Аймак

ДЕН СООЛУКТУ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ БОРБОР

ДЕН СООЛУКТУ  КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮЧҮ  БОРБОР

 4,212 Бардыгы /

  Бардык нерсенин тарыхы  болот эмеспи.  Кочкор-Ата шаарындагы «Кочкор-Ата»  атындагы областтар аралык ден-соолукту калыбына келтирүү борборунун  дагы  таржымалы бар. Ал  өткөн кылымдын 50-жылдары бул аймакта геологдор  нефть жана  газ изилдөө максатында № 19 скважина  казышкан кезде жер алдынан минералдык жылуу суу  чыккан. Сууну лабораториялык жол  менен  изилдеп көргөндө  анын  составында  натрий,  хлор, кальций жана  башка  микроэлементтер  болгон. 

 Бир топ жылдардан кийин Фрунзедеги (азыркы Бишкек)  курортология  институтунда анын дарылык  касиети тереңирээк  изилдөөгө алынып, бул суунун сөөк, муун, тери  ооруларын айыктырууга   жакшы  таасир  беришин  аныкталган.

Анын негизинде 1981-жылы  Кочкор-Ата  шаарчасында  150 орундуу  колхоздор аралык  балдардын  ден  соолугун  калыбына  келтирүүчү   оорукана  курулуп, ишке  киргизилген. Анын жетекчилигине Э.Кожомбердиев дайындалган. Андан кийин иштеген Б.Макамбаев, К. Култаева, А. Темирбаев, Т.П. Жернова сыяктуу жетекчилердин тушунда да жакшы  иштер жасалган.

 Мурдагы СССРдин курамындагы союздук республикалар өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткенден кийин башка тармактар сыяктуу медицина да оор кырдаалга тушуккан. Аталган мекеме бир топ жыл ремонттон өткөрүлбөй,  айрыкча 1999-жылы абдан кыйын абалга туш болгон. Бюджеттин  тартыштыгына  байланыштуу  оорукананын материалдык-техникалык  базасы аябай  начарлап, бейтаптар  үчүн түзүлгөн шарт талапка ылайык келбей калгандыктан медициналык борбор  жабылып калуу  коркунучунда  турган эле.

 Оорукананын мындай абалы жергиликтүү  жана борбордук бийликти түйшөлтүп,  ага бир аздан болсо да көңүл бурула баштаган. Ушундай   кырдаал учурда оорукананы жетектеп турган Өсөрова Дилбар  демөөрчүлөрдү  таап, кайрымдуулук  фонд түзүп,  раймамадминистрациясына  кайрылып, айыл өкмөттөрдүн жана мекеме-уюмдардын   жардамы менен  өтө зарыл болгон ремонт  иштерин  алдыга  жылдырган. Атап айтсак: үч кабаттуу 2 имараттын үстү жаңыртылып, жогоруда  айтылган  минералдык  жылуу суу  жер  асты менен 9 километрден  түтүкчө  аркылуу  ооруканага  киргизилген. Жылытуу  системасы  кайрадан  жасалып, бардык  имараттын  ичи  капиталдык  түзөттөн  өткөрүлгөн. Матрац,  төшөктөр  кайрадан  жамааттын күчү  менен жаңыланган. Ошондой эле сырткы 2 жана 4  очколуу, борбордук  канализацияга уланган 4 очколуу,  ажаткана  курулду. Реабилитациялоо  бөлүмүнө  жаны физиоаппараттар  алынды, ванналар  алмаштырылды.

 Борбордун эки имаратынын эшик-терезелери пластик эшик-терезелерге алмаштырылды. Оорукананын  ашканасынын  үстү шифер менен жабылды, ичи капиталдык  түзөтүүдөн өткөрүлүп, жаңы  стол, стул, идиш-аяк менен камсыз болду. Бардык  бөлүмдөр  жумшак эмеректер  менен  камсыз болду. Балдар  жана  аялдар  бөлүмүнө  жаңы  диван  кроваттар  алынып,  муздаткыч  менен  камсыз  болду. Анын натыйжасында түштүк  регионундагы бардык  областардан  дарыланууга келген бейтаптардын  саны кескин өстү.

Оорукананын  аты  «Кочкор-Ата»  атындагы Областар аралык Ден-соолукту Калыбына Келтирүү Борбору  болуп  өзгөргөн, анын неврология  бөлүмү 65, аялдар  бөлүмү 20 жана  балдар  психоневрология  бөлүмү 20  койкага өскөн.

