Аймак

Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин улуттук жана жалпы адамзаттык аспекттери

 67,357 Бардыгы /

Чокоева Д.М.
Ф.и.к. ЖАМУнун доценти
Мамырасулова Г.С.
Жалал-Абад коллежинин окутуучусу

Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин улуттук жана жалпы адамзаттык аспекттери

Аннотация

Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин улуттук жана жалпы адамзаттык аспекттериАвторлордун бул макаласында Ч.Айтматовдун белгилүү «Жамыйла» повестиндеги кыргыз улуттук дүйнө таанымы, улуттук жана дүйнөлүк аспекттерде изилдөөгө аракет жасалат. Бул аракеттин ийгилиги катары «Жамыйла» повести боюнча буга чейинки изилдөөлөрдө айтыла элек айрым ойлордун кезиккенин белгилөөгө болот. Мисалы, изилдөөчүлөр биринчи жолу «Жамыйла» повестин мазмунунун философиясын аныктоодо байбиченин (Сейиттин апасы) ролун таяныч пункт катары карашкандыгы. Мунун себеби, повесть кыргыз аялынын өзүн-өзү таануудагы бурулуш учурду көркөмдөгөн деп эсептешет. Ошондо байбиче өткөн доордун, Жамыйла жаӊы доордун өкүлдөрү. Кыргыз аялынын өзүн уруунун бир мүчөсү гана эсептеп, өз өмүрүн бүтүндөй ошол уруунун кызыкчылыгына багындырып келгендиги жана ал доордун аяктап бараткандыгы Байбиче аркылуу чагылдырылса, Жамыйла биринчи жолу өзүнө карата күйөөсүнөн жекече мамилени талап кылып чыгуусу менен ата-бабадан бери келаткан адептик канонду бузат. Жазуучу келечекке карата туура ориентирде болгондугун, бүгүнкү күндө жубайлардын бири-бирине карата жекече мамилеси жалпы эрежеге айландыгы тастыктап турат деген корутундуну беришет авторлор.

Abstract

In this paper authors tried to research world concept of Kyrgyz people in Ch. Aitmatov’s story “Jamila”. They tried to emphasize new aspects of research of this story. For example, researchers for the first time took old woman’s role (Seit’s mother) as a research aspect in philosophical content. Old woman is characterized as a woman from past time and Jamila is a representative from present time. In conclusion the authors clarified that in the story, Jamila was characterized as a woman who began to change national traditions, attitude between husband and wife.

Албетте, Ч.Айтматовдун «Жамыйла» повестин улуттук жана жалпы адамзаттык аспектилерден изилдөөдө дүйнөлүк маанидеги айтматоведдер Г.Гачев менен К.Асаналиевден ашып түшүп жаӊылык ачып жиберебиз деп ойлобойбуз. Г.Гачев «Джамийла» – как явление ускоренного литературного развития» (китепте: Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры), Фрунзе, 1989), К.Асаналиев: «Повесть «Джамиля»: национальная дейсвительность и новый взгляд» жана «Мера всему – человек» (китепте: Аил Шекер и космос, Бишкек, 2004) аттуу эмгектеринде повестти дал ушул аспекттерден абдан тереӊ изилдоого алышат. Мындан сырткары, белгилүү окумуштуу С.Байгазиевдин «Жамыйла» кыргыз адабиятынын ренессансы» аттуу» макаласы да ушул маселеге арналгандыгы аталышынан эле көрүнүп турат. Албетте, бул проблема саналып өткөн эмгектерде гана каралган деп чектебейбиз, дагы көптөгөн эмгектер бар болушу мүмкүн, андан сырткары башка аспектиден изилдөөгө алган эмгектерде деле ушул маселеге тийиштүү ойлор айтылышы мыйзам ченемдүү иш. Себеби, «Жамыйла» повести Ч.Айтматовду дуйнөгө тааныткан чыгарма. Ушул фактынын өзү эле андагы көркөм катмарларды кайра-кайра аӊтарып изилдөөнүн зарылдыгын айгинелейт. Анткени, кандайча болуп, жазма тарыхын баштаганына чейрек кылымдын ары-берисинде эле дүйнө окурмандарын, айрыкча, көркөм тажрыйбасынын молдугу жагынан эч кимди алдыга салбаган карт Европанын (Ч.Айтматовду гениалдуу жазуучу катары биринчи Европа тааныды) кексе окурмандарын түйшөлтүүгө кудурети жеткен чыгарманы жаратып салды? – деген суроо, чыгармачылык гений жөнүндө ой жүгүрткөн илимпоз үчүн дайыма актуалдуу бойдон кала бермекчи жана мунун тегерегинде ой жүгүртүүлөр улана берери да бышык. Анын үстүнө, изилдей келгенде эле повесттин өзгөчөлүгү, чыгарманы жаратууга түрткү болгон чөйрөнүн дүйнөнүн башка жеринде кездешпеген улуттук оригиналдуулугунда экендиги ачылып чыга келет экен да. Ошентип, кайра-кайра аӊтарып жатып, ушул эле маселеге кабылып, анча-мынча көз жаздымда калып кеткен кичинекей нюанстарды биз да тапкансыдык. Мындан аркы сөз ошол нюанстар жөнүндө болмокчу…

