Өлкө аймактары менен кубаттуу
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
ОШТОГУ «ИСЛАМБЕК» КАФЕСИ МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,726 Бардыгы / Ушугезде чындап эле анклавга айланган Алмалык айылы тээ өткөн кылымдын 1968-жылында Ноокат районунун карамагынан Ош шаарынын энчисине биротоло өткөрүлгөн. Тилекке каршы, дал ошондон бери кайран кыштак оңчулуктуу каралбагандыктан дагыле арабөк калып, анын эң олуттуу социалдык көйгөйлөрү бир жаңсыл чечилбестен келатат. Муну эми гана туптуура аңдашкан Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын […]
1,727 Бардыгы / Ушугезде чындап эле анклавга айланган Алмалык айылы тээ өткөн кылымдын 1968-жылында Ноокат районунун карамагынан Ош шаарынын энчисине биротоло өткөрүлгөн. Тилекке каршы, дал ошондон бери кайран кыштак оңчулуктуу каралбагандыктан дагыле арабөк калып, анын эң олуттуу социалдык көйгөйлөрү бир жаңсыл чечилбестен келатат. Муну эми гана туптуура аңдашкан Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын […]
АРАБӨК КАЛГАН АЛМАЛЫК, же жери Ноокат районуна, ал эми эли Ош шаарына караган анклав
24.02.2022 / Автор anarkan_kg1,728 Бардыгы /
Ушугезде чындап эле анклавга айланган Алмалык айылы тээ өткөн кылымдын 1968-жылында Ноокат районунун карамагынан Ош шаарынын энчисине биротоло өткөрүлгөн. Тилекке каршы, дал ошондон бери кайран кыштак оңчулуктуу каралбагандыктан дагыле арабөк калып, анын эң олуттуу социалдык көйгөйлөрү бир жаңсыл чечилбестен келатат. Муну эми гана туптуура аңдашкан Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүл Зиядин Жамалдинов экөө биргеликте аталган анклавдын жашоочулары менен бетме-бет жолугушуп, жергиликтүү калктын муң-зарын кунт коюшуп ыраса тыңдашты.
Авазбек АМАНОВ, Ош шаарына караштуу Алмалык айылынын тургуну: – Жашырып не. Бизди Ноокат райнонунан ажыратып, андан ары Ош шаарынын кошушкандан бери дегеле жыргап кеткен жокпуз! Эки ортодо моминтип өлө кыйналып-чайналып бүттүк. Иш жүзүндө Кыргызстандын Түштүк башкалаасына расмий түрдө караганыбыз менен, биздин бүт документациябыз дагыле Ноокат районусуз таптакыр эле бүтпөйт! Мына сага абсурд! Анан дагы Ош шаарынан биздин айылыбызга дагыле түптүз коомдук автотранпорт деген каттабайт. Ары-бери каттаган ар машинеге кол көтөрүп, эптеп чиркешип өйдө-төмөн чапкылап жүрүп аябай курудук.
Элдияр РАХМАНБЕРДИЕВ, эмгек ардагери: – Айланайындар! Кыргызстанды түрө кыдырсаңыз, таза суу ичпеген айыл дегеле калган жок. А биз болсо өлкөбүздүн экинчи борборунда жашап туруп, дагыле таза сууга таптакыр жалчыбадык. Таптаза тундурулган сууну күн сайын Ош шаарынан сатып алып ташып, анан гана ичип жатабыз. Муну биз кадырлуу конокторубузга айтсак, ишенишпейт, алар көчүгү менен күлүп жатышпайбы…
Бегай АБДИМАМАТОВА, көп балалуу эне: – Каа-аап! Азыркы муун муну билбей калбадыбы. Тээ Союз маалында бул жерде күжүлдөп иштеген көмүр шахтасы бар эле. Андан үзгүлтүксүз “кара алтын” казылчу. Ошондуктан, Совет Өкмөтү кенчилерге такай камкордук көрүп, бизге – шахтада иштегендерге мобул заңгыраган үйлөрдү кыдырата салып, бекер эле тартуулаган. Эки карасаңыз? Шахта эбак жабылган. Ал эми жумушчулар дагыле ошол үйлөрдө жансактап келатабыз.
Кубаныч ДҮЙШӨНБАЕВ, Алмалык айылынын жашоочусу: – Эң эле кызык жери: Кыштагыбыз жайгашкан жер бүтүндөй түздөн-түз Ноокат районундагы Зулпуев Айыл Өкмөтүнө карайт. Ошондуктан, үйлөрүбүздү мыйзам чегинде документтештирели десек, тигилер “Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматына кайрылгыла?!?” деп кутулушат. Ал эми ылым санап буларга – Ош шаарынын мамлекеттик каттоо кызматына барсак, “Силер Ош шаарынын карамагына толук бойдон өтпөпсүңөр!” деп бизди ыраса мукуратып бүтүштү.
