Аймак

ӨЛКӨ СЫЙМЫКТАНГАНДАЙ ЖАРАН БОЛ!

ӨЛКӨ СЫЙМЫКТАНГАНДАЙ ЖАРАН БОЛ!

 23,538 Бардыгы /

(Биз коррупцияга каршыбыз!)

Класстык саат

 Сабактын темасы:  Өлкө сыймыктангандай жаран бол!

(Биз коррупцияга каршыбыз!)

Сабактын максаты: а) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупция деген түшүнүктү, коррупциянын белгилерин, коррупциянын себептерин  билишет;

 

б) Коомдого мындай терс көрүнүштөргө өз ой пикирлерин эркин айта алышат;

 

в) Чынчыл, адилет болууга, бардык нерсеге каниет кылууга, жаман адаттардан алыс болууга тарбиялоо.

 

 

Сабактын жабдылышы; Ватман, сүрөттөр, проектор менен слайд көрсөтүү.

 

 

 

 

Сабактын усулу: Суроо-жооп, жалпы иштөө, талкуу, презентация
Сабактын жүрүшү: 1.Саламдашуу.

2. Окуучуларды тактоо

3. Тазалыкка көңүл буруу.

 

Мугалим :  ( Сабактын максатын айтуу менен мугалим сабакты баштайт.)

  • Келгиле окуучулар биз бүгүнкү сабакка жагымдуу маанай тартуулоо үчүн «Отургучтар» деп аталган оюнду ойнойбуз. (Бул үчүн мугалим өзү бир окуучу менен алдын ала даярдык көрүшкөн) 3 стул тегерек коюлат, 4 окуучу доскага чыгат. Музыка башталганда оюнчулар стулдарды тегеренип чуркашат. Музыка токтоор замат ар бири орундуктарды ээлеп калууга тийиш. Ким үлгүрбөй калса ал оюндан чыгат.

Оюн башталат. Музыка токтогондон кийин мугалим даярдап койгон окуучу атайлап орундуксуз калат да оюндан чыккысы келбей нааразы боло баштайт. Анан мугалимге кайрылып: Менин оюндан чыккым келбейт, мүмкүн Сиз экөөбүз сүйлөшөөрбүз? Буга мугалим: Жок, эреже боюнча сен оюндан чыгышың керек. Бирок, окуучу буга  макул болбой мындай дейт:  Макул, 100 сом берейин, сиз мени оюнда калтырыңыз. Мугалим ойлоно түшөт да: Жок, 100 сом аз деп, оюнчуларга кайрылат: Ким мага 200 сом берсе оюндун жеңүүчүсү болот. Окуучулар нааразы болушат анткени оюндун жеңүүчүсү болуш үчүн алар акча берүүгө даяр эмес болчу. Андан соң мугалим баягы окуучуга кайрылат. Болуптур сен оюнда кала бер! деп, эреже боюнча оюнда кала турган башка бирөөнү оюндан чыгарат. (оюндун аягында пара берген окуучу жеңишке жетет, бул оюнду максаты-окуучулардын нааразычылыгын туудуруп, мугалим менен «пара берүүчүнү» жек көрүү)

Оюндун жыйынтыгын чыгаруу. Мугалим суроолор аркылуу окуучуларга кайрылат.

  • Силерге оюн жактыбы? Оюн эмнеси менен жакты?

Окуучулардын жооптору: жок, эч нерсеси жаккан жок.

-Оюн учурунда өзүңөрдү кандай сездиңер?

Окуучулардын жооптору:  өтө жаман, жардамсыз,укуксуз.

Эмнеге жаккан жок?

Окуучулардын жооптору: жаккан жок,  оюндан чыга турганда чыкпай, так ойногондор чыгып калышты, таза эмес ойногондор утушту, мугалим менен оюнчу биригип кетишти, мугалим оюнду өзү каалагандай жүргүздү, оюнчуларды басмырлады.

