Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
25,121 Бардыгы / Тагдыр насип экен, 1980-жылдан баштап «Мугалимдер газетасында» мен Насирдин Исановдунжубайы Бүзыйнат эже менен чогуу иштеп калдым. Насирдин аке анда Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинде курулуш жана шаар чарбасыбөлүмүнүнбашчысы болуп иштөөчү. Бүзыйнат эжежооптуу катчысынын жардамчысы болчу. Жамаатагылар анынкамчы салдырбаган, ишке тын кызматкер экендигине жана кээ бир чон кызматтагылардын аялдарына окшобогон адамгерчилигин, […]
25,122 Бардыгы / Тагдыр насип экен, 1980-жылдан баштап «Мугалимдер газетасында» мен Насирдин Исановдунжубайы Бүзыйнат эже менен чогуу иштеп калдым. Насирдин аке анда Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинде курулуш жана шаар чарбасыбөлүмүнүнбашчысы болуп иштөөчү. Бүзыйнат эжежооптуу катчысынын жардамчысы болчу. Жамаатагылар анынкамчы салдырбаган, ишке тын кызматкер экендигине жана кээ бир чон кызматтагылардын аялдарына окшобогон адамгерчилигин, […]
Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмүнүн сыры
07.10.2013 / Автор Orozaly25,123 Бардыгы /
Тагдыр насип экен, 1980-жылдан баштап «Мугалимдер
газетасында» мен Насирдин Исановдунжубайы Бүзыйнат эже менен чогуу иштеп
калдым. Насирдин аке анда Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинде
курулуш жана шаар чарбасыбөлүмүнүнбашчысы
болуп иштөөчү. Бүзыйнат эжежооптуу катчысынын жардамчысы болчу.
Жамаатагылар анынкамчы
салдырбаган, ишке тын кызматкер экендигине жана кээ бир чон кызматтагылардын
аялдарына окшобогон адамгерчилигин, жөнөкөйлүгүн жогору балоочу.
Жумуш -экинчи үй болуп калат эмеспи. Чогууэмгектегенден
кийин бири-бирине иштеги, үй-бүлөндөгү жанылыктар белгилүү
болуп,жакшылык жамандыкты тен бөлүшөсүн.1983-жылы Насирдин аке
курулуш министри, 1986-жылы түзүлгөн мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын
биринчи орун басары- курулуш министри кызматында турду. Ошол
жылдары республикада ири курулуштар бүткөрүлгөн. Анын ичинен Макмалдагы алтын
кен комбинатынын, Т. Сатылганов атындагы филармониянын, «Манас»
аэропортунун, Улуттук библиотека, Орто-сай базарынын,
Кара-Балтадагы килем комбинатынын курулушунун бүткөрүүгө Насирдин
Исановдун кошкон чон салымы болгон.
Башкалар өзгөрсө да анын үй-бүлөсүнүнкулк-мүнөзү
өзгөргөн жок. Баягындай элебир калыптагы адамгерчилик сапатынан
жазбады.
***
1988- жылы октябрда Насирдин Исанов Ысык-Көл областтык аткаруу
комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон
Насирдин аке Ысык-Көл жана Нарын аймактарын социалдык жана экономикалык
жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы,принципалдуулугу, тазалыгы эл
оозундаушул күнгө дейре айтылып жүрөт.Насирдин Исанов
ушул кызматта жүргөндө Кытай Эл Республикасындагы кыргыз боордошторубузга алгач
барган жетекчи болгон. Ал өзүнүн иш-сапары тууралуу көлөмдүү макала жазып,
ал «Советтик Кыргызстан» гезитинин бир нече санына жарыялаган. Бул
макала коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Чыгармачыл адамдар
ыраазылык билдиришкен.Насирдин акенин макаласы абданокумдуу,
сабаттуу, адамга жугумдуу тил менен жазылгандыгына баа беришкен. Мен анын
макаласы тууралуу пикиримди кат аркылуу жөнөткөм. Ырасы, менин катыма көнүл
деле бөлбөйт го деп ойлогом. Бирок, Балыкчыдан менин иштеген жериме Насирдин
акеден «Төлөнбай, менин макалама айтылган жылуу пикирин үчүн абдан
ыраазымын. Сага рахмат. Кабарлашып тур» деген жооп келген.
Көрсө, Насирдин аке жан-дүйнөсү назик, табиятынан чыгармачыл инсан
тура. Бош убакыт боло калганда анын ыр жазып жүргөндүгүн, комузда кол
ойнотоорун кийин билип жүрбөйбүзбү…
***
1991-жылдын ноябрь айы болчу. Кечинде Кыргыз
Республикасынын алгачкы премьер министри Насирдин Исанов телевизордон жол
кырсынан каза болгондугу тууралуу кабар айтылып калды. /й-бүлөм менен
уккан кулагыма ишенбей, ордумда таштай катып туруп калдык. Кайгылуу кабар кайра
кайталанды. Тааныштар бири-бирибизгекабарлашып да бир жерде
топтолуп, Токтогул көчөсү менен андагы Дзержинский (азыркы
Эркиндик ) гүлбагы менен кесилишкен үйүнө бардык. Адамдар абдан көп
экен. Улууларбизге окшогон жаштарды келген адамдарды тосуп
туруу кызматына бөлүштүрүштү.
