Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ӨЗГӨЧӨ ШАРТТА ЭСКЕРИЛГЕН АТА-БАБАЛАР

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата:  ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ӨЗГӨЧӨ ШАРТТА ЭСКЕРИЛГЕН АТА-БАБАЛАР

 2,191 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын Жалал-Абад шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорунда карантиндик эрежелерди сактаган шартта белгилешти.

Жалал-Абад шаардык мэриянын маалымат борбору маалымдагандай, анда ата-бабалардын эрдигин даңктаган ырлар жаңырып, жашоочулар согушка катышкан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп турушту.  Алгач калаа мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев шаардагы Жеңиш эс алуу багына барып өчпөс отко гүл коюшту. Андан соң көп кабаттуу үйлөрдө өткөн майрамдык эскерүүгө катышышты. Мында жеңиш күнү менен  тургундарды калаа мэри Мураталы Тагаев куттуктады.  

“Биздин ата-балаларыбыз адамзатына туш келген эң бир оор мезгилдерди башынан өткөрүп, кан майданда салгылашып жеңишти камсыздашты. Жыл сайын 9-май бүткүл союздаш өлкөлөр менен катар кыргызстандыктар үчүн да маанилүү күнгө айланган. Анда согуш ардагерлерибизге сый-урмат көрсөтүп, ыраазычылыгыбызды билдирип келебиз. Бул жылкы майрам жылдагыдай салтанатта, узун элдин катышуусундагы өлбөс полк жүрүшү менен коштолбосо да, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы биздин ар бир замандашыбыздын жүрөгүндө деди”,М. Тагаев.  

Аталган иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаадагы “Славян” диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте уюштурган.

Бул жылы Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына карата республикалык бюджеттин эсебинен  ар бир ардагерге 75 миң сомдон акча каражаты бөлүнгөн. Аны менен бирге калаа казынасынан да согуш ардагерлерине 20 миң, концлагердин туткунуна 15, ал эми оруктун каармандарына 10 миң сомдон акча каражаты берилди.  

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 5 гана ардагер калды. Алардан экөө согуштун катышуучусу, бир концлагердин туткуну жана эки ооруктун ардагерлери.



Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17