Сонунбү КОШУЕВА, Ош шаарына караштуу №25-Алмалык орто мектебинин мугалими: – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биздин мектебибизди “Пайдаланууга таптакыр жараксыз!” деген корутундусун колубузга карматкан. Анткени, биздин агартуу мекемебиз тээтигил өткөн кылымда – СССРдин тушунда, тактап айтканда, 1979-жылы фин тибинде убактылуу эле урунуу үчүн гана курулган. Өзүңүздөр көрдүңүздөр го. Эми моминтип кулаганы араң турат. Ошентсе дагы эптеп-септеп балдарды окутуп келатабыз. Кудай сактасын, кокустук болуп, мектебибиз куласа, буга ким жооп берет, ыя?!?
Рыспай АРАПБАЕВ, эмгек ардагери: – Ыя, айланайындар! Кыргыз Өкмөтү бизди ушинтип дагы шылдыңдайбы жана кордойбу? Жерибиз – Ноокат районунуку, ал эми элибиз – Ош шаарына карайт. Бул маселени убагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, Ош облусунун ошогездеги губернатору Сооронбай Жээнбеков алмалыктыктар менен бетме-бет жолугушканда шыр жана биржаңсыл чечишип, а түгүл талашка биротоло чекит коюшкан эле. Анан дагы үйлөрүбүздү ыкчам документтештирүү маселесин тиешелүү мамлекеттик кызматтарга дагы абдан катуу табышташкан. Тилекке каршы, ошондогу убадалардын бири дагы эмдигиче негедир аткарылган жок!
Айтмакчы, жогоруда биз санактаган көйгөйлөрдүн туптуура экендигин Алмалык айылынын башчысы кызматын 40 жыл бою дээрлик абийирдүү аркалаган Кудайберди Маматов дагы акыры ырастады.
Кудайберди МАМАТОВ, мамлекеттик жана коомдук ишмер: – Алмалык айылын 1968-жылы Ош шаарына расмий түрдө бөлгөндө, аны менен кошо 23 гектар аянт дагы бүтүндөй бизге энчиленген. Тилекке каршы, Ноокат районунун акимчилиги жана районго караштуу Зулпуев Айыл Өкмөтү аталган аянтты бизге эмдигиче ыроолобостон, мыйзамдуу 23 гектар жерибизди бизден жүйөөсүз гана талашып келатышат. Мунун кесепетинен социалдык көйгөйлөрүбүз ыраса көбөйдү. Катарынан үйлөнүшкөн уулдарыбызды бөлөк турак жайга бөлүүгө жарабай, түйшүгүбүз түмөндөдү. Өзү Алмалыкта ушул тапта 170 кожолук, мындача айтканда, 1900 калк жашаса, булардын 1000 чактысы жумуш издешип, Орусия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнө тентип кетишти. Буга улай бир дагы үй-бүлө бала-чакасына эмдигиче Кыргыз Өкмөтүнөн пособие дагы ала алышпай убара…
Алмалыктыктардын муң-зарын катарынан дыкаат тыңдаган Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов буларды убадалады: – Буга дейре Алмалык айылы жайгашкан жерди Ош шаарынын аймагына биротоло өткөрүү маселеси Ноокат районунун Т.Зулпуев Айылдык Кеңешинин сессиясында каралып, жергиликтүү Кеңештин колдоосун тапкан эмес. Биз ушул тапта бул көйгөйдү дагы бир ирет караштырып, оң жагына жайгаруу аракетиндебиз.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алмалык кыштагынын тургундарынын көйгөйлөрүн дыкаат тыңдап, мындан ары булардын талабын аткаруу боюнча чукул аракеттер жасалаарын катуу убадалады: – Алмалык айылынын тургундарынын катталган жери Ош шаарына, ал эми айылдын аймагы бүтүндөй Ноокат районуна карайт экен. Жер мындан ары районго карайбы, же биротоло шаарга карайбы, биз элдин көйгөйүн сөзсүз чечип, талаптарын токтоосуз аткарышыбыз кажет! Мен, албетте, элдин – алмалыктыктардын талабын толук бойдон кубаттап, аларды кыйшаюусуз аткарууга бардык күч-аракетимди жумшаймын!
Баса, биздин чоңдорубуз чындап эле табиятынан убада бергенди өлө өздөштүрүшкөн. Мындайча айтканда, тынчыкмаларыбыз дээринен тил эмизгенге ашкере эле маш! Бирок, бул сапар Ош аймагынын жетекчилери сөздөрүнө турушпаса, бул алдоонунун акыры эмне менен бүтөөрүн деги ойлошту бекен?!?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫЛАНГАН “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ОКУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ
-
17.05.2024 / Автор anarkan_kg ЧЕК АРАНЫ МЫЙЗАМСЫЗ БУЗУП ӨТКӨН КОӉШУ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛЬ МААЛ-МААЛЫ МЕНЕН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛЫП ТУРАТ
-
07.06.2023 / Автор anarkan_kg АК-ТЕРЕК – ПАПАН – КОЖОКЕЛЕҢ УНАА ЖОЛУНА АСФАЛЬТ ТӨШӨЛҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.