Насирдин акенин зыйнатына Кыргызстандын бардык аймагынан
адам көп келди, айрыкча Көл менен Нарын тараптан. Көнүл айтканы
келгендердин арасынан «Н.Исановдун бир туугандары кимдер экен?» деген
суроо бергендер да болду.Тааныгандары аларга жупуну кийинген агасы
Абдылда менен айдоочу болуп иштеген инисин көрсөтсө, суроо ээси
экөөнү ишенип –ишенбей карап алып, акырын башын чайкап: «Кайран
Насирдин чынчыл адам эмес беле…» деген кобурангандарыкулагыбызга чалына
түшүп жатты.
Адамдардын «Кайран жигит, жаш кетти…», «Аткара турган
иштериалдыда эмес беле…» деген оор үшкүрүк аралашкан
жоктоолору Насирдин акебиздин кыска, бирок, өтөлгөлүү өмүрү, элине
жерине синирген эмгегин дагы бир ирет эске салып турду. Канырыгыбызды ого
бетер түтүтөп, токтоюн деп бараткан көз жашыбызды кайрадан кылгырттып жатты.
***
Н.Исанов 1991-жылдын29-ноябрында түштүк тарапка чет элдик фирма
башчылары менен жол тартып баратып Ош-Жалалабад жолунан ЗИЛ-130 машинасы менен
кагышып жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок, ошол авария болгон учурда
“Волга” машинасында бир топ адамдар болгонуна карабай жалгыз Насирдин
Исанов гана өлүм тапканы бүгүнгө чейин табышмак. Бирге бараткан бизнесмен Борис
Бирштейн болгону денеси гана сыйрылып, оор жаракат деле алган эмес..
Кыргыз Республикасынын алгачкы Премьер-министринин табышмактуу өлүмүнө
нараазы болгон жакын туугандары анын сөөгүн Ноокатка алып кетебиз
деп турду. Бирок, алар Насирдин аке Ноокаттын гана эмес, Кыргызстандын уулу
болуп калгандыгын сезген бекен,оов!
***
Расмий маалыматтарга таянсак, Н.Исанов 1991-жылдын 29-ноябрында
түштүк тарапка чет элдик фирма башчылары менен жол тартып баратып Ош-Жалалабад
жолунан ЗИЛ-130 машинасы менен кагышып жарык дүйнө менен кош
айтышкан.Бирок, “Волга” машинасында бир топ адамдар болгонуна
карабай жалгыз Насирдин Исанов гана өлүм тапканы бүгүнгө чейин табышмак. Бирге
бараткан бизнесмен Борис Бирштейн болгону денеси гана сыйрылып, оор жаракат
деле алган эмес..
Айрым басылмалардын жазгандарына караганда Насирдин Исановдун өлүмү
болгон учурда Бирштейн күтүүсүз өз мекенине Андижан аркылуу учуп кеткен. Бир
канча убакыт Исановдун жанында кайсыл бир алтын боюнча долбоорлор боюнча иш
алып барууну көздөп жүргөн Санжар Айтматов да, кырсык учурунда Насирдин
Исановдун жанында болгон менен анын чыпалагы да сынбай тескерисинче улуу
адамдын аза күтүү күнү ал да Анжиян, Ташкент аркылуу Москва тарапка сапар
алган.
Анын өлүмү үй-бүлөсү үчүн да, коомчулук үчүн да бүгүнкү күнгө чейин
түшүнүксүз абалды жаратып келет
***
Насирдин Исанов бетке айткан, эч нерседен жалтанбаган инсан экени айтылып
келет. Анын экс-президент Аскар Акаев менен болгон өтө олуттуу маселени
талкууга алуу учурунда күтүүсүздөн канайым Майрам Акаева да келет. Насирдин
Исанов анын канайым экенине карабастан “сиз эркектер ортосундагы жооптуу
сүйлөшүүгө катышпай эле койгонуңуз оң го” деп кесе айтып, канайымды катуукагып салган деп айтылат.
ган да жайы бар. Мындай бетке айткан, акты ак деген адамдардын өмүрү кыска
болот деген кудайдан деле эмес болгон учурлар көп. Анын бири Насирдин Исановдун
өлүмү. Премьер тактысында 311 күн гана олтуруп, элге эмгеги сиңген Насирдин
Исанов болгону 49 жашында табышмактуу өлүмдүн курмандыгы болгон.
Төлөнбай Абдыразаков,
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg МЕКТЕП КУРУЛУШУНДА 3,5 МЛН СОМГО ЖАКЫН ЗЫЯН КЕЛТИРИЛГЕН
-
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ЖАҢЫ ӨКМӨТ ДАЙЫНДАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.