУНДА “БАКЫТ” БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы “Бакыт” балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ислам Увайдуллаев, Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү тургундар жана бала бакчанын эмгек жамааты катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө облус башчысынын орун басары Ислам Увайдуллаев сөз сүйлөп, жалпы жамаатты жана айыл тургундарын жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен куттуктап, мекеме балдардын ар тараптуу өсүп, өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында “Бакыт” балдар бакчасында болгон кырсыктын кесепетинен имарат жабыркаган. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен республикалык бюджеттен 14 миллион 300 миң сом каражат бөлүнүп, кыска мөөнөттө жаңы имарат курулуп бүткөрүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17