Аймак

К.Абдыраманов, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору, профессор: “Саламаттык сактоо системасы сазга батып калды

 7,865 Бардыгы /

К.Абдыраманов,   Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун директору, профессор:  “Саламаттык сактоо системасы сазга батып калды Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы
илимий борбору 2010-жылдын 12-ноябрында ачылып иштеп келет. Оорукананын
кадыр-баркын көтөрүүдө анын директору Калдарбек Абдырамановдун эмгеги зор.
Адистер  Бишкектен, Түркиядан адистигин жогорулатып окуп келишүүдө.
Директорубуз Калдарбек Абдырамановдун аракети менен Москвадан 2, Бишкектен
3 врач жана 3 медайым чакырылып, жогорку категориядагы врачтар
иштеп, натыйжада Ош, Жалал-Абад, Баткен жана айрым учурда Чүй
областынан оорулуулар келип, операция жасап жатат. республиканын 2
миллиондон ашык адам жашаган түштүгүндө жыл сайын 3 миңден ашык адам жүрөк
оорулары боюнча кардиохирургиялык жардамга муктаж. Алардын 80
пайызынын бул борбор ачылганга чейин жардам алууга мүмкүнчүлүгү чектелүү
болуп, айрымдары Бишкекке, чет өлкөгө барганга мажбур болушса, айрымдары шарты
жок каза болуп калышкан

 Республиканын түштүгүндө жүрөк оорулуулар боюнча татаал
операцияларды жасап жаткан бул медициналык мекеменин жетекчиси, профессор
Калдарбек Алишерович Абдырамановду  маекке тарттык.

 

– Азыр оор, кыйын абалда жашап жатабыз. Сырткы душмандан
сактана албасак жок дегенде 
ички оорубузду сактасак деп
элибиз  журналисттерге арманын айтып жатат. Калдарбек Алишерович, чынында
эле элди сакташ керекпи? Сиз кандай  ойлойсуз?

-Мен да кошулам. Элди сакташ
керек. Туура, элдин ден соолугуна   тиешелүү деңгээлде көңүл бура
албай жатабыз. Мен мына азыр Жалал-Абадга келип алып, ошол Бишкекте отуруп алып
көрбөгөн нерселерди көрүп алып маанайым түштү. Эми мен врач болбосом да мейли
эле. Врач болуп туруп канчалык деңгээлде өзгөрүү болгондугун  
салыштырып көрүп жатамын да. Кымбат медициналык 
аппараттар жер-жер-жерлерде чирип иштебей жатат. Ооруканалардын баары
аптекага толуп кеткен. Бул жер базар эмес да. Кыргызстан боюнча көп
жерде   ооруканаларга кирсең дубалдары кулап, паңдап полдору чирип
кеткен. Мен кече жакында Бишкектеги кургак учук институтуна өзүмүн бир тууган
иним кичине грыжа болуп калыптыр, операция кылабыз  дегенинен жаткыздым.
Оорукананын абалын  көрүп  көңүлүм ооруду.  Мындан 30 жыл мурда
мен студент кезимдеги керебеттер жана башка нерселер ошол боюнча турат.
Элестетип көрүңүз, мен студент кезимде көргөн керебеттер, ошол кезде студенттер
зээригип отуруп  керебетке жазган жазуулар…. Таң калдым. 
 Бул республикалык  кургак оору институту да.
Эмне үчүн андай болду? Кайдан ушундай болуп жатат? Ойдун түбүнө жетпей келем.
Демек факт – медицина сазга батып бүттү. Бирөө бир нерсе деп кулагынан тартып сүдүрөсө,
аны жаман көрүп тепкилеп, ошол сазга батырып жок кылышат. Анан кантип саламаттык
сактоо системасы оңолот. Врачтардын жайын айтпай эле коёюн, мен деле врачмын
менин деле курсагым ачат, кийинишим керек. Баарыбыздын көйгөйлөрүбүз бирдей,
бирок деңгээлибиз өтө төмөн. Баарыбыз деп айта албаймын  20-30%ы жакшы
врачтар көп. Ошолордун күчү, ошолордун деңгээли менен бүгүнкү күндө медицина
кармалып турат. Алар жок болсо, анда медицина жок  болот  деп
эсептеймин.

