Аймак

ДЫЙКАНДАРГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ КЕЗЕКСИЗ БЕРИЛЕТ

ДЫЙКАНДАРГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯ КЕЗЕКСИЗ БЕРИЛЕТ

 843 Бардыгы /

Жалал-Абад. Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков,  «Айыл банк», «РСК банк», «Керемет» банктын өкүлдөрү жана тийиштүү адистер менен биргеликте Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолукту.

Жыйында шаар башчысы жана банктын өкүлдөрү тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында бериле турган өкмөттүн 6% дык насыясы тууралуу кеңири маалымат берилип, дыйкан-фермерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле жыйында аталган аймактык башкаруунун жазгы талаа жумуштарына даярдыгы талкууланып, бир катар тапшырмалар берилип, Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому боюнча да элге түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору аркылуу дыйкандарга кезексиз, ал эми мал чарбачылыгы үчүн кезек менен жеңилдетилген 6%дык насыя берилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17