Дилбар Өсөрова көптөгөн ийгиликтерге жетишип, калктын саламаттыгын сактоодо   көрсөткөн өзгөчө кызматтары үчүн  атайын сыйлыктарга жана наамдарга татыктуу болгон.

«Кочкор-Ата»  атындагы областар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору  Рахмоналиевна Минавар Тухтабаева мындай дейт.

– Биздин борбор  жарандарга  адистештирилген  медициналык  стационардык  жардам  көрсөтөт.  Бир жылда 3300-3500 бейтап  дарыланып, бул көрсөткүч койканын  аткарылышы  105-110% ды  түзөт дегенди түшүндүрөт.

 Аялдар бөлүмүндө: аялдардын жыныстык жактан сезгенүүсүнө чалдыккан, I, II даражадагы  тукумсуздук дартына чалдыккан бейтаптар  айыздын бузулушу, климакс, жатындын операциядан кийинки ткандагы клеткалардын жармашып калуусу сыяктуу ооруларга шыпаа таап кетишет.

Неврология  бөлүмүндө: моюн, көкүрөк жана бел омурткаларынын остеохондрозу, мээнин сезгенүү оорусуна чалдыккан  оорулуулар дарыланышат. 

Бүгүнкү  күндө  бейтаптар  үчүн жакшы шарт  түзүлгөн.    Оорукананын  жер аянты 6 га. Ал үч  имараттан  турат: экөө  үч,  бирөө бир кабаттуу. Дарылоо  корпусу  курорттук  стандарттын  негизинде  салынган, анда бейтаптар дарылоочу балчык, шам (парафин)  жана  минералдык  суу менен даарыланышат. Фитобочкалар организмде топтолгон туздарды, шлактарды сыртка чыгарып, денени, терини тазалоого жардам берет. Шам (парафин) менен дарылоо кюветтик аппликация ыкмасы менен ишке ашырылат.

Ден соолук кадырын ооруган адамдар жакшы билет эмеспи. Алар  мындай  дарылоонун  кандай  таасир бергендигин даана сезишип, ыраазылык сөздөрүн айтып жатышкандыгы биз үчүн жагымдуу.  Көпчүлүк бейтаптар суу түтүгүнүн жардамы менен ооруканага чейин  түз агып келген  минералдык  суунун дартка шыпаа экендигин къп айтышат.

Анын иондук курамы хлориддүү:кальций, натрийлүү, биологиялык жактан активдүү кремний кислотасынын катышы жок. ГОСТ тарабынан руксат берилген нитраттардын, аммонийдин, коргошундун, цинктин катышы чектен ашпайт, же болбосо такыр эле жок.

Борбор түштүк  регионунда  ден соолукту  калыбына келтирүү  багытындагы  жалгыз  дарылоо  мекеме  болгондуктан, мында эмгектенген медиктер өз ишине жопкерчилик менен мамиле жасашат. Ооруканада бүгүнкү күндө 10 дарыгер (7 жогорку категориялуу, 1 биринчи категориялуу, 2 жаш дарыгерлер), 40 орто мээрман эже (15 жогорку категориялуу, 3 биринчи категориялуу, 4 экинчи категориялуу) кенже мээрман эжелер жана тейлөөчү адистер эмгектенишет. Саламаттыкты сактоонун ардактуу  кызматкери наамына 8 дарыгер, 4 орто мээрман эжелер татыктуу болгон.

Абылбек Темирбаев, Бааркан Абдыкадырова,  Аракул Рустамов, Капалбай Молдоболотов, Бурул Мадумарова,  Матлюба Абдуваитова өңдүү дарыгерлерибиз жамааттын жана бейтаптардын арасында  чоң кадыр  баркка ээ жана көп жылдардан бери эмгектенип келе жатышат.

Борбордогу медициналык тейлөөнүн сапаты – медайымдарды кесипкөйлүгүнө жараша болот. Бул жагынан алганда биздин жамаатта өз ишин жакшы билген адистер көп. Алардын катарына укоолоочу Суйун Курбаналиев, Нурбек Алкадыров, Омуркан Каримбердиева, Гулжан Мырзахметова, Кулипа Болотова, Батма Токоева, Бузейнеп Жалалова, Замира Орозова, Жумакан Исмаилова, Замира Осорованын  ысымдарын  тартынбай кошсок болот.

 

   Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Кочкор-Ата шаары, Жалал-Абад  облусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17