«Жамыйла» повести жаралгандан баштап бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан бир ой учугу бар, ал Жамыйланын мүнөзүнүн улуттук колоритке жатпаган жагдайлары жөнүндөгү пикир. Бул көз карашты карапайым окурмандардан тартып, кыргыз адабиятын окуткан окутуучулардан «аксакал жазуучуларга» (К.Асаналиев) чейин карманып келатканы белгилүү. Мисалы, окумуштуу Г.Ломидзе мындай дейт: «Несколько лет назад вокруг романа М.Ибрагимова «Слияние вод» и «Джамили» Ч.Айтматова велись довольно-таки бесплодные споры. Ревнивым защитникам узко понимаемой национальной специфики показалось, что герои М.Ибрагимов и Ч.Айтматова переступили через какие-то запретные национально-моральные рубежи, опрокинули устоявшийся представления о национальном характере азербайджанца и киргиза»(китепте; А.Акматалиев «Значение творческой активности Ч.Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур» Бишкек, 1994,179-б.). Албетте, бул факты, анын пайда болушунун өбөлгөлөрү жөнүндө ой жүгүртүүгө түртпөй койбойт. Биздин оюбузча бул эки себептен улам пайда болушу мүмкүн. Биринчи себеби: чыгарма эмне жөнундө деген суроого жооп берүүдө турат. Эгерде повесть согуш, анын адамдарга алып келген зыяны жөнүндө болсо, анда жогоркудай көз караш негиздүү болуп чыгат. Бирок, бул себепти толугу менен жокко чыгарууга болот. Чыгарма согуш жөнүндө эмес, эгер керек болсо сүйүү жөнүндө да эмес (Л.Арагон «Жамыйла» сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эӊ сонун баян» десе дагы), Гачевдин сөзү менен айтканда «Повесть «Джамиля» и есть поэтическое сознание современной Киргизии». «Жамыйла» бул кыргыз аялынын аӊ-сезиминдеги бурулушту көркөм сүрөттөгөн философиялык трактат. Мунун чындыгында да ушундай экендигин аныктоочу өлчөгүч: бүгүнкү күндө: жубайлардын бири-бирине карата жеке мамилеси болуш керек деген түшүнүк ар бир кыргыздын аӊ-сезиминен тереӊ орун алышы. Экинчи себеп: ушундай көз карашты алып жүрүшкөн адамдардын улуттун адепки дүйнө-таанымына таянуу менен, анын алыска кол сермеген ички каалоосун, потенциалын тааныгылары келбегендиктери, четке каккандыктары. Ошондуктан, бул көз караштын ээлеринин өз позицияларына бекем экендиктерине карабастан туруп, толугу менен жаӊылыш пикир деп жыйынтык чыгарууга негиз бар. А негизи Жамыйла улуттук каада-салттарды көз-көрүнөө чанбайт, аларга карата кандайдыр бир кинеси (претензиясы) жок. Ал жөн гана андай нерселерден өзүн эркин сезет. Жамыйланын келин катары ийменбестен, секелек кыздай кыӊылдап ырдап көӊүлдүү, арыктардан так секирип, шайдоот, оюн тартынбастан шартылдата айткан шыр мүнөздүү болушунун себеби: ички дүйнөсүнүн тереӊдиги, адамдык бай натурасы, ачыктыгы, зиректиги, абийирдүүлүгү. Мынчалык бай натурага ээ болбой туруп Жамыйла дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган окурмандардын симпатиясын жеӊип ала алмак эмес. Эӊ негизгиси Ч.Айтматов Жамыйла менен кайненесин параллель берүү аркылуу кыргыз аялынын аӊ-сезиминдеги бир доор бүтүп (бул байбиченин өз жашоосун ушундай болушу керек деп кабыл алган акылмандыгынан («…полнота сознания называется мудростью» Г.