Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЧЕК АРАДА ЖҮРҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛДҮ
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,285 Бардыгы / БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашкандай, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналып өткөрүлгөн күч түзүмдөрүнүн командалары арасында аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынны чемпионаты башталды. Аталган спорттук мелдешке Баткен, Ош жана […]
1,286 Бардыгы / БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашкандай, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналып өткөрүлгөн күч түзүмдөрүнүн командалары арасында аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынны чемпионаты башталды. Аталган спорттук мелдешке Баткен, Ош жана […]
СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮНҮН КОМАНДАЛАРЫ АРАСЫНДА АСКЕРДИК КАРМАШЫП УРУШУУ БОЮНЧА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ
08.09.2023 / Автор anarkan_kg

1,287 Бардыгы /
БАТКЕН. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашкандай, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналып өткөрүлгөн күч түзүмдөрүнүн командалары арасында аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынны чемпионаты башталды.
Аталган спорттук мелдешке Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы күч түзүмдөрүнөн 256 аскер кызматчыдан турган 24 команда катышып жатышат. Мелдештин жалпы байгелик фонду 600 000 сомду түзөт.
- Бул чемпионатты Чек ара кызматы Спорттун олимпиадалык эмес
түрлөрү боюнча дирекциясы жана Аскердик кармашып урушуу федерациясы менен биргеликте өткөрүүдө. 2022-жылдын сентябрындагы окуялардын бир жылдыгынын алдында өз өмүрүнүн баасы менен Тажик тараптын согуштук агрессиясына жооп кайтарып жана Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнүн бузулушуна жол бербеген күжүрмөн жолдошторубузду эскерип турабыз. Бүгүнкү күндөгү биздин эң негизги милдетибиз – мамлекеттик чек аранын бардык периметринде чыгымчылдыкка жана чыр-чатакка жол бербөө. Бул максатта биз иш-чаралардын кеңир спектрин өткөрүп жатабыз. Биз мындан ары дагы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү сөзүсз улантабыз. Мындай спорттук мелдештер биздин баатырлардын эрдигин даңктаганга багытталып, ал иш-чараларда катышуучулар кайраттуулукту көрсөтүп, жеңишке жетүүгө эрк жана мүнөз тарбиялашат, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы полковник Замирбек Надырбеков.
Аскердик окуунун эң негизги элементтеринин бири болуп эсептелген аскер кызматчыларынын спорттук чеберчилигин арттыруу, дене тарбияны жана күжүрмөн даярдыкты жакшыртуу – мелдештин максаты экендигин чемпионаттын башкы судьясы, полковник Улукбек Жоошбеков баса белгиледи. Аталган иш-чара эртең аяктайт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
14.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО
-
-
-
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg НООКАТТА СТАДИОН ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.