  • Окуучулар азыр сиз, көргөн көрүнүштү кандай атоого болот?
  • Паракордук…
  • Коррупция

Мугалим: Демек биз бүгүн сиз айтып  өткөн коррупция жөнүндө сөз кылабыз.  Окуучулар коррупция деп укканда оюнарга алгач эмне келди? (Окуучулардын жоопторун угуп бүткөн соң)

-Окуучулар силер айткандар туура, бирок атайын укуктук аныктама бар экенин айтып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясында берилген коррупциянын аныктамасын илет.

Коррупция материалдык, ар кандай башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды укуксуз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берүү максатында бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон бир же бир нече кызмат адамынын айрым адамдар же топтор менен туруктуу байланышын билдирген, коомдук жана мамлекеттик  таламдарына коркунуч келтирген атайын жасалган жосундар.

Мугалим: Коррупция- бул атайлап жасалган иш. Атайлап жасалган иш деген- адам мыйзамга каршы иш жасаарын, ал иш жаман кесепеттерге алып келээрин, бирок баары бир ушундай ишке бараарын түшүнөт. Кызмат адамы- атайын бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон кандайдыр бир кызматка тандалган же убактылуу дайындалган киши.

Буларды түшүндүрүү менен мугалим коррупциянын негизги белгилерин жөнүндө слайд-шоу аркылуу түшүндүрмө берет.

Коррупциянын белгилери:

  1. Коррупциялык иштерге катышкан адам кызмат кишиси болуп саналат.
  2. Ал дайым адамдар же адамдардын тобу менен мыйзамсыз байланышты ишке ашыруу үчүн өзүнүн кызматтык абалын жана андагы мүмкүнчүлүгүн пайдаланат.
  3. Ушулардын бардыгы башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттик кызыкчылыгына зыян келтирет.

Мугалим: Жогоруда берилген маалыматтарды толуктоо, талкуулоо максатында, үйгө берилген тапшырманы  сурайт. (Өткөн сабакта үйгө «Коррупция деген эмне?» деген темада сүрөт тартуу берилген)  Окуучулар өздөрү тарткан сүрөттөргө түшүндүрмө беришет. Тартылган сүрөттөр доскага илинет. Андан кийин мугалим окуучулардан бул же тигил  сүрөттөрдү эмне үчүн  тарткандыгын сурайт.

Мисалы: Ыйлап жаткан адамдын сүрөтү, кайгылуу кебете, ыйлаган гүлдөр, кандайдыр- бир канаттуулар.

Атайын даярдалган окуучу өзү тарткан сүрөттү түшүндүрүп менен жаңы маалыматты  берет.

Окуучу: – Биз кимди катураак жазалоого дейбиз – паракордубу же пара берүүчүнүбү? Өзү тарткан сүрөтү менен экөөсү тең күнөөлүү экендигин билдирди..

 

Жыйынтыктоо: Мугалим төмөндөгү суроолорду берүү менен сабакты жыйынтактайт.

 

  1. Коррупция деген эмне экен?
  2. Коррупцияга каршы күрөшүүдө сен кандай салыш кошо аласың?
  3. Паракорду жазалоо керекпи же пара берүүчүнүбү? Сениң оюң кандай?

 

Мугалим: Мына окуучулар бүгүнкү сабак өз аягына  жетип турган учурда мен ушуларды кошумчалап кетүүнү абзел деп ойлодум. Коррупция деген терс көрүнүш коомдо тамыр атпасын,коррупцияга каршы күрөшүү ар бир атуулдун негизги милдети болуп калсын. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бекеринен «2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият жылы»  деп жарыялаганы жок. Ыйман менен адеп бар жерде маданият болот. Мекенди сүйүү-ыймандан.

      Өлкө сыймыктангандай жаран бол!

Пайдаланылган адабият: БИЗ КОРРУПЦИЯГА  КАРШЫБЫЗ. Класстан тышкаркы сабактарды өткөрүү боюнча жалпы орто билим берүүчү мектептердин мугалимдери үчүн методикалык колдонмо. Авторлору: А.Н.Мурзалиева, Ж.М.Нарбекова

№ 46 Багы-Шамал негизги мектебинин математика  мугалими, Базарбаева Зухра Абдусаттаровна Ала-Бука району.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17