Аймак

Атабеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 1,962 Бардыгы /

       1. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы (1 штаттык бирдик):

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, педагогикалык, социалдык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында).

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

 2. Сатып алуулар боюнча жетектөөчү адис (1 штаттык бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же орто кесиптик билим –финансылык экономикалык багыттары боюнча же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча.

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер: -сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз; -кадрларды каттоо баракчасы; -3х4 өлчөмүндө 4 даана сүрөт; -паспорттун көчүрмөсү; -билим тастыктаган дипломдун жана эмгек китепчесинин нускамасы (нотариалдык конторадан тастыкталган); -өмүр баян соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен. Документтерды кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Сузак району, Атабеков айыл өкмөтү, Бек-Абад айылы М.Сыдыков көчөсү №114. Байланыш тел.: 0(777) 70 07 08, 0(0779) 74 51 84. Эскертүү: Функционалдык милдеттер жана квалификациялык талаптар жөнүндө кошумча маалыматтар айыл өкмөт тарабынан берилет.   О
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17