Аймак

МЕКЕНДЕШТЕРДИН КАРАНТИНДЕГИ АБАЛЫ

МЕКЕНДЕШТЕРДИН КАРАНТИНДЕГИ АБАЛЫ

 2,042 Бардыгы /

Мекенинен алыста жүргөн убакта мынтип кулачын жайган илдеттин айынан карантин болуп, жумушсуз же акчасыз калган мигранттардын көйгөйү көкөйдү кесип турган чагы. Дүйнөнүн булуң-бурчуна жакшы жашоо издеп кеткен кыргыз жарандары пандемия учурунда көп болбосо да кыйла эле кыйналганы маалым. Карантин боордоштордун жашоосуна, жумушуна таасир тийгизгени айдан ачык белгилүү. Андыктан мекендештердин абалы тууралуу төмөндө учкай кеп кылабыз.

Көп жылдан бери Орусияда эмгектенген Батма СУЛТАНОВА өз мекенине баралбай жатканын айтып кейиди.

-Сузак районунун Канжыга айылынан келип, азыр Москва шаарында мигранттардын катарын толуктап эмгектенип жүрөбүз. Ошол эле учурда коронавирус илдети бизге чоң сокку болду. Күтүлбөгөн нерселердин болуп жатышы бизди аябай таң калтырды. Чет өлкөдө жүргөн жарандар, айрыкча мигранттар аябай кыйналышты. Кыйналганынан көз жашын төгүп, Россиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө барып кезекке тура албай жаткандар да арбын. Биз жүргөн, иштеген  жерлерде көбүнчө өзбек, тажиктер да бар. Аларды өз мамлекетинен алып кетишти, бир гана кыргыздар калдык. Азыр эч кандай эркиндик жок, кысымда жүрөбүз. Мурдагыдай өз оюңду толук аткара албай, айла жок жетекчиң айтканды гана аткарып жүрөсүң. Айлык маяналарыбыз кыскарды, сыртта пропуск менен да көпкө жүрө албай калганбыз. Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кайрылган адамдар көп эле болду. Бирок эч кандай натыйжа жок. “Силер ал жакка кетүүгө шашылбагыла. Силерге кезек жете элек”- деген гана жооп беришет. Айрыкча кыргыздардын кыйналып жатканы өкүндүрөт. Жумушу жоктор аябай көп, ар жерде күнүмдүк иштеп жан багып жаткандар дагы жок эмес. Бир эле кыргыздар эмес, жалпы эле мигранттар ушундай кыйынчылыкты баштарынан өткөрүп жатышат. Карантин башталганына чейин мындай болорун билбей келип алган мигранттар да бар. Алар ишке кире албай, жада калса документтерин да бүтүрө албай калышты. Кээде эмнеге Кыргызстанда жумуш орундары, жакшы жумуштар жок деп ызаланабыз, ыйлайбыз. Өз өлкөбүздө иштегенибизге эмне жетсин? Өзүбүздүн мекенге жете албай эки көзүбүз төрт болуп олтургандыгыбыз абдан өкүндүрөт.

Улуу Британиядагы мекендешибиз Элвира ИСМАЕВА карантиндин айынан үй-бүлөсүнө жолуга элек.

-Мен өзүм Сузак районундагы Октябрь айылынан болом. Көп жылдан бери Кипр жана Түркияда жашап келебиз. Жолдошум Түркиянын Измир шаарындагы Катип Челеби атындагы университетте түрк тили жана адабияты кафедрасында профессор болуп эмгектенет, ал Аксыдан болот. 1 уул, 2 кызыбыз бар. Негизи Түркияда университетте иштечүмүн. Ал жакта университеттердеги экинчи билим берүү тили англисче. Чынын айтканда профессионалдык жактан өсүүнү кааладым.

