Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,444 Бардыгы / БИШКЕК. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айындагы дүйнө жүзүндөгү эвакуациядан кийин биринчи жолу кайрадан келишти. Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия (ЕМА) аймагындагы волонтерлорду кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. Алдыдагы эки жылдын ичинде бул волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү […]
1,445 Бардыгы / БИШКЕК. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айындагы дүйнө жүзүндөгү эвакуациядан кийин биринчи жолу кайрадан келишти. Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия (ЕМА) аймагындагы волонтерлорду кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. Алдыдагы эки жылдын ичинде бул волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү […]
ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ВОЛОНТЕРЛОРУ 2020-ЖЫЛДАН БЕРИ БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛИШТИ
15.06.2022 / Автор anarkan_kg1,446 Бардыгы /
БИШКЕК. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айындагы дүйнө жүзүндөгү эвакуациядан кийин биринчи жолу кайрадан келишти.
Кыргыз Республикасы Европа, Жер Ортолук деңизи жана Азия (ЕМА) аймагындагы волонтерлорду кабыл алган алгачкы өлкө болуп саналат. Алдыдагы эки жылдын ичинде бул волонтерлор Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептериндеги жергиликтүү англис тили мугалимдеринин дараметин жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен гана алектенишет.
Ошентип “Тынчтык корпусунун” волонтерлору негизинен айыл жерлеринде жергиликтүү мугалимдер менен гана ийиндеше иштешет. Англис тилин үйрөнүп жаткан окуучуларды окутуу менен катар, англис тили мугалимдеринин дараметин жогорулатууга, мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга, ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө, же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга үзгүлтүксүз жардам көрсөтөт. Ошондой эле окуу программаларын жана инновациялык окуу-усулдук материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.
-“Тынчтык корпусунун” волонтерлорунун келишине абдан кубанычтабыз! Булар кыргызстандык окуучулардын билим алуусуна дем беришип, өз максаттарына жетүүсүнө жана терең билим алуумун кеңейтүүгө гана жардамдашышат. Мугалимдер жана волонтерлор бирге иштөө менен бири-бири менен ой-пикирлери менен бөлүшүп, кызыктуу сабактарды дагы өткөрүшөт, – деди Соң-Kөл орто мектебинин англис тили мугалими Асель Шаршенбек кызы.
Алгачкы үч ай аралыгында волонтерлор алдыдагы эки жылдык ыктыярчылык кызматына даярданышат. Волонтерлорду кызматка даярдоо курсу кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча ыкмаларын өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу ыкмаларын өздөштүрүүнү, ошондой эле маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт. “Тынчтык корпусунун” 12 волонтеру АКШда ирөөдөн өткөн жогорку квалификациялуу жана өнүгүүгө чын дилинен берилген ыктыярчылар. Ошондой эле Американын ар кайсы штаттарынан чогулган 24 жаштан 72 жашка чейинки волонтерлор Американын ар тараптуу экендигин дагы айгинелеп турушат.
1993-жылдан бери “Тынчтык корпусунун” 1250дөн ашуун волонтеру Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте англис тилин чет тили катары окутуу программасынын алкагында иштеп келишкен. “Тынчтык корпусунун” волонтерлору Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуусунун жана Кыргыз Өкмөтүнүн атайын чакыруусунун негизинде гана иштешет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
06.10.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА НАНДЫН БААСЫНА УБАКТЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ КИРДИ
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.