-Эмне врачтык  кадрлар боюнча таңкыстык катуу байкалып
жатабы?

– Кадр боюнча таңкыстык байкалып турбай эле бар да. Мисалы,
трактористи алып барып туруп автобус айдатып койсо болобу же болбосо жакшы
автомобилисти алпарып туруп самолётко отургузуп  койсо эмне болот? Ар
биринин орду бар. Мисалы, бул жакта гинеколог барып туруп бир жерден бир
жумалык курсту окуп келет экен да  кардиолог болуп иштей берет экен. Анан
ошол гинеколог  кардиология боюнча оорулууну кантип дарылайт. Ал
кардиология боюнча китепти ачып да интернетке кирип да көргөн эмес. Жоктун
айынан штат бирдиктерин эптеп жылмакайлаштырып жабыш керек. Отчёт
бергенде  гана түштүктө 70 врач жок экен деп чыгып, жазып жатпайбы.
Мисалы,  Талас боюнча 70 врач жетишпейт деп жатат. Менин оюмча андан да көп
болсо керек. 50% штат бирдиктери бош эле болуш керек, бирок  факты боюнча
бош эмес. 0,5 – 0,75  штат бирдигине сыйлыгыштырып  байлап койгон
да.  Ал эми бизде кадр маселеси андан да оор.  А
бирок чындыгында врачтардын адистиги боюнча карап көрсөк, бүгүнкү күндө
кээ бир адистиктер боюнча адистиктер такыр жок. Көпчүлүгү адис эмес, адамдар
ошол адистиктин ордунда турушат. Бул кадр маселеси боюнча толуктоо такыр болбой
жатат. Кадр маселеси боюнча биздин түштүктө 2 медучилища бар. Негизинен ошондон
чыккан балдар. Мен  мен деле түштүктүкмүн дечи, бирок эч убакта ага
алымсынбаш керек. Кадрлардын 70% өтө начар. Мына ушулар дипломду алып
алышып өзбеги да кыргызы дагы эптеп жумушка пул беришип кирешет экен. Начар
врачтар акча берип эле эптеп ишке орношуп алса, ал врачтан пайда жок. Оорлуу
адамдар каза болуп жатат. Ал эми биздин  мусулмандар өлүп калгандан кийин
ызы-чуу кылбай көмүп коюшат. Кыскасы,  кадр маселесиндеги абал
ушундай!

Экинчи жагынан кадрлардын иштете албагандыгынан
жабдуулар иштетилбей чирип жатат. Мисалы, биздин кардиохирургия борборуна
керектүү аппараттар башка райондордо кор болуп жатат. Ал аппараттардын ар
бири 30- 50 миң доллар турат. 60ка жакын  медициналык аппарат бир убакта
кандайдыр бир долбоор аркылуу  келген экен. Алар иштете албаса, биз алып
иштетели деп аракет кылсак болбой жатат. Анткени ошол  долбоордун
негизинде коррупция болбосун деп донордун уруксаты жок, бири-бирине сатып
жибербесин деген ниетте документ кабыл алынган экен. Ошентип жер-жерлерде
миллиондогон акчалар чирип жок болуп жатат. Ошого карабай  Сузактан жакшы
врач бар экен «Байке, кардиохирургия үчүн өтө  керек, эмне мени атып
жиберсе атып жиберсин, деп экөөнү бере койду эле.   Саламаттыкты сактоо
министрлиги биз менен сүйлөшпөйт деп кийин ал врачты жумуштан алышты. Мына
парадокс!