Ошентип Англияга, Ковентри шаарына келип калдым. Биздин аймакты жалпысынан Батыш Мидленд (West Midlands) дешет. Анын ичинде Кавентри-Уорикшир деген жердебиз. Жалпы жонунан англис тилин үйрөтүү боюнча жаңы ыкмалардын илимий негиздерин үйрөнүп жатабыз десем болот. Жолдошум, бала-чакам Түркияда. Эки өлкө ортосунда арзан баада билет саткан лоукостер аба жолдору болгону үчүн тез-тез каттап барып турчу элем, тилекке каршы коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам март айынан бери үйгө бара албай жатамын. Азыр окуу дээрлик бүтүп калды, буюрса жол ачылып калса үйүмө кайтсам деген ойдомун.

Негизи Англия башка Европа мамлекеттерине караганда бул маселеге негедир “жеңил ойлуу” карады. Италия, Испанияда ооругандардын саны күн сайын 4-5 миң болуп жатканда Англияда балдар бакчалары, мектептер, университеттер иштеп жаткан. Тилекке каршы, Англияда оорулуулардын саны күндөн күнгө өсө баштагандыктан апрель айында бардык окуу жайларын жаап, карантин киргизгенге туура келди.

Университеттер жабыла баштап, окуу онлайн улана турганы белгилүү болгондо Түркияга кайтайын деп билет алган болчумун. Бирок Түркия да дароо бир күндүн ичинде Улуу Британия менен аба каттамын үзүп салды. Мага окшогон миңдеген киши ара жолдо калып калды. Жашаган жерим болгону үчүн бул учурда турай жай маселеси көйгөй болбоду.

Университетибиз Big Blue Button деген онлайн видеоконференция системасын колдонот. Интернет байлашышы жакшы болгондуктан кадимкидей эле сабак өтүп жаттык. Негизинен окууга келгеним үчүн карантин бир жактан мен үчүн убактымды туура колдонууга жардам берди десем болот. Долбоорлорду учурунда, жогорку деңгээлде жазганга үлгүрдүм. Анын үстүнө жаз мезгили Англияда өтө кооз экен. Интернеттин бир жакшы жагы байланыштын кол астыңда болгону экен. Күн сайын үй-бүлөң менен 4-5 жолу сүйлөшүп көрүшүп турсаң, балдарыңдын да алыста экенин сезбейт экенсиң.

Ковентри шаарында болсо дүйнөнүн эң алдыңкы университеттеринен Ковентри (Coventry)жана Уорик (Warwick) жайгашкан. Чет өлкөлөрдөн өзгөчө Кытайдан келген студенттердин саны арбын, ошол себептен улам коронавирус эң башта университетте окуган студенттерден чыкты. Акырын жайыла баштады. Азыркы учурда тилекке каршы биздин аймакта бул илдеттен каза болгондордун саны 820 кишиге жетиптир. Карантин учурунда соода борборлору, окуу жайлары, музейлер, тамактануу жайларынын баары жабылды, бирок азык-түлүк дүкөндөрү, оорукана-поликлиникалар кадимкидей эле иштеп жатты. Негизи Улуу Британия өкмөтүнүн форс-мажордук абалда башкаруу принциптери белгилүү экен, андыктан карапайым киши катары карантиндин эч кандай оорчулугу сезилбеди.

Ал эми Түркиядагы окуп жаткан Эльмар БАТЫРОВ бул өлкөдө көчөгө чыгууга жаш курагына карап чектөө киргизилгендигин айтат.

