Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,468 Бардыгы / Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай аймактык башкаруусундагы Т.Тыныбеков көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Анваржан Бурканович (12.12.2000-ж) 0,34 га жер участогун убактылуу алып, 20-жылдан бери жашылдандырып 5 түп жангак, 42 түп өрүк, 20 түптөн ашык анар эгип таштак жерди өздөштүргөн. 19.11.2020-жылы жеке менчикке өткөрүп алуу боюнча арыз берген. Бирок төмөндөгү К.Касымбековдун арызы боюнча аукциондор мыйзамсыз өткөрүлгөн. Эки […]
1,469 Бардыгы / Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай аймактык башкаруусундагы Т.Тыныбеков көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Анваржан Бурканович (12.12.2000-ж) 0,34 га жер участогун убактылуу алып, 20-жылдан бери жашылдандырып 5 түп жангак, 42 түп өрүк, 20 түптөн ашык анар эгип таштак жерди өздөштүргөн. 19.11.2020-жылы жеке менчикке өткөрүп алуу боюнча арыз берген. Бирок төмөндөгү К.Касымбековдун арызы боюнча аукциондор мыйзамсыз өткөрүлгөн. Эки […]
ЖЕР ТАЛАШ МАСЕЛЕСИ МЫЙЗАМДУУ ЧЕЧИЛЕБИ?
31.05.2022 / Автор anarkan_kg1,470 Бардыгы /
Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай аймактык башкаруусундагы Т.Тыныбеков көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Анваржан Бурканович (12.12.2000-ж) 0,34 га жер участогун убактылуу алып, 20-жылдан бери жашылдандырып 5 түп жангак, 42 түп өрүк, 20 түптөн ашык анар эгип таштак жерди өздөштүргөн. 19.11.2020-жылы жеке менчикке өткөрүп алуу боюнча арыз берген. Бирок төмөндөгү К.Касымбековдун арызы боюнча аукциондор мыйзамсыз өткөрүлгөн. Эки истанциядагы (шаардык, областтык) соттук териштирүүдө да тереӊ талданбай чечим жана аныктама чыккан мыйзамды көзөмөлдөөчү прокуратура органы тыкыр текшерип, арыздын негизинде адилет чечим чыгарып берээр бекен?
Таш-Көмүр шаардык
прокуратурасынын прокурору:
Б.О. Сыдыгалиевге
Шамалды-Сай аймактык
башкаруусундагы Ленин -17/1
үйүнүн тургуну :
Касымбеков Кенжебек Өзүбековичтен
Тел:0(777)-72-13-07.
Арыз
Менин арыз берүүмдүн себеби:
Мен К.О. Касымбеков Таш-Көмүр шаары Шамалды-Сай шаарчасындагы Тыныбеков көчөсү №6-үйүнүн тургунумун. Ушул эле шаарчанын тургуну Абдуллаев Анваржон Буркановичтин (паспорт көчүрмөсү тиркелет) 14.09.2021-жылдагы ишеним кат (доверенность тиркелет) катынын негизиндеги өкүлү катары сизге арыз менен кайрылып жатамын. Себеби: Абдуллаев А.Б. Шамалды-Сай айылдык башкармалыгына караштуу 3400,0м2 болгон жер участкасын (0 коду № 3-14-05-0005-27-18) Шамалды-Сай А/Б 26.04.2000-ж.№9 сандуу чечими, 15.11.2000-ж. № 215 сандуу шаардык мамлекеттик администрациясынын буйругу 12.12.2000-ж. В000983 сандуу жер участкасын ижарага берүү келишиминин негизинде 2000-жылдан тартып А.Б. Абдуллаев ижара акысын төлөп, көп жылдык бак эгип (5 түп жаңгак, 42 түп өрүк, 20 түп анар) таштак жерди өздөштүргөн (жер күбөлүгү тиркелет).
