Аймак

САБАКТЫН ПРОГРАММАСЫ

САБАКТЫН ПРОГРАММАСЫ

 3,886 Бардыгы /

Сабактын темасы:  “Мектебиме 80 жыл”

Сабактын максаты: Окуучуларга Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто

билим  берүүчү мектеби жөнүндө маалымат берүү.

Мектебин, жерин, элин сүйүгө тарбиялоо.

Сүйлөө речин өстүрүү.

Сабактын усулу: интерактивдүү.

Сабактын жабдылышы:сүрөттөр, таблицалар, слайд шоу, интерактвдүү доска.

Сабак өтүлүүчү жер:  Мектептин Т.Балтагулов атындагы  музейи.

Сабактын  жүрүшү: 1)уюштуруу.

2) Класс 3 топко бөлүнөт.

  1. “Тарыхчылар”
  2. “Изилдөөчүлөр”
  3. “Лирика”

4- топ мектептин админстрациясынан  түзүлгөн

“Маалымат   берүүчү” топ.

Сабакка Т.Балтагулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин бүтүрүүчүлөрү жана 11-б класстын ата-энелери  чакырылган.

Мугалим:

“Сексенге чыктыбы”- деп суроо салып,

Толкунданып кубангандан көз жаш  алып.

Мектебим картайбачы,картайбачы.

Тилектер орундалып сен жашарып,

 

“Сексенге чыктыбы”-деп суроо салып,

Кубанып шаттангандан  ырлар агып,

Мектебим жаңылангын ар күн сайын,

Максатар орундалып сен жашарып.              (Н.Каленова)

 

Т.Балтагулов атындагы №1  жалпы орто билим берүүчү мектеби  жөнүндө  слайд  шоу көрсөтүлөт.    

 

Мугалим:

Балтагулов мектебинин тарыхы,

Ак баракка калган бүтүн жазылып.

Урпактардын көз алдына тартылат,

Кече гана  турган өңдүү салынып.

 

“Тарыхчылар” тобу:

 

Мээрим: Райондун борборунда 3 мектеп бар. Ошолордун ичинен уюткулуу, бараңдуусу  Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү мектеп. Мектеп улуу инсан Т.Балтагуловдун  алып  жүрөт. Мектеп быйыл 80 жашта. Мектептин өзүнө тиешелүү жекече тарыхы бар.

Азиз: Азыркы Ала-Бука райондук билим бөлүмүнү имаратында, 1938-жылы Ала-Бука жатак мектеби уюштурулуп, ага райондун бардык аймагынан балдар келип, жатып окушкан. 1939-40-жылы 39 окуучу окуп, 7 мугалим эмгектенген. 1947-48-окуу жылында  15 окуучу бүтүрүп, аны ичинен 8 бүтүрүүчү ошол эле мектепке мугалим  болуп  иштөөгө калтырылган.

 

Азиза: Улуу инсан Т.Балтагулов Фрунзе шаарындагы мугалимдерди даярдоочу эки жылдык институтун  аяктап, эмгек жолун ушул №1 Ала-Бука орто мектебинде баштап, үч ай мугалим, кийин  директор, кийин Ала-Бука билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына которулат.

Айдай: 1938-2007-жылга чейин №1 Т.Балтагулов орто мектебинде 23 мугалим  директор  болуп иштеген болсо, алардын  он бири эл агартуу министринин жолдомосунун негизинде Фрунзеден келишкен. Х.Ахмедов, С.Мустадкен, В.Григорьев,  А.Икрамов,  У.Эшалиев, Р.Хамдамов, Ж.Дурусалиев,  К.Нуркулов, С.Долмонего, В.Бреусс,  М.Абасов, С.Токтогулов, Ж.Акматов, К.Смаилов  сыяктуу директорлор мектептин окуу тарбия ишиндеги бардык ысык-суукту көтөргөн белгилүү педагог инсандар.

Бектемир: 1987-жылдан баштап №1 Ала-Бука орто мектебине Т.Балтагулов орто мектеби деген статус берилген.

2008-жылдан бери мектептин  өсүп өнүгүшүнө барандуу салымдарын кошкон жетекчилерди айтпай кое албайбыз.Алар “эл агартуунун отличниктери” И.Курманкулов, А.Наркулова, Ж.Алчынбаев, Касиет Сатиева, Каухар Бейшекеева  эжекейлер.

Мугалим:  Балтагулов мектебинин тарыхын,
Жазат дайым изилдешип,окуучулар.

Ар бир жазган маалыматты,фактыны,

Урпактарга тарых болуп сакталар.

 

Изилдөөчүлөр тобу:

Маржона: 1938-жылдан 2008-жылга чейин 3800дан ашуун  окуучу бүтүргөн.Ал эми  2008-жылдан 2018-жылга чейин 717 бүтүрүүчү бүтүрүп,анын ичинде 148 окуу жалаң “беш” деген баага аяктаган.

