Аймак

БАТКЕНДЕ АБАЛ ТЫНЧ ЭМЕС!

БАТКЕНДЕ АБАЛ ТЫНЧ ЭМЕС!

 1,306 Бардыгы /

БАТКЕН. 8-майда, Улуу Жеңиш майрамынын астанасында, Баткен жергесинде ок атылды. Коңшу Тажик чек арачылары бит Кыргыз жараны, ошондой эле үч Кыргыз жоокерин жарадар кылышты.

– Баткен районуна караштуу Көк-Таш айлынын тургунунун абалы гана дурус. Ал бир сыйра медициналык кароодон өткөрүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлдү, – деди Саламаттыкты сактоо Министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору кишинин аты Арзыбек Бөрүбеков. – Эки жоокердин денесинен октору алынды. Абалдары азырынча дурус эле. А үчүнчүсүнүн акыбалы, чындыгында, өтө оор. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын омурткасында дагы бир ок бар. Мындан тышкары жүлүнү аёосуз жабыркаган.

Абдрасул Мажитов – Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну. Байбичеси Шааба экөөлөп 11 баланы ушул жерде эле үйлөп-жайлашкан. Акыры кенже уулуна короосунун чекесинен тилке ажыратып, банктан насыя алып, үй дагы салып беришкен. 8-майда кечке жуук Тажик жарандары жөнсүз эле жер талашып, курулуп бүткөн үйдү ээлеринин көзүнчө өрттөшүп, а түгүл биротоло күлгө айландырышты.

– Дал ушул аймактан Айыл Өкмөтү бизге 1990-жылы жер тилкесин энчиленген, – дейт Баткен районундагы Көк-Таш айлынын тургуну Абдрасул Мажитов. – Айыл Өкмөтү биздин макулдугубузсуз эле биздин тилкебиздин жанындагы бош аянтты Тажик жаранына жең ичинен соодалап ийиптир. Мунусун кайдан билмек элек? Балдарымды үйлөп-жайлап тынч эле жашап келатканбыз. Дагы Кудай Сактады. Мага дагы аз жерден атылган ок тийбей калды. Жашым 80ден ашты. Заматта моминтип башпаанесиз калдым. Эми кайда барып жансактайбыз, эй?

Айтмакчы, адегенде Тажик жарандары жергиликтүүлөрдөн “Көк-Таш кыштагынын чекесиндеги төрт гектар жерди бошотуп койгула? Эккен эгиниңерди жыйнаштырып кеткиле!” деп каттуу талап кылышкан. Жергиликтүүлөр буга таптакыр моюн сунушпаганда, тигилер моминтип Абдрасул Мажитовдун уулунун үйүн өрттөп жатышпайбы.

-Айланайындар, татынакай килемдерим бүт күйүп кетпедиби! -деп озондоп ыйлады Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургуну Шааба апа Мажитова. – Ал эми неберелерим кийим-кечесиз жыпжылаңач калышты. Бул үйүбүздү мен кол менен килем согуп, аларды базарда соодалап, ошонун акчасына тикеледик эле. Мындан тышкары олчойгон кредит дагы алганбыз. Эми кантебиз, ыя?

Баткен районунун акими Каламбек Маркаев Тажикстан талашкан аянтты кыргыз жарандары илгертен эле байырлап келатышкандыгын ырастады: – Көк-Таш айлындагы бош жаткан аянттарды жердештерибиз илгертен эле пайдаланышчу. 20-30 жылдык бактарыбыз бар. Тажиктер ушул аянтты эле талашкан жери жок! Буга дейре башка жерлерибизге дагы көз артып көрүштү. Бирок, анысынан майнап чыкпаганда, моминтип Көк-Таш кыштагында кыргыздын үйүн атайлап өрттөп жатышпайбы.

Баткендеги чек ара чатагынан кийин вице-премьер министр Акрам Мадумаров, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажик кесиптештери менен түштүк жергесинде жолугушту. Кездешүү маалында ачуу сөздөр айтылганы менен – иш жүзүндө эки тарап бир-орто пикирге келе алышкан жок.

Бул арада Ата Мекендик серепчилер “Мамлекеттик Чек Ара кызматын токтоосуз Баткенге көчүрүү абзел!” деп үстөкө-босток коңгуроо кагып жатышат.

– Баткенде жалгыз эле чек ара башыбызды оорутуп жаткан жери жок! – деп тызылдады Жогорку Кеңеш депутаты Карамат Орозова. – Коңшулар менен жайытыбыз жана суубуз дагы жалпы. Андыктан, бош жаткан аянттарды Кыргыз Өкмөтү токтоосуз трансформациялап, бул жерлерге жергиликтүү калкты катарынан отуруштактыруу абзел! Буга улай Баткенчилерге үй салуу үчүн үстөк пайызы аз насыяларды дагы таратканы оң. Ошондо гана чек ара көйгөйүнөн биротоло кутулабыз.

Эң эле кейиштүүсү: Кыргыз Өкмөтү “Мамлекетти Өнүктүрүү Программасында Баткен районунун тургундарына ссуда таратуу маселеси киргизилген эмес!” деп опоңой эле кутулуп келатат. Бул кебетесинде бүгүнкү чыр дагы эле узакка уланчуудай… Анда кантебиз?

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Баткен облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17