Аймак

Карыса да катардагы журналист

 2,439 Бардыгы /

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, карыя журналист, биздин ардактуу аксакалдарыбыздын бири Сатымкул Садыков быйыл 90 жашта. Ал өзүнүн бүткүл өмүрүн журналисттик кесипке арнап келе жатат. Сатымкул акенин “Буудайлар отолуп жатат” деген алгачкы кабары 1940-жылы жаз айларында Ноокен (анда Ленин) райондук “Жеңиш жолунда” (азыркы “Ноокен жаңырыгы”) газетасында жарык көргөн. Мына ошол мезгилден тартып анын журналисттик кесипке болгон ышкысы артып, райондук гезитке үзбөй кабарлар жаза баштайт. Анын мезгилге ылайык жазган терең мазмундуу кабарлары райондук гезитте гана эмес, областтык жана республикалык, ошондой эле коңшулаш Өзбекстандын, Казакстандын, Каракалпакстандын гезиттеринде да тез-тез жарыяланып, окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Чындыкты, тазалыкты туу тутуп келген калемгер өмүр бою элине, Мекенине ак дилден кызмат өтөп келе жатат. Ошондуктан аксылык акын, чебер журналист Анаш Сооронбаев тирүү кезинде “Сатыкеге таазим” деген арноо ырында:

“Кесипке журналисттик тандадыңыз,
Өмүрдү басма сөзгө арнадыңыз.
Жаштарга ар дайым үлгү болуп,
Түз жүрүп, натура ишке барбадыңыз”-

деп Сатыкенин тазалыгына, чынчылдыгына, жөнөкөй адамгерчилигине, кең пейил ынсандыгына таазим этип, эң туура сыпаттаган. Чынында эле журналист болуу оңой-олтоң иш эмес, ал үчүн жетиштүү билим, деңиздей терең акыл, күнү-түнү болгон тынымсыз аракет, чарчап талбаган эмгек, эң негизгиси – тазалык, дили таза ыйман керек. Мына ушул адамдык улуу сапаттардын бардыгы Сатымкул ага Садыковдо бар.

Сатымкул Садыков 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Сатыкенин өмүр жолу, жаштык кези өз замандаштары сыяктуу эле өтө татаал, оор мезгилге туш келген. Анын калеми эми курчуп, ошол кездеги Жалал-Абад областтык “Большевисттик жол”, “Большевист йули” газеталарына кабар жазып, эми такшалып келе жаткан мезгилде 1942-жылдын август айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, немистик-фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу салгылашууда ал Ата Мекенин, эл-журтун коргоодо чыныгы каармандарча күрөшүп, кан куйган каргашалуу согуштун алдыңкы чегинде болду. Ал ички иштер аскерин 5-запастык, андан соң 125-полкунда Воронеж фронтунун составында фашисттик баскынчылар менен катуу салгылашып, алгач 1943-жылдын 15-январынан баштап 27-январына чейин Россошь-Острогожск фронтунун жоокерлери андан ары немистерди артына кууп чегиндирип, ошол эле жылдын 8-февраль күнү Россиянын Курск шаарын ээлешти.
Андар ары немецтик аскерлердин шорун шорподой кайнатып, салгылашуулардан жеңиштер менен алгалап бара жатып Украинанын Харьков шаарын душмандан бошотушту. Ошол эле 1943-жылдын 2- сентябрь күнү Воронеж фронтунун күжүрмөн жоокерлери Украинанын Сумы шаарын душмандан бошотушту.
Ошол кезде жогорку командачы И.В. Сталиндин буйругу менен ички иштер аскерлерин фронттон бошотуп, аларды Кавказдагы, Ставрополь жана Краснодар өлкөлөрүндөгү СССРге каршы чыккан 27- майда улуттарды Орто Азия республикаларына, Казакстанга, Сибирге эвакуациялоого киришкен.
Ошентип Сатымкул Садыков 1943-жылдын 15-октябрынан баштап 1945-жылдын 15-июнуна чейин Сталинград областынын Сарепта шаарындагы ички иштер аскерлеринин 81-полкунда кызмат өтөгөн. Чыккынчыларды 1943-жылдын күз айларынан баштап 1944-жылдын жаз айларына чейин тийиштүү жерлерге эвакуациялоого катышкан.
Эвакуациялоо иштери аяктагандан кийин ички иштер аскерлери бузулган, талкаланган шаарларды, андагы завод-фабрикаларды кайра калыбына келтирүүдө туткунга түшкөн немецтерди кайтарып жүрүп иштетишкен. Кыскасы, 1945-1949-жылдарда бузулган шаарлар, кыштактар да калыбына келтирилген, туткундагы немецтерге да элине кайтууга уруксат берилип кете башташкан.
1950-жылга келип көп ички иштер армияларында КГБ аскерлери да түзүлүп, Сатымкул Садыков Сочи шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жүрүп, 1950-жылдын апрель айында демобилизацияланып, өз мекенине кайтып келген.
С. Садыков Улуу Ата Мекендик согушка катышып, көрсөткөн эрдиктери үчүн 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, “За отвагу”, “1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн”, “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш” медалдары жана башка Украинанын 2, Армениянын маршал Баграмяндын ысмына чыгарылган, ошондой эле бир нече юбилейлик медалдардын, ондогон республикалык Ардак грамоталарынын ээси.

Тажрыйбалуу журналист Сатымкул Садыков 1954-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин, пенсиядан соң ушул күнгө чейин Жалал-Абад жана Ош областтык газеталар – “Знамя коммунизма”, “Сталинский путь”, “Ленинский путь”, “Ленин жолу”, “Ленин йули”, “Акыйкат”, “Жалал-Абад тонги”, “Аймак”, “Дил” жана райондук “Ноокен жаңырыгы” газеталарына дайыма кат-кабарларды жазып келе жатат.
С. Садыковдун башка журналисттерден өзгөчөлүгү ал коңшулаш Өзбекстандын, алыскы Казакстандын, Каракалпакстандын газеталарына, союз мезгилинде КыргызТАГ, радиокомитетке, тигил жагы ТАССка чейин кабар жазган талбас-чарчабас журналист десем жаңылышпаймын.
Ал узак жылдар бою орусча, кыргызча, өзбекче газеталарга үзбөй кабар жазууда. Анын курч калеминен жаралган көптөгөн актуалдуу макалалар, көркөм публицистикалык очерктер, сын кабарлар коомчулук тарабынан дайым жылуу кабыл алынып келүүдө. Ал дайыма чындыкты жазып, биздин коомго жат көрүнүштөрдү, кемчиликтерди ашкерелеп, илгерки партиянын райкомдорунун, обкомдорунун катчыларынын кетирген каталыктарын тайманбастан бетке айтып, ак жүрөктүк өткүрдүгүн көрсөткөндүгү үчүн ар кандай кыяпат сөздөргө алынып, кызматтык кысымдарга да дуушарланып, бир жолу комсомолдун катарынан, эки жолу партиянын катарынан чыгарылган. “Ак ийилет, бирок сынбайт” деп элибизде айткандай, кийин ВЛКСМ БКнын, КПСС БКнын кийлигишүүсү менен кайрадан комсомол жана партиянын катарында калтырылган.
Сатымкул аке өз мезгилинде “Москва” колхозунун башкармасы менен партиялык комитетинин органы болгон “Ленин жолу”, Карл Маркс атындагы колхоздун “Коммунизм үчүн” көп тираждуу гезиттеринде редактор болуп иштеп, элди эмгекке, жаңы турмушка шыктандырууда көп кызмат өтөгөн.
1957-жылдан 1991-жылга чейин Казак ССРинин Алма-Ата шаарында уйгур тилинде чыгуучу “Коммунизм туги” (азыркы “Уйгур авази”), Каракалпак Республикасынын “Совет Каракалпакстаны” (азыркы “Эркин Каракалпакстан”), “Голос Арала”, “Нукусская правда”, “Аму тонги” жана башка гезиттерине, радикомитетине үзбөй кабар жазып, өз ара достук мамиледе тыгыз байланышып келген. Ошондуктан Каракалпак АССРинин эл акыны Толыбай Кабулов Сатыке тууралуу 5 жолу ыр жазып, өзүнүн ырлар жыйнагына киргизген. Анын “Сатымкул ага” деген ыры “Акыйкат” жана “Жалал-Абад тонги” газеталарында жарык көргөн. Сатыке тууралуу жазылган жакшы кабарларды коңшулаш туугундардын басма сөздөрүнөн кеңири жолуктурууга болот.
Сатымкул ага кесиптик, турмуштук бай тажрыйбага ээ. Ал 5 тилде – кыргызча, өзбекче, орусча, уйгурча жана каракалпакча эркин сүйлөй да, жаза да билген чебер журналист.
“Саргара жөртсөң кызара бөртөсүң” дегендей, Сатымкул ага Өктөмхан эже менен баш кошкон күндөн бери үй-бүлө очогун ынтымактуу жагышып, улуу-кичүүгө үлгү болорлук турмуш улап келишет. Өктөмхан эже экөө 5 уул, бир кыздуу болушуп, азыр 70 неберелүү жана чеберелүү болушту. Балдарынын бардыгы иймандуу, мээнеткеч болушуп өсүшкөн, бардыгы үйлүү-жайлуу, өздөрүнчө тутун булатып, эл үчүн эмгек өтөп келишет.
Сатымкул ага азыр 90 жаштан ашты. Өмүрүндө узак жолду басып өттү, башынан көп иштерди өткөрдү. Турмуштун ыссыгына күйүп, суугуна тоңуп бир тыным албай эл үчүн ак дилден эмгек өтөп келет.
Сатымкул ага карыса да калемин колдон түшүрбөй Аралды, жаратылыш байлыктарын сактоо, суунун өмүр булагы экендиги жөнүндө көптөгөн маанилүү макалаларды жазып келе жатат. Көп жолу республикалык конкурстарда жеңүүчү болуп сыйлыктарды алган.
Сатыкебиздин үй-бүлөсүнөн 4 киши СССРдин ордендери, медалдары менен сыйланышкан. Аялы Өктөмхан эжебиз колхоздо эпкиндүү эмгектенип, эки жолу Эмгек Кызыл Туусу ордени, бир нече медалдар, төш белгилер менен сыйланган. Алардын туңгуч уулу Пазылжан “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы, ортончу уулу Кахраманжан да бир канча медалдар менен сыйланган. Сатыкенин 5 уулдары тең Советтик Армиянын катарында кызмат өтөшкөн.
Сатымкул ага! 90 жашыңыз куттуу болсун!
Карысаңыз да калемиңиз колуңуздан түшпөсүн, элге жагымдуу макалаларда жаза бериңиз.

Жалал-Абаддагы кесиптеш журналисттердин атынан:
Ороазалы Карасартов, ”Аймак” газетасынын башкы редактору;
Батыржан ГАЗИБАЕВ, “Жалал-Абад тонги” гезитинин башкы редактору;
Арстанбек Якубов, “Акыйкат” гезитинин башкы редактору;
Базаркул Асанбеков, ардагер журналист
Сагын Эшме областтык Журналисттер уюмунун төрагасы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17