Аймак

ЭАУнун СТУДЕНТИ СПОРТТО ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

ЭАУнун СТУДЕНТИ СПОРТТО ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИШТИ

 954 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. ЭАУ студенти Нурадин Рустамбек уулу бокс боюнча Азия чемпионатында III орундуу ээледи.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Юриспруденция” багыты боюнча күндүзгү окуудагы III курсунун студенти Нурадин Рустамбек уулу бокс боюнча Азия чемпионатына катышты. Аталган чемпионат жаңырган жылдын 18-27-январында Бангкокто (Таиланд) өттү. Курч спорттук таймашта жана атаандаштыкта ЭАУнун студенти 71 кг салмагында 3-орунду алып, коло медаль менен сыйланды. ЭАУнун ректораты жана профессор-окутуучулар курамы, студенттери Нурадинди байгелүү орун менен куттукташып, албан-албан спорттук ийгиликтерди каалашты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17