-Мен Жалал-Абад шаарындагы №14 инновациялык мектеп-лицейин 2017-жылы бүтүргөндөн кийин, Түркия Республикасынын мамлекеттик стипендиялык программасын жеңип алып, азыркы учурда Коджаэли университеттинде эл аралык мамилелер факультетинде жогорку билим алып жатам. Март айынан баштап өлкөнүн бүтүн университеттери дистанциялык билим берүүгө өтүшкөн. Ошондуктан жатаканада эле калып, онлайн системасы менен сабактарды окудум. Негизинен бош убактым аябай көп болду. Ошол үчүн менин окуу программамда жок болгон, бирок тажрыйбама чоң салым кошкон интернеттен жаңы курстарды баштадым. Менин шаарымда жашаган кыргызстандыктар аз, негизинен студенттер. Баарыбыз мамлекеттик жатаканада жашап жатабыз. Эрежелер боюнча 1-июнга чейин көчөгө чыга албайт элек. Эч кандай кыйынчылыктар болбоду, анткени бул жакта бекер тамактанып, бекер жашап 2 ай бою жашообуз коопсуздукта өттү. Ал эми башка жарандарыбыз жөнүндө айта албайм, себеби так маалыматым жок. Албетте көпчүлүгү жумушу жок калышты. Биздин элчилигибиз ишин жакшы аткарып, Кыргызстанга аба каттамдарын түзүп беришти. Каалагандар өлкөбүзгө кайтышты. Бул пандемия негизи Түркиянын туризм секторуна таасир этет. Ошол үчүн жайында бул жакта иштегенге пландап жаткан мекендештерибиз ыңгайсыз абалга түшүп калышты. Түркияда илдетти чектөө үчүн 65 жаштан чоң жана 20 жаштан кичүү тургундарга сыртка чыгууга тыюу салынган. Бул мамлекетте эрежелерди жакшы сактап жатышат. Албетте калк көп убакытка үйүндө олтура албайт. Азыркы учурда көчөлөр элге толуп кетти. Пандемия жок болгондой эле сезилет. Жакында баары аман-эсен бүтүп, адамдар эркин жүрө алышат деп үмүттөнөм.

Учурда Кытай Эл Республикасында окуп жаткан Бактыгүл МАЙРАМБЕКОВА бул жакта тартип катуу дейт.

Аксы районунун Кара-Жыгач айылынан илим издеп бул жакка келип калдым. Азыр Фужиен провинциясынын Фучжоу шаарында жашап, Минжианг университетинде окуп жатам.Вирустун булагы бул жактан башталганы үчүн көптөгөн жоготууга жана чыгашаларга биринчи болуп Кытай кезиккени маалым. Деги эле баарыбыз байкагандай адамзат башына күтүүсүз келген бул апаат, көпчүлүктүн көзүн ачты. Өзгөчө эмитеден өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бир топ маселелерди жаратты. Жүрөк үшүн алган бул илдет өлкөбүзгө да жетип барды. Бул жактагы абалга токтоло кетсем, иштегендер жана студенттердин көбү пандемия башталганда Кыргызстанга кайтып үлгүрүштү. Кээ бири башка мамлекеттер (Россия, Дубай ж.б)  аркылуу мекенге кайтышты. Ал эми кетпей калган студенттердин дээрлик баарын окуу жайлар өз камкордугуна алды. Жеке менин окуу жайымда тамак-аш менен камсыздап, күн сайын медициналык текшерүү иштерин жүргүзүп жатты. Ошол себептүү чет өлкөлүк студенттердин ооруну жугузуп алган учурлар катталган жок. Мигранттар жокко эссе, себеби баары Кыргызстанга кайтып кеткени үчүн жумушсуздук же башка көйгөлөр байкалган жок. Ошондой эле пандемия учурунда эч кандай башаламандыктар орун албады. Кытай эли бийликке, мамлекетке ишенүү менен алар койгон талапттарды так аткарып, тартипти сактоо менен каратинди өткөрүштү. Атайын жеткирүү кызматтары ишке кирди жана күнүмдүк азык-түлүктөрдү акысыз жеткирип берип жатты. Бул жакта калгандардын көпчүлүк бөлүгүн студенттер түзгөндүктөн орчундуу деле маселелер болгон жок. Учурда баарыбыз онлайн окуп жатабыз. Бүтүрүүчү курстар окуу жайга барып дипломдук иштерин жакташууда.