Сыймык: 1999- окуу жылынын  бүтүрүүчүлөрү Жылдыз  Султанмуратова, Алиев Айбек “Кыргызстан -СОРОС  фондунун” программасынын негизинде 2 жыл Америка Кошмо Штатына  окуп келишкен. Ошол эле жылдары “Тынчтык корпусунан” волонтер  Мистер Вум келип, мектепте эки жыл иштеп кеткен.

Жайнагүл: Областтык олимпиада да  тарых предмети боюнча Усупов Эркин, Аргынбаев, Каримбердиев Б, орус тили боюнча Кахарова А, Халмуратова Ф, Файзуллаева М, физика предмети боюнча Стамалиева Малика,биологиядан Байгозу уулу Сапар, англис тилден Камчыбекова Үмүтай, математика боюнча Назира  Орозова II жана III  байгелүү орундарды ээлешсе, быйылкы окуу жылында 11-б классынын окуучусу орус тили жана адабият предметти  боюнча Исакова Айпери,10-классынын окуучусу Акимбекова Айгиза областта I орунду ээлешип, биздин эле эмес жалпы областтын сыймыгы боло алышты .

Мирлан: 2014-окуу жылында АКМО алтынчы класстын математика  предметти  боюнча олимпиада Календаров Актан областа , республикада I орунду ээлегенин сыймыктануу менен айта алабыз.

Ал эми  2004-жылкы бүтүрүүчүбүз Сулайманкулова Айтурган жалпы республикалык тесте 200 балл алуу менен Кыргыз Республикасынын президентинин колунан “Алтын сетификат” алган. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрүбүз Жалилов Гүлжигит 182, Зарина Рысбаева 188, Сарбагышова Жибек 188, Тыныбекова Нургүл 188, Токтобаева Альбина  184 баллга ээ болушту.

Камола: Мектеп окуучулардын саны менен эмес даңкы менен сыймыктанат. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз республиканын булуң бурчтарында эмес, ар бир өлкөдө  эмгектенип жатышкандыгына сыймыктанабыз. Биз өзүбүздүн эле райондо иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздү эле айтып кетели:

1)Мамырбеков Маматкул-“Кыргыз Почтасы” Ала-Бука райондогу филалынын жетекчиси.

2) Рысматов Акыл-Ала-Бука РЭСтин  жетекчиси.

3)Калыков Абаз- Ала-Бука Суу чарба  башкармасынын жетекчиси;

4)Дооронбек уулу Мунарбек – Ала-Бука айыл аймагынын башчысы;

5)Фарманкулов Галыб-Ак-Коргон айыл аймагынын башчысы;

6) Карабаева Бурулча-“Келече” бала бакчасынын башчысы;

7)Тураббаев Шавкат-райондун вет.лабораториянын башчысы, айта берсек бир китепке да батпайт.

 Нурбакыт: Айылдык кеңешинин 25-26-чакырылыштарына жаш депутаттардын   шайланышы, биздин эле эмес, жалпы эле  райондун  сыймыгы. Алар Мамырбеков Аман, Атагозуев Чынарбек, Стамов Асыл, Койчумбаев Самат, Рыскулбеков Элистан, Умаров Адыл,  Атаматов Кылыч, Жоробеков Акыл жана башкалар. Булар биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү.

 

             Айтурган: Эң кызыктуу цифраларга сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз. Мектепте 70 мугалим эмгектенсе, алардын ичинен 25 мугалим өзүбүздүн бүтүрүүчүлөр 8 мугалим орус тили жана адабият мугалими. М.Валиева,  Б.Аскарова,  Г.Маткеримова,  Ф.Базаров, З.Мирзакаримова, З.Бабаназарова,  С.Чотоева , Момунова Г. Ал эми Нарзуллаева Зуля, Байдөөлөтова Динара, Рустамова Жумагүл, Низамов Фанис, Раупбеков Бегалы,  Кулуева Чынара эжекелер биздин бүтүрүүчүлөр- бизди окутуп жаткандарына  сыймыктанабыз.

 

 Мугалим:

Сексен жылдык ийгиликтин жолунда,

Нечен деген маңдай терлер агылып.

Түн уйкусун көрбөй эмгек арнаган,

Жетекчилердин ысымы калган аталып.

 

“Маалымат берүүчү” тобу:

 

1)Бейшекеева Каухар –мектептин директору

Мектептин экинчи этажындагы класстарынын полун оңдоо үчүн ата-энелер тарабынан 112600 сомдук акча каражаты, мындан тышкары 33 000 сомдук эмеректер сатылып алынды.

Ал эми 2007-жылкы бүтүрүүчүлөр тарабынан 12 даана компьютер, 2 принтер, 400 000 сомду, 1997-жылкы бүтүрүүчүлөр 50 миң сомдук банкка депозиттик эсеп ачышты.

