Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,460 Бардыгы / Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты. 24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган. Кыргызстандын […]
1,461 Бардыгы / Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты. 24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган. Кыргызстандын […]
МОЙНОКТОГУ ЧЫРДЫ ЭКИ ӨЛКӨ ӨЗ АЛДЫНЧА ИЛИКТЕЙТ
26.05.2020 / Автор aymak

1,462 Бардыгы /
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты.
24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, жаңжалга Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары малын Ак-Сай айыл аймагынын жерине айдап келгени түрткү болгон. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок чыгарышкан. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес.
Окуядан көп өтпөй эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, жаңжал жайгарылган. Баткен районунун акими Каланбай Маркаев окуяны эки тарап өз-өзүнчө иликтей баштаганын айтты.
«Сүйлөшүүлөр 24-майда болду. Чек арачылар гана сүйлөштү. Биз тараптан №2022 чек ара отрядынын командири, тажик тараптан Исфара району боюнча чек ара командири келди. Окуя боюнча эки тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду. Жаңжалдын чыгышына тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына малын жайганы себеп болгон. Кыргыз чек арачылары 23-майда тажик атуулдарына 200 баш малды айдап келгени үчүн эскертүү беришкен экен. Ага карабай 24-майда кайрадан 60 баштай мал жайышкан. Кыргыз чек арачылары аларды тоскондо тажик чек арачылар келип, ортодо атышуу болуп кеткен».
Кыргыз тарап аймагына кошуна өлкөнүн жарандары малын жаюуга тыюу салган мыйзамына таянып, чек арага жакын жайыттардын кире беришине блокпосттор орнотулган.
Жекшембидеги окуядан кийин эки өлкө эки башка мазмундагы расмий билдирүү таратты.
«Азаттык» радиосунун тажик кызматы жазып чыккандай, Тажикстандын Чек ара кызматы Кыргызстандын малчылары өлкө аймагына кирип кеткенин билдирип, кыргыз чек арачылары жергиликтүүлөргө ок атканын кабарлап, бир аскери бутунан жараат алганын маалымдаган.
Дүйшөмбүнүн билдирүүсүндө “кыргызстандык чек арачылар аткан октон катардагы жоокер, 2001-жылы туулган Давлатёр Зоиров жараат алды”, – деп айтылат.
Кыргызстандын Чек ара кызматы буга таң калуу менен жооп кайтарып, акыркы убакта тажик тарап чек арадагы абалды атайын курчутуп жатканын билдирди.
«Чек ара кызматы бул чыр-чатак боюнча Тажикстандын Чек ара аскерлеринин пресс-борбору жарыяланган билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алды. Мындай импульсивдүү билдирүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чыр-чатактардын күчөшүнө кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдү чагымга түртөрүн тажик тарап түшүнүшү керек. Кыргыз тарап Тажикстанды чек ара маселелерин коңшулук мамилелерди сактоого, эл аралык укукка жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жетишилген чечимдерге ылайык гана чечүүгө чакырат», – деп айтылат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.
www.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВ ЖОЛУНДА ЖАРДЫРУУ УЛАНУУДА!
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ
-
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА 42 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ АЙМАКТА ЖАН САКТАЙТ
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.