Ал эми Германиядагы мекендешибиз Айгуль НУРМАМАТОВАНЫН айтымында чартердик каттамдардын билет баасы кымбат болуп, айрым мекендештер өлкөбүзгө кайта албай калышкан.

-Өзүм Сузак районунун Кара-Дарыя айылынан болом. Азыр Германиянын Любек шаарындамын. Абалга жараша карантинди да бул жактан өткөрдүк. Жашоо бир топ эле кыйын болду, көпчүлүгү жумушсуз калышты. Кайра мекенге кетейин десе каттамдар токтотулган. Казакстан жана башка өлкөлөр өздөрүнүн жарандарына чартер жөнөтүп жатышты. Ал эми биздин кыргыз жарандары Европа боюнча кете албай калышты. Жакында эле Кыргызстан чартер жөнөткөн, бирок анын билет баасы 1000$ болчу. Болгону 59 киши кетти, ал эми карантин болуп иштебей калган мекендештерибиздин билетке каражаттары жок болуп калды, алардын көпчүлүгү студенттер эле. Жогоруда айтылгандай башка мамлекеттер өздөрүнүн жарандарын атайын чартердик каттамдар менен алып кетишти. Бирок биздин студенттер Жогорку Кеңешке көп кайрылууларды жолдоду, жеке ишкелер менен сүйлөшүп жатышты, бирок андан эч натыйжа чыкпай жатты. Акырында чартер жөнөтүлдү, ал менен да кете албай калгандар эмне болгондугу тууралуу кабар келген жок. Чынында көпчүлүк студенттердин жана башка иштегендердин жумушу убактылуу токтотулбай эле биротоло жумушсуз калышты. Мен жүргөн аймакта оору көп катталбады. Коюлган шарттарды бузбай жүргөндүктөн вирустун жайылышын көзөмөлдөй алды. Дүкөндөрүндө азык-түлүктүн баасы көтөрүлбөдү. Жергиликтүү калктын айтышы боюнча бир жолу колдонулуучу беткаптардын баасы болгону 0,70€ (70 тыйын) болчу экен. Вирус жайылгандан тарта бул беткаптар  2-3€го чейин кымбаттады. Карапайм калк, анын ичинде мигранттар ошол себептен кичине кыйналып калышты, бирок эл айласын тапты. Үйдөн өздөрү беткап тигип баштады жана колдо тигилген беткаптар 5€дон сатыла баштады.

Түркия мамлекетинде жүргөн Азис Алкановдун айтымында жумуш издеп баран жарандар үчүн күтүүсүз жагдай жаралган.

-Карантин маалында көпчүлүк адамдар сыяктуу убакытты туура пайдалануу менен эле алекбиз. Карантинге чейин түркчө китеп которуп жаткан элем. Карантинде толугу менен бүтүрүп дагы да кошумча китептерди окуп, өзүмдү өнүктүрүүгө убакыт бөлдүм. Карантин маалында  өздөрүн өнүктүрүү максатында онлайн курстарга жазылып сабак алып жаткан мекендештерибиз да бар. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибиз карантинде тууган уруктары, балдары  менен да сүйлөшүп баарлашуу  мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Карантин башталганда калк көп деле маани берген эмес. Аз убактын ичинде вирустун жайылышынан кийин олуттуу мамиле кыла башташты.

Түркияга жумуш издеп келген мекендештерибиз карантин маалында кыйналып жатышат. Акчалары түгөнүп  жумушсуз калган мекендештерди батирлеринен да чыгарып койгон учурлар кездешүүдө. Түркияга келип иштеген мигранттардын көпчүлүгү үй кызматкерлери болуп иштегендиктен  аларга кандайдыр бир көйгөй жаралган жок. Ал эми туристтик сезон үчүн келген мекендештерибиз үчүн карантин чоң көйгөйдү жаратууда десем болот.