Мектепке 2013- жылдан бери ата-энелер тарабынан “Көзөмөлчүлүк кеңеш” түзүлгөн. Быйылкы жылы ата-энелер тарабынан 247 000 сом банк эсебине которулган. Акча негизинен олимпиадага катышкан окуучуларды сыйлоого, жардамга муктаж соц.жетимдерге, спорттун жана ар кандй иш чараларга жумшалат.

2) Сулайманова Нурила-окуу бөлүмүнүн башчысы.

Азыр мектепте 70 мугалим эмгектенет, алардын ичинен  он бири “эл агартуунун отличниги”, окуучулардын саны 1527, 25 окуу бөлмөсү, 1 спорт зал, 1интернетке туташкан компьютердик кабинет, 1 ашкана, 3 лаборатория, 1 китепкана,1 музей бар.

 

3) Орозова Айнура-мектептин мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу.

“ Ыйман, адеп жана маданият ” жылынын карата  өткөрүлгөн иш-чаралардын

жыйынтыгынын негизинде, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 1-орунга ээ болдук. Ал эми С.Орозбаковдун 150 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “Манас таануу” конкурсунда байгелүү 3-орунду ээледик.

4) Нармирзаева Нургүл-мектептин соц.педагогу.

Узак мөөнөттүү “Кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо”,”Коррупциялык көрүнүштүргө каршы концепсия” жана башка иш-чараларды ар дайым өз убагында аткаруу менен 1527 окуучулардын арасында ар түрдүү класстан тышкаркы иш-чаралар, семинар-сабактар уюштурулат. Жакында “Абийир соту кылмыштуулукту жоёбу, Мыйзамдуулук менен ага чек коёлу” деген темада райондук прокуротура бөлүмү менен интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

 

4) “Лирика” тобу

1.Атай у Суудай                          “Мектебим”

Бекмырзаева Жайнагүл

2.Канжарбекова Н                    “Мугалим эжеме”

Иманалиев  К

3.Атай у Суудай                    “Мектеп жылдары”

Канжарбекова  Н.

4.Мектеп жөнүндө көркөм окуу.  11-б класстын окуучулары

  1. “Бешинчи урпактар”.

Мугалим: Мектепке 80 жыл толгон болсо, ошол учрдагы биринчи бүтүрүүчүлөрдүн неберелери, чеберелери азыркы учурда мектепте окуп жатышат. Анда эмесе аларга сөз:

Мен, Масалбекова Айтурган Т.Балтагулов атындагы №1 орто мектебинин                     2-классынын отличниги окуучусу.Менин  атам Алмаз 7 бир туугандары менен ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү.Атамдын атасы Масалбек чоң атам жана  чоң атамдын 9 бир тууганы да ушул мектепти бүтүргөн.Чоң атамдын атасы Иманбек чоң атам ушул мектепти бүтүрүп,ушул мектепте кыргыз тили  жана адабият мугалими болуп иштеген.Азыркы  учурда 11-б классында окуп жаткан “Экология” кабинетти чоң атам “Иманбек” атындагы кабинет.Биз Баймырзаевдардын “төртүнчү муундары” ушул мектепте окуп жатканыбызга сыймыктанабыз.

Мен, Алишеров Жумабек 5-класстын окуучусумун. Мен атам Эмил, апам Каныкей ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү. Атамдын апасы Уулкан Давыдовна Балтагулова 47 жылдык стажы менен ушул мектепте тарых мугалими болуп иштейт. Дөбүталы чоң тай атам да ушул мектепте окууган. Чоң тай атамдын агасы Төрөгелди Балтагулов эмгек жолун  ушул мектептен баштаган. Биз Балтагуловдордун “бешинчи урпактары” мектебибиз менен сыймыктанабыз.

Мен, Арууке Кошалиева 11-класстын бүтүрүүчүсүмүн.Менин атам Сулайман  Кошалиев ушул мектептин 1993-жылкы бүтүрүүчүсү.Азыркы учурда  Иштамбердиде башкы инженер болуп иштеп жатат.

Атамдын атасы да Ибрагим   ушул мектепте окуган. Чоң атам Ибрагим Кошалиев 1969-жылы  ушул мектепти бүтүрүп, мединститутту аяктап, Ала-Бука жана Аксы райондоруна башкы дарыгер  болуп иштеген.Чоң атамдын атасы Корчубек чоң атам да ушул мектептин кечки бүтүрүүчүсү.

Мен, Арууке Кошолиева ушул мектептин бүтүрүүчүсү болгонума сыймыктанам.

 

Жыйынтыктоо:

 

Үйгө тапшырма : “Мектебиме 80 жыл” дил баян.

 

Н.Мусабаева-Ала-Бука району, Т.Балтагулов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү математика мугалими.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17