Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
733 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусундагы Орто-Боз Айыл Өкмөтүндө аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланышкан жыйын аяктады. Бул иш-чарага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев, УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү калк активдүү катышты. Атайын жыйын маалында Тажикстандан […]
734 Бардыгы / БАТКЕН. Баткен облусундагы Орто-Боз Айыл Өкмөтүндө аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланышкан жыйын аяктады. Бул иш-чарага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев, УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү калк активдүү катышты. Атайын жыйын маалында Тажикстандан […]
БАТКЕНДЕ ЭМИ АТКЕЗЧИЛИККЕ КАРШЫ АТАЙЫН ТОПТОР УЮШУЛАТ
11.10.2021 / Автор anarkan_kg

735 Бардыгы /
БАТКЕН. Баткен облусундагы Орто-Боз Айыл Өкмөтүндө аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланышкан жыйын аяктады. Бул иш-чарага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев, УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү калк активдүү катышты.
Атайын жыйын маалында Тажикстандан аткезчилик менен жүзүм ташып келе жатып кармалган кыргызстандык айдоочуларды алып келишип, алардын аракетин бийлик өкүлдөрү катуу сынга алышты. Себеби, ушул жылдын 6-октябрында Баткен районунун Жаңы-Бак аймагында Тажикстандан 22 тонна жүзүм ташып келаткан жети автоунаа кармалган. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, жүзүмдүн жалпы наркы 3 милион 650 миң сом деп бааланууда. Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу Өкүлү Абдыкарим Алимбаев аткезчиликтин жолун бууш үчүн элдик кошуун, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн куралган атайын топторду дагы түзүп, чек ара өткөрмө бекеттерин уюштурууну сунуш этти. Быйылкы апрель айынын соңунда чек арадагы жаңжалдан кийин жергиликтүү эл арасында коңшу өлкөгө аткезчиликти токтотуу талабы күчөгөн. Мыйзамсыз аракетти көзөмөлдөө үчүн атайын элдик кошуун дагы түзүлгөн. Тилекке каршы, калк арасында аткезчилик дагыле токтобой жаткандыгы айтылып келатат.
Быйыл 8-апрелден 1-майга чейин созулган Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам бейажал набыт тапкан. А түгүл кошуна эки өлкө муну үчүн бири-бирин айыпташып, буга удаа кылмыш иштерин дагы козгошкон. Акырында Кыргызстан коңшу өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан эле.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат. Талаштуу тилкелердин дээрлик бардыгы калк жыш жайгашкан аймактар. Анда жашаган эки эл өз ара соода-сатык алакасын тынымсыз жүргүзүп келишкен.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
-
01.02.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КЫРСЫГЫ БИР ҮЙДҮ ЖАЛМАДЫ
-
03.09.2024 / Автор anarkan_kg БИЛИМДҮҮ АДАМ КОР БОЛБОЙТ!
-
-
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.