Аймак

МАНАС ШААРЫНДА 17 АДАМГА «АРДАКТУУ АТУУЛ» НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

МАНАС ШААРЫНДА 17 АДАМГА «АРДАКТУУ АТУУЛ» НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 16-октябрда Манас шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө көп жылдар бою салым кошкон, ар түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенип, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болгон 17 адамга «Манас шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Сыйлыктарды Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу жана шаардык кеңештин депутаттары тапшырды.

Шаар мэри куттуктоосунда: «Манас шаарынын ардактуу атуулу» наамы — бул жөн гана сыйлык эмес, бул — элдин терең ыраазычылыгынын, эмгекке берилген жогорку баанын жана шаардын алдындагы өзгөчө эмгектин белгиси.

Сиздердин көп жылдык үзүрлүү эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана коомго кошкон салымыңыздар кийинки муундар үчүн үлгү. Сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен, шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз,”- деп белгиледи.

Эске салсак, 65 жаштан жогорку курактагы «Ардактуу атуулдарга» жергиликтүү бийлик тарабынан жыл сайын Карылар күнүнө карата акчалай белек берилет.

Учурда Манас шаарында 275 «Ардактуу атуул» бар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17