Аймак

АЛАЙ РАЙОНУНУН ГҮЛЧӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

АЛАЙ РАЙОНУНУН ГҮЛЧӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ БИРИНЧИ ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

 51 Бардыгы /

БИШКЕК. Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында Кыргызстанда “Эң мыкты Айыл Өкмөтү” сынагы уюштурулган. Президент Садыр Жапаров I орунду багындырган Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаевдин колуна жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде 1 500 000 сомдук сертификатты тапшырды.

Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүн шарты абдан катаал аймактардын сабында турат. Ошентсе дагы, кыска аралыкта социалдык жана эконмикалык жактан бир катар жогорку көрсөткүчтөрдү жаратканга жарап олтурат.

– 1 500 000 сомго Гүлчө кыштагындагы “Тазалык” мунииципалдык ишканасына заманбап автомашиналардысатып бермекчибиз! – деп катуу убадалады Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйөрбек Исаев.

          Жергиликтүү бийлик башчысын убадасына турабы, же жокпу, редакция такай көзөмөлдөп турмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17