Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 354 Бардыгы /

Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтү төмөнкү бош кызмат орунуна СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

  1. Жетектөөчү адис-иш  жүргүзүүчү 1 (бир) орун

Квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:  жогорку билим же орто кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында.

Стажы жана иш тажрыйбасы: стажына талап коюлбайт.

  • Аскердик–эсепке алуу столунун инспектору 1 (бир) орун

Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим же орто кесиптик билим – аскердик билим берүү адистиктери боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактарында.

Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-бош кызмат ордун көрсөтүү үчүн жеке арыз конкурстук комиссиянын төрагасына (контактык телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

– таржымал (резюме), сунуш каттары, өмүр баян ( соттолбогондугу тууралуу тактама);

-билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун, эмгек китепчесинин, паспорттун, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 (жумушчу күн) күндүн ичинде жүргүзүлөт. Дареги: Жаңы-Жол айылы, М.Болуш-1 көчөсү. Байланыш тел: 0(3742)6 00 52; 0(773) 91 43 30; 0(700) 93 30 14.

Квалификациялык талаптар жана кесиптүүлүк компетенттүүлүк менен web сайт: jany-jol.jalal-abad.kg тааныша аласыздар.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17