Аймак

ФЕРМЕРЛЕРДИН ЗООВЕТЕРИНАРДЫК БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

ФЕРМЕРЛЕРДИН ЗООВЕТЕРИНАРДЫК БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 1,035 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 26-апрель күнү Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагында «Жайыт комитетинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу жана малдан адамга жугуучу оорулардын алдын алуу» аталышындагы микротренинг болуп өттү.   

Аталган иш-чара КРдинн Президентине караштуу Мамлекетик башкаруу академиясынын Борбор Азиядагы ири өнөктөшү Ханнс Зайдель фондунун колдоосу менен өтүп, АРИСтин Базар-Коргон району боюнча эксперти Д.Арзикулов тарабынан уюштурулду. Иш-чарага айыл аймактын ири фермер чабандары, ветдарыгерлер, айыл башчы, айыл бийлери, жайыт комитетинин мүчөлөрү жана айыл активдери катышты.

Тренингдин максаты – чарба жүргүзүүчүлөрдүн мал чарба продукциясын өндүрүү технологиясы боюнча малды жана кушту багуу жана тоюттандыруу боюнча зооветеринардык билиминин жогорлатуу, фермерлердин финансылык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу болуп эсептелет.

Тренингдин катышуучуларына Ханнс Зайдель фонду тарабынан малдан адамга жугуучу оорулардын түрлөрү жана сактануу боюнча окуу куралдары берилди. Уюштуруучулардын айтымында тренингге катышкан жарандар алган билимин айылдарда жайылтууну колго алышат жана күнүмдүк турмуш тирикчиликте колдонушат. Катышуучулардын белгилөөсүндө айыл аймактын тургундары негизинен мал чарбачылык жана айыл чарба тармагы менен алектенгендиктен микротренинг өтө пайдалуу жана азыркы күндүн эң бир актуалдуу темасы экенин белгилешти. Тренингдин соңунда малдын санын кыскартуу жана сандан сапатка өтүү, мамлекет тарабынан берилип жаткан ваксиналар боюнча кызуу талкуулар менен коштолду.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17