 Түркиядагы элчилик жумушсуз калган мекендештерди Кыргызстанга алып кетүү үчүн  чартердик рейстерди уюштуруп, сыртта калган мекендештерге жардам көрсөтүшүүдө. Кыргызстандан туристтик сезон үчүн жана кафе ресторандарга иштөө үчүн  келген мекендештерибизге күтүлбөгөн көйгөй жаралды. Көпчүлүгү чартердик рейстер менен кайтып кетишти, бирок дагы да үмүтүн үзбөй жүргөн мигранттар бар. Ал эми туристтик сезон июль айында ачылышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда. 

Карантин башталганда эле чоң шаарларга кирип чыгуу жолдорун жаап салышкан.  Элчилик тарабынан уюштурулган чартердик рейстерге көпчүлүк мигранттар жетише албай калышты. Түркиядагы консулдуктардын шалаакылыгы мигранттардын көйгөйлөрүн  чечүүдө  жигердүү иштебей жаткандыгы кейиштүү.  Өзгөчө Стамбул консулдугунда көйгөйлөр жаралууда, мигранттарга туура маалымат берилбей, көпчүлүк орчундуу маселелерди көмүскөгө алып коюшууда.  Жумушсуз калган жана жардамга муктаж болгон мигранттарга Кыргызстан Жаштар Федерациясы тарабынан да жардамдар көрсөтүлүүдө.

Мигранттардын чет жерде мекенге кайта албай калышы өтө эле кейиштүү көйгөй десем болот. Өлкөбүз биринчилерден болуп мигранттарга көңүл буруп олуттуу мамиле кылышы керек эле. Бирок андай болгон жок да мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүдө керектүү  иш чаралар жүргүзүлгөн жок. Бийликтин шалаакылыгынан улам дүйнө элдерине жана коңшу элдерге да уят болдук. Бийлик элибиздин ишеничинен да кетти десем болот.

Америкада жүргөн мекендешибиз Жазгүл КОЧКОРОВА мамлекет тарабынан чет өлкөлүк жарандарга дагы материалдык жардамдар көрсөтүлгөнүн айтат.

-Мен учурда Америкада Нью-Йорк шаарында жашайм. Бул жакка өткөн жылы гана окууга келип, Колумбия университетинде магистратураны бүттүм. Илдетке байланыштуу биздин бүтүрүү кечелерибиз да онлайн форматта өттү. Карантин марттын ортолорунда башталды. Бүт окуу жайлар жабылып, 9-марттан баштап онлайн форматка өттүк. Ал эми 16-марттан тарта окуу жай эки жумалык тыныгуу бермек болгон. Ал убакытта  бакалаврда окуган студенттерди үйлөрүнө жөнөттү, ал эми биз магистратураны бүтүп жаткандыктан окуу жайдын атайын студенттер үчүн даярдалган бөлмөлөрүндө жашадык. Бизде көп сабактарыбыз группа менен өтүлө турган болгондуктан, карантин убагында аябай кыйналып кеттик. Себеби  группалаштарыбыз же мугалимдерибиз менен бетме-бет жолуга албадык. Мен окуган факультетте 50%ы чет өлкөлүк жарандар эле,  көпчүлүгү мекенине кайтып кетишти. Биз бул жакта калууга мажбур болдук, себеби Кыргызстан башка өлкөлөр менен байланышын жаап койду.

Коронавируска байланыштуу жумуштар токтоп, жаңыдан ишке киргендер жана иштегендер үчүн да бир топ таасирин тийгизди. Нью-Йорк ооругандардын саны боюнча, бир убактарда каза болгондордун саны боюнча да алдыда бараткан. Өзгөчө апрелдин аягы май айынын башында ушундай абал болду. Биз ал убактарда эки же үч жумалап үйдөн такыр чыга албай, эч көчөгө чыкпадык.