Гегель) көрүнөт), экинчи бир жаӊы доор башталып жатканын берет. Жаӊы доордун жарчысы Жамыйла, тескерисинче, өзүн курчаган айлана-чөйрөдө болуп жаткандардын баарына сын көз менен карайт, азырынча аны эч нерсе канааттандырбайт, ошондуктан, сыртынан шайдоот, шатыра-шатман жургөндөй көрүнгөнү менен чындыгында өзү менен өзү болуп ички дүйнөсү менен гана жашайт. Аны анча-мынча Сейит гана алаксытышы мүмкүн. А эмне үчүн Сейит? Анткени, Жамыйла менен Сейит натурасы боюнча түгөйлөш адамдар жана аны алар туюк, бей-аӊ деӊгээлде сезишет. Ошондуктан Сейит Жамыйла кеткенде жеӊе, тууган катары үйдөн кеткенине эмес, өзүнөн, анын ички дүйнөсүнөн кетип, жан-дүйнөсү аӊгырап бош калганын сезип, ошого ыйлайт. Ал өзү билбей туруп туугандык (уруулук) сезимден жогору көтөрүлүп, Жамыйла менен Даниярдын бири-бирин сүйүүгө болгон укугун бей-аӊ түрдө ички сезиминде таанып, сыйлайт. Ошондуктан ал бир тууганы эмес тигилер тараптык болот. Анын аӊ-сезим жактан мындай жетилиши, эки үйдү бириктирип кармап турган эски салтты кадоосунан биротоло ажыратат. Сейит «Садык акеси өзү тарткан Данияр менен Жамыйланын сүрөтүн таап алгандан кийин «кичи үй» өзүнчө бөлүнүп кеткенин» өз оозу менен кабарлайт. Бул бөлүнүп кетүү символикалуу, мурдагы турмуш-шартка байланыштуу калыптанган жашоо уклады өзүнүн доорун аяктагандыгын көрсөтөт. Ошентип, Жамыйла, Сейит, Данияр учөө, улуттун эртеӊи, алар өз элинин каада-салттарынын кишенге айланып бараткан жараксыздарын аӊ-сезимдеринен силкип салууга күчү жеткен жигердүү, эртеӊкиге максаты бар алдыӊкы жаштар. Бирок, каармандардын мындай сапаттары алардын улуттук колоритин жоготпойт. Тескерисинче, алардын кылык-жорук, кыймыл-аракеттеринен улуттук өзгөчөлүк толук көрүнүп турат. Мисалы, Г.Гачев аны төмөндөгүдөй деп абдан туура байкайт: «Исторически расслаивая тип песни Данияра, мы улавливаем в ней и эту, архаическую «шаманскую» стадию… Но, вскрыв эту стадию в песне Данияра, мы тоже еще не исчерпали ее содержания, и, пожалуй, наиболее народного, национального». Сынчы айткандай (албетте сынчы мен айтайын дегенди эмес, башка деӊгээл жөнүндө айтып жатат деӊизчи), жазуучунун «Жамыйла» повестинде (башка чыгармаларында деле) башка улуттун өкүлдөрү байкай албай турган бир нюанс бар, ал автордун улуттук иденттүүлүктү берүүдөгү регионалдык өзгөчөлүгү (казакка чалыштык). Бул балким автордун өзүнө сезилбейт деле. Таластыктардан мен муну байкаган жагдайым бар. Жакын курбу кызым Киров районунан болчу (азыр башкача аталып калды го). Бир каникулда анын үйүнө барсак, курбумдун атасынын инисинин кызын кошуна казак айылынын жигити алып качып кеткен жеринен кыз кайра келип алыптыр. Анын казак кайын журту кубалап келип кыжы-кужу болуп жатышкан экен. Кыздын жигитке койгон кинеси: сүйлөшпөй эле ала качып кеткендиги экен. (Бул кыз (Анара) аӊ-сезим жагынан Жамыйладан да алыс кетип жатпайбы). Кызды чоӊ апалары чогулуп алып, жемелеп-жукалап, «бар, тийсеӊ ушундай эле жигитке тиесиӊ да» деп, канча ортого алышса да көнбөдү. Мени таӊ калтырганы, алардын бирөө да улуттук маселе көтөрүп «казак экен» дебегендери болду. Эки бир боор эл ушунчалык сиӊишип кеткен экен көрсө. Эгерде Түштүктө ушундай алып качуу болсо (ыктыяры менен үйлөнүп эле жатышат дечи), биринчи орунга улуттук маселе чыкмак. Муну менен айтайын дегеним Таластык кыргыздар менен Жамбылдын казактары бири-бирин башка улуттун адамдары катары санабай калган деӊгээлге жетишкен экен кайран союздун убагында. Негизи кыргыздардын казактар менен байланышы негизинен ошол Талас аркылуу көбүрөөк болору белгилүү го.

