Аймак

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 54 Бардыгы /

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын

                                          №32 ТОКТОМУ

       Арал айылы                                                         19.08.2021-жыл

“Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагынын турак жайга муктаж селден жабыркаган жашоочуларынын арыздарынын негизинде турак жай жана социалдык объектилер менен камсыз кылуу максатында тандалган айыл чарба жер аянттарын калктуу конуш категориясына которуу боюнча тандалган материалдарды карап чыгып, 20.07.2021-жылы Катуу жааган жаандын кесепетинен сел  жүрүп Чангыр-Таш айылындагы элдердин турак жайларына сел кирип бир нече үйдү жараксыз кылган. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жерлерди которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү  убактылуу жобону бекитүү  тууралуу” № 169 токтомуна негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чангыр-Таш айылынын Адыр участкасынын кайракы жерлерден төмөнкү             контурлардан №1534 контурдан 6,5 га, 1537  контурдан 6,2 га, 1676  контурдан 10, 60  га,  1679  контурдан 1,2 га, 1675 контурдан 4,5 га,  1678 контурдан  1,0 га бардыгы 30,0 га, 1679 контурдан  3,0 га жана 1678 контурдан  2,0 га бардыгы  болуп  5,0 га  жер аянты социалдык обьектилерди куруу үчүн айыл чарба   багытындагы жалпы  35,0 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтына калктуу  конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы жер аянттарына түзүлгөн башкы план айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн  башчысы  Н.Караевге милдеттендирилсин.

 Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У.Абдыгапаров

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17