Бул жакта жүргөндүн жакшы жери Американын жараны болсоң же жараны болбосоң деле салык төлөп, декларациясын тапшырсаң мамлекет өз жардамын берет. Биз дагы былтыры келип бир жыл жашаганыбыз үчүн салык декларацисын тапшырган элек. Анын негизинде жолдошум экөөбүз 1200 доллардан каражат алдык. Өзүбүз студент болуп жүргөнүбүз үчүн мындай жардам алганыбызга аябай сүйүндүк.

Дагы бир жакшы жагы жергиликтүү калк бардык айтылган тартиптерге бекем карманып, позитивдүү жүрүштү. Элдер балкондорунан чыгып, коронавирус менен күрөшкөн адамдарга ыраазычылык билдиришип, кол чабышып турушат эле.  Буйруса, ооругандардын жана каза болгондордун саны да азайды. Ошондуктан Нью-Йорк шаарында иштер акырындан жүрө баштады. Кыргызстандагыдай дароо эле карантин токтоп, иштеп кеткен жок.

Кытайда окуп жүргөн Жылдыз Токтобай кызы окуу жайда калган студенттер үчүн азыркыга чейин кампустан чыгууга уруксат бериле элек дейт.

– Азыркы учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында, Чжэцзянь университетинде магистратурада окуп жатам. Чынында, бул пандемия тынч жаткан дүйнө жүзүнүн бир заматта айласын кетирди. Эркиндигибиз чектеле түшкөндөй эле болду.Кытай өлкөсү бул соккуга биринчи кабылгандыктан, башында бир топ эле кыйынчылыктар болду. Бирок, бул мамлекетинин кандай гана кыйынчылыкка дуушар болбосун, өтө тездик менен чече билгени мени дагы бир жолу таң калтырды. Негизи декабрдын аягында башталганы менен, мен турган шаарда январдын жыйырмаларынан тарта чыга баштаган. Февраль айынын башынан тарта бизге кампустан сыртка чыгууга тыюу салган. Күн сайын (азыркы күнгө чейин)  ден соолугубуз боюнча отчёт берип турдук.  Атайын “ден соолук QR коддун” иштеп чыгышып, ошол коддор менен гана магазинге кирип чыгуудабыз.

Кытайда баарыбызга белгилүү болгондой эле мыйзам катуу иштейт. Мамлекет тарабынан чыккан ар бир чечимди калк эч кандай каршылыксыз аткарышат. Бул жактагы мигранттар деле бул системага көнүп калышкан. Карантин учурунда азык-түлүк магазиндери, жана аптекалар гана иштеп атты. Ар бир үйдөн бир гана кишиге сыртка чыгууга уруксат беришкен. Бул жакта жеткирип берүү кызматы жакшы өнүккөн үчүн көп деле кыйынчылык байкалган жок. Кирип-чыгууда дайыма жогоруда айткан коддор менен, интернет аркылуу кайда барганын тууралуу текшерип турушту. Ал эми университетте калган чет элдик студенттер үчүн азыркы күнгө чейин кампустан сыртка чыгууга уруксат бериле элек.

Учурда, ара жолдо калган мигранттарыбыз  тууралуу, интернетте абдан көп сөздөр айтылууда. Негизинен аларды да түшүнсө болот, анткени мындай учурда эң биринчи ата-энең, жакындарыңдын жанында болгуң келет экен. Бирок, аба каттамдары, чек аралар жабылды деген соң жолго чыгышканы, өздөрүн дагы мамлекетти дагы кыйын абалга салды. Айтайын дегеним, мигранттар үчүн түзүлгөн жеңилдиктерден пайдаланышып, карантин эрежелерин сактап, бир аз сабырдуулук менен күтө турсак жакшы болот эле. Бул жапырт дүйнө элинин көйгөйү болуп жаткан соң, биримдик, сабырдуулук менен гана, өзүбүздүн жана жакындарыбыздын ден соолугуна кам көрүү менен жеңип чыга алабыз.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”  

  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17