Ал эми бизде ошол аппарат жок жаш балдар өлүп жаткан. Биз
ошо эки аппарат менен адамдардын өмүрүн сактап калып жатабыз.

– Үч-төрт жылдан бери  Кыргыз  Республикасынын түштүгүндөгү
Жалал-Абад шаарындагы базанын негизиндеги жүрөк-кан тамыр кардиохирургия
борборунун илимин өнүктүрүп жатабыз деп мамлекеттик  деңгээлде сөз болуп
келе жатат. Сизден мурда да бир жетекчи иштеп кеткен, андан кийин сиз иштеп
келе жатасыз. Азыркы абал кандай болуп жатат?

-Мен бул кардиология борборунун көйгөйлөрүн башынан билем.
Себеби  мен  Бишкекте Улуттук кардиохирургия борборунда жетекчи болуп
турганда жеке демилгем менен ушул тармак боюнча Жалал-Абаддын филиалын
ачканбыз. Ошондо дагы жетекчилер менен урушуп талашып жүрүп, акыры бул борбор
зарыл жана керек экенин далилдегенбиз. Бирок, алар мага ишенбей кереги жок деп
чыгышкан. Миңдеген адамдар борборго жете албай республиканын түштүгүндө каза
болуп жатса, кереги жок дешип чыгышты. Башыңы оорутуп не кыласын, бизге да көйгөй
жаратып деп айткандар да болду.  Бирок мен күчкө салып, ошол учурдагы
бийликтегилердин арасында жүргөн  жетекчинин колдоосу менен ушул филиал 3
жыл мурун ачылып калган.  Башында медицина илиминин кандидаты И.Бебезовду
директор кылып шайлаганбыз. Албетте, жаңы ачылганда кыйын болот. Мен аны түшүнөм,
катачылыктар да кетет. Азыркыга чейин бухгалтердик финансы боюнча  
 кетирген каталарын оңдоп жатабыз. Муну айтайын дегеним, башынан бүт бүгүнкү
күнгө чейин менин көз алдыман өтүп турат. Мамлекеттен бир да жолу түзүгүрөөк
жардам берилген жок. Эми гана бир жаңы аппарат алдык. Бишкектеги институттан
кыйкырышып, бакырышып, урушуп, талашып олтуруп 18 аппаратынан 1өөнү 
берди. Жок дегенде үчөөнү бергиле десек көнбөй койду. 3 жылдан бери биринчи
жолу бюджеттен быйыл 15 миллион сом бөлүндү. Бирок бул жүрөк боюнча 
регионалдык республикалык оорукана да.

Бул жерге өтө чоң  каржылоонун жардамы менен ошол
керектүү 7-8 бөлүмдү ачыш керек. Ошондо толук кандуу жылына 2000-3000 операция
жасалат. Ал эми операцияга муктаж болгондор 5000ге жакын. Ошондуктан
мамлекеттин көзгө көрүнө турган жакшы жардам бердик  деп айтса калп болуп
калат да. Ал гана эмес бир жылдан бери жаңы имаратка көчүрүш маселеси
чечилбей келет. Биз азыр кан борборунун экинчи кабатындагы бөлмөлөрдү талашып,
кан борбору менен ит-мышык болуп олтурабыз. Аларга да керек, бизге да керек.
Ушул маселе чечилбейт. Бизге толгон токой комиссия келди. Ушул маселени ушул
жерден көрөлүчү десем,  мен адис болуп менин айткан сөзүмө ишенишпей,
каяктагы түшүнбөгөн финансист, тракторист, инженерлерди алып келип текшертишет.
Кызык. Ушул кардиохирургия регионго керекпи же керек эмеспи, деген суроого ким
жооп берет? Адис профессор Абдраманов айтса эптүүбү же
каяктагы кардиохирургия деген эмне экенин билбеген комиссиянын
жыйынтыгы  маанилүүбү. Албетте, коммиссия болуп келген балдар деле баарын
түшүнгөн балдар. Келип эле менден сурайт «байке, эмне болду» дейт. А мен түшүндүрөм.
«Аа, ушундай экен» деп кетет. Өзүнчө эч нерсе чече
албайт. Биз сүйүнүп калабыз башка жакка которот экен деп. Биздин борборду
Кадыржан Батыровго тиешелүү имаратты улутташтырып, ошого котормок болуп кеткен.
Бирок 7-8 ай болуп кетти. Оорулуу адамдар күтө албайт.  Өлүм да күттүрүп
келбейт. Эч кандай жылыш жок.  

