Аймак

ЭАУнун СТУДЕНТИ КЫЗЫ БОКС БОЮНЧА II ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

ЭАУнун СТУДЕНТИ КЫЗЫ БОКС БОЮНЧА II ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

 606 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. ЭАУнун студенти Жайнагүл Манасова бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде II орунду ээледи.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы кызматы билдиргендей, быйылкы жылдын 19-23-мартында Бишкек шаарында 2006-2007-жылы туулган жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги өткөрүлгөн. Ага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Чет тил” адистиги боюнча II курсунун студенти Жайнагүл Манасова 51 килограмм салмагында катышып, II орунду ээледи.

“Студентибиз Жайнагүлдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан да жогору спорттук ийгиликтерди каалайбыз!”,- ректорат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17