А.Абдуллаев 19.11.2020-ж. Таш-Көмүр шаар мэриясына 0,34 га жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп алууга арыз таштаган. А.Абдуллаевдин арызын ДМСтин адиси Д.Джумашова арызды жазып берген. А.Абдуллаевдин сабатсыздыгынан пайдаланып, алдын ала макулдашылган процесске даярдаган же болбосо А.Абдуллаевди арыз менен тааныштым туура деген кол тамгасын койдурбаган. (арыздын көчүрмөсү тиркелет).
Арыздын негизинде Таш-Көмүр шаарынын шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Т. Козукеевдин 26.04.2021-ж. колу жана печаты менен жер участка планы № 116.21, № 117,21 даярдалган. Кызматтык взносту
А.Б. Абдуллаев төлөш керек эле. Бирок аукциондон уткан К. Шербекова А.Б. Абдуллаевдин ишеним каты жок эле 13-август 2021-жылы жалпы суммасы-19294 сом банкка төлөгөн. Биздин пикирибизче бул алдамчылык. Кызыл китеп алгандан кийин баалуу дарак болуп эсептелген 5 түп жаңгакты өзүм билемдик менен кыйып тамырын жок кылган. Ал баалуу кап болушу мүмкүн, ал тууралуу экологиялык башкармалыктын корутундусу кийинчерээк берилет. (Жер участка планынын копиялары, квитанциялары, К. Шербекованын паспортунун көчүрмөлөрү тиркелет).
Комиссия жер тилкесин сатуу боюнча биринчи аукционду 27.05.2021-ж. өткөргөндө А. Абдуллаевдин жубайы 5 млн. сомго, Алтынбек Шербеков 9 млн. сомго көтөрүп 0,34 га нын утуучусу А. Шербеков болгон. Бирок А. Шербеков акчаны которбогон. Утуучу болуп А. Абдуллаевдин жубайы болуш керек эле. Анын албоо жөнүндө арызы жок эле, экинчи аукцион 12.08.2021-ж. өткөрүлүп А. Шербековдун апасы К. Шербекова 830, 491 сомго утуп алган. Аукцион өткөргөн комиссиянын төрагасы О. Нурманбетов баштаган комиссия мүчөлөрү (ф.и.о. көрсөтүлгөн) аукционду жер участка планынын документтерине төлөнүүчү алымдар төлөнбөй туруп, аукционду мыйзамсыз өткөрүшкөн. Комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгалары 1,2 аукциондо жана ачык аукциондун корутунду протоколдо (№50.12.08.21-ж.) башкача кол тамгалар коюлган (көчүрмөсү тиркелет).
Аукционду мыйзамсыз өткөргөндүгүн жокко чыгаруу боюнча Таш-Көмүр шаардык жана Жалал-Абад областтык сотунда комиссия мүчөлөрүнүн ордуна кол койгон адамдардын ишеним каттары жок же нотариалдык контора аркылуу тастыкталганын көрсөтүүнү сурансак да көрсөтүшпөй өзүм билемдик менен жүйөлүү, негиздүү фактыларды соттор эске албай чечимди алардын пайдасына чечип берди. (соттордун чечими жана аныктамасы тиркелет).
Өткөрүлгөн аукцион, комиссиянын чечими укуктук ченемдерге жана мыйзамга каршы келери көрүнүп турат.
Жогорудагы фактылардын негизинде, уюшкан кылмыштуу топтук элементтер, коррупциялык көрүнүштөр бар экендиги көрүнүп турат.
Урматтуу прокурор!
Тастыктап турган фактылардын негизинде мыйзам чегинде чара колдонуп берүүңүздү суранам.
Арыз ээси: К. Касымбеков.
27 май 2021-жыл
Арызга көчүрмө тиркемелер:
- Жер участогунун убактылуу пайдаланууга укук берүүчү күбөлүк.
- Д. Джумашеванын А. Абдуллаевге жазып берген арызы.
- Аукцион №1 27.05.2021-ж.
- Аукцион №2 12.08.
- Жер участка планы. Акы төлөмдөрү.
- А.Б. Абдуллаевдин паспортунун көчүрмөсү.
- Мага берилген ишеним каттын (доверенносттун көчүрмөсү).
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШТОГУ «ӨЧПӨС ПОЛК» АКЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.