Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “БАХРЕЙН” СОЦИАЛДЫК ШААРЧАСЫ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “БАХРЕЙН” СОЦИАЛДЫК ШААРЧАСЫ АЧЫЛДЫ

 180 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда “Бахрейн”  аталышындагы  жаңы шаарчанын бир бөлүгү ачылып,  муктаж болгон 4 үй-бүлөгө үйдүн ачкычы  тапшырылды. Ошондой эле мечит жана тигүү цехи пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык шаарчанын ачылуу аземине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жетекчиси  Мохаммед Абдулькарим башатаган курулушка демөөрчүлүк кылган Бахрейнден келген коноктор жана шаар тургундары катышты.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “КАФ Гуманитарин” коомдук фондуна, Бахрейн элине ыраазычылык билдирип, тынччылык, бакубат жашоо каалап, эки тараптуу кызматташтык улана турганын белгиледи.

“Бахрейн” социалдык шаарчасын курууга шаар бийлиги 1,25 гектар жер ажыратып берген. Мында 24 үй-бүлөгө ылайыкталган турак-жайлар, 200 орундуу мектеп, тигүү цехи, ФАП жана мечит бар. Ошондой эле шаарча үчүн атайын таза суу да чыгарылган. Учурда тигүү цехи менен бир бир нече турак жай, мечит бүткөрүлгөн. Ал эми ФАП жана мектептин курулушу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган шаарча мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жетим балдар жана муктаж жарандар үчүн курулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17