 – Ал имараттын да көп нерсеси уурдалып кеткен деп
атышат го?

   -Ал жакты барып көрүп келгенибизде жакшынакай
бүтүп эле калайын деген болчу. 6-7 айдан бери жоон-жоон темирлерди кыркып,
айнектерин чыгарып кетиптир. Мен балдарга айттым эле «камерага тартып
койгулачы» десем тартып коюшту. Жетекчилер мага кайрылып  көчүп барып эле
олтуруп албайсызбы деп жатышат. А мен марадер эмесмин да!  Мен
мамлекеттик  мекеменин жетекчисимин.   

-Сиздерге атайын чечим чыгарып, балансыңыздарга өткөрүп
бере элекпи?

-Бере элек. Сөз жүзүндө гана берген. Ошол комиссиянын
ичинде  бардыгы эле бар, вице- спикер, министр келди. Абалыбызды көрдү, 
түшүндү. Биз кол чаап «уралап» деп тосуп алдык. «Болот» деди «беребиз» деди.
Мен отпускада жүрсөм дагы бир КРдин ¤кмөтүнүн  Жалал-Абад областы боюнча өкүлү
баш болгон комиссия келиптир. Бизге бере турган мекемени көрүштү. Ал
улутташтырыла турган мекеме медициналык борборго ылайыкташтырылып, пландалып
салынган. Комиссия бул мекеменин жарымы башка мекемеге –сот департаментине
берилсин деген жыйынтык чыгарыптыр. Мен таң калдым. Ушинтип кантип оокат
болсун. Аны кандай кылып иштетет,  менин көзүм жетпейт. Бул маселенин аягы
келип эле чечилбей калды.     Комиссиянын чечиминде эле
мындай бөлгөнү такыр туура эмес. Бизди кыйнабай ошол мекемени же бизге толук,
же ошолорго бериш керек.   Алар бизди кичинекей эле мекеме экен деп
ойлойт окшойт. Азыр кичинекей эле анткени  оорулууларды реклама кылып
чакырган жокпуз.  Өзүң  көрүп жатсаң керек. Бизге Ошко, Бишкекке
кетип жатып кайрылган оорулуулардын саны 100дөн ашып кезекте турушат. Күндө бирден
операция жасап жатабыз. Бирок эртең, бүрсүгүнү 3-4 операция кылып
оорулуулардын муктаждыктарын кандыра албайбыз. Канчасы чет мамлекетке, Бишкекке
кетип жатышат. Райондордон келе албай өтүп кеткендери канча. Ушул кызматты
толук кандуу иштетиш үчүн бул чоң ооруканадагыдай эле 200-300 кызматкер
иштеген, жок дегенде 4 бөлүмдөн турган оорукана болуш керек. Буюрса ошондой
оорукана болсун деп аракет кылып күрөшүп жатабыз. Анткени жүрөк оорулар  –
тубаса кемтик оорулар. Бала төрөлгөндө тубаса кемтик оорулар менен төрөлөт.
Жылына 140 миң  бала төрөлөт. Ошонун  75-85 миңге 
жакыны түштүк регионунда төрөлөт. 80 миң баланын ичинен жок дегенде жылына
түштүк регионунда 2000 бала тубаса кемтик менен төрөлөт. Балдар үчүн эле жок
дегенде 2 бөлүм керек. Жаңы төрөлгөн  ымыркайлардын бөлүмү төрөлгөндө эле
убагында операция жасай турган бөлүм болуш керек. Мурун тубаса кемтик менен төрөлүп
чоңоюп калгандары үчүн да өзүнчө болуш керек да. 10-15 жаштагы балдардын бөлүмүндө
алардагы жылына 2000-3000ден муктаж болгондор, мен чоң кишилерди айтпай эле
коёюн. Жок дегенде 4 бөлүм болуш керек. Балдардын, чоң кишилердин бөлүмүндө жүрөк-кан
тамырларда жаткызып, дарылай албагандыктан каза болуп калып жатышат. Ал эми чоңдорду
айтпай эле коёюн.     

 -Бөйрөк оорусу менен ооруп, гемодиализге түшө албай өлгөн
адамдар да бар. Дегеле ушул жасалма бөйрөк (гемодилаиз) бөлүмүн  сиздерге
кошсо болобу?

-Мына мен оюмду аягына  чыга электе, сен  айтып
жатпайсыңбы.  Биздин устав боюнча мекеменин жүрөк-кан тамыр
хирургиясы  жол берет. Бул чоң көйгөй. Бирок жетекчи катары мен ошону
уюштуралбаганыма өкүнөмүн. Менин колуман келбейт. Себеби, жай жок, каражат
жок.    Бизге көчүп барчу жерден 4-5 бөлмөнү алып заманбап
жабдуу алып келип, силерге окшогон трансформацияга муктаж болгон 
оорулууларды биз даярдап, бойрөк салсак болмок. Мына өзүм  трансформация
боюнча адисмин. Жасап көрө элекмин, бирок   жүрөккө караганда жеңилирээк
болот. Биз ошону уюштуралы деп пландаштырып жатабыз. Канчалаган бөйрөк
алмаштырууга муктаж  болгондор бар. Ал өзүнчө бир чоң бөлүм. Трансформация
гемодиализ бөлүмү болуш керек. Ал 6 бөлүм болот. Дагы бир бөлүм кардиология бөлүмү,
инфаркт болгондо азыр регион боюнча кайсы бир бөлүмгө  барышын билишпейт.
Сузакта, биздин Жалал-Абадда бар экен. Бирок адамдар  чукул ооруп калган учурда жардам бере турган
област боюнча бөлүм  жок  экен.  Ушул деңгээлде  
турганын көрүп туруп адис катары айтып жатамын. Ошону көтөрүш керек.

Мен медицинада жүрөк кардиохирургия  адиси, профессор
болуп туруп уялам. Мен өзүмө сөз тийгизгим келбейт. Ошондуктан министрге
жагабы, жакпайбы  айтып турушум керек. Тез жардам менен түз бизге алып
келиш керек. Эмне кылабыз дарылайбызбы же кататер менен кеңейтебизби же
операция жасап сактап калабызбы бир саттын ичинде чечишибиз керек. Инфарк
болгондорду операция жолу менен 85-90% дүйнөдө сактап калат. Азыр 95%га чыгып
бара жатат. Себеби убагында чукул жардам берилет. Бизге окшогон адистер жардам
бериши керек. А биз мекемени жайына коюп алып, анан жаш адистерди алдык. Алар
азыр ординатордо окуп жатат. Окуу бөлмөсү жок болсо да  мен алдым. Окуу
бөлмөңөр силерге кереги жок. Силердин окуу бөлмөңөр операционный блок
реанимация деп, мына эми иштеп жатышат ач калып, ток калып. Кардиолог болом деп
жогору максат койгон балдар. Анан ушундай потенциал турса, жанагы кичинекей бир
кайдагы качып кеткен бизнесмендерден калган оокатты бөлө албай медицина
кардиохирургияга ыраа көрбөй турса, мен жетекчилерге, акаларга, укаларга түшүнө
албаймын. Мага таарынышпасын !

 

Маектешкен: Орозалы Карасартов, «Аймак»  

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17