Ошентип, үзүлгөн ойдун учугун кайра уласак: Байбиче (Сейиттин апасы) Наполеон сыяктуу (Гегель) Абсалюттук турмуштук билимге эгедер акылман. Аны бардык нерсе канааттандырат жана анын бир гана проблемасы бар: тиричиликти ушул бойдон улантып кете турган ордуна бирөөнү камдаш керек. Сейиттин байкашынча мындай ишенимге өзүнүн чечкиндүү, шайдоот жана башка сапаттары менен Жамыйла жаккандай болуп баратат: «Менимче, апам анын мүнөзүнүн күчтүүлүгүн, адилеттүүлүгү жагынан өзүнө жакын, өзүнө теӊ болорлук көрүп, келечекте аны эки үйдүн башын коштуруп, очоктун ырыс-берекесин сактаган, өзүндөй мыкты орун басар катары калтырып кетейин деген ою бар болсо керек» (Ч.Айтматов 5 томдук, 1-т. 68-б. 1999) Окумуштуу Г.Гачев ушул көрүнүшкө маани бербей өтүп кеткен: «…Конечно, уже то, что рассказывается о быте, о жизни целым семейным кланом, в котором управляет «старшая мать», о соблюдении обычаев родового адата, по которым отец должен был жениться на вдове своего брата с двумя сыновьями, – все это относится к своеобразии национальной жизни. Но меня интересует не как предмет (тема) изображения, а как точка зрения, не как «местный колорит» – но как особый сгиб мышления. И Вот когда рассказчик заводит речь о своей «джене» (жена старшего брата) Джамиле, здесь начинает брезжить те особая жизненная и художественная проблематика, которая уже невозможно ни в современной французской, ни русской советской литературе» (Г.Гачевдин жогоруда келтирилген китебинин 16-бетинде). Себеби, окумуштуу Георгий Гачев повесттен эч бир чыгармадан кездешпеген жаӊы адабий факт издейт. Биз болсо сөз болуп жаткан чыгармадагы улуттук колорит менен жалпы адамзаттык маселелердин кандайча айкалышканын издеп жатабыз. Ушул көз караштан алганда Байбиченин образы негизги таяныч пункт десе болот. Чындыгында байбиче үчүн күрөш бүткөн, ал өзү жашаган дүйнөгө толук канааттанат («… конец истории наступил, поскольку человек более не отрицает себя, не преобразует более действительность, открытую ему последней философией; нет более философии как поиска истины, но есть сама истина или мудрость (абсалютное Знание)». (Кожев А. Гегель, Маркс и христианство. Журнал «Вопросы философии»), эми аны улантып кете турган адамды табуу гана калды. Сейитке апасы бул орунга Жамыйланы ылайыктай баштагандай сезилгенин жогоруда келтирдик. Бирок Жамыйлада аны улантуу же улантпоо жөнүндө ой жок. Бирок Жамыйла көп нерселерди четке какканын (отрицание) (Осмондун калжыӊ тамашасын, Садыктын каттарын…) эске алсак, бул ой деле четке кагылышы толугу менен мүмкүн. Бардык адам сыяктуу эле Жамыйла деле өзүн таанууну (Признание) каалайт. Бирок, анын каалоосу өзүнүн чөйрөсүнөн өзгөчөлөнөт. Мисалы, Садык эл көзүнө жигиттик кадырын түшүрбөс үчүн «Кыз куумайда» өзүнө жеткирбей кеткен кызды (Жамыйланы) күчтөп алып келип көшөгөсүнө киргизди да болду деп өзүнө-өзү ыраазы болуп отуруп калