Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ОБЛУСТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕГИ КООПСУЗДУКТУ МИЛИЦИЯ КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

ОБЛУСТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕГИ КООПСУЗДУКТУ МИЛИЦИЯ КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

 15 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн 15-сентябрда Жалал-Абад облусунда 470тен ашуун мектеп окуучуларды кабыл алды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, биринчи коңгуроо кагылып, мектептер ак көйнөк кийген окуучулардын шаңына бөлөндү. Бул күнү билим уяларындагы коомдук тартипти 700гө жакын милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышты. Азыркы учурга карата Жалал-Абад облусунун аймагындагы билим берүү жайларында абал тынч жана майрамдык иш-чара учурунда одоно тартип бузуулар катталган жок.

Майрамдык салтанат учурунда милиция кызматкерлери мектептерде сөз сүйлөшүп, окуучуларды татыктуу билим алууга чакырышты. Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен класстарда жолугушуп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле кылмыштуулуктан алыс болуп, себепсиз мектептен калбоого, мекенди жана спортту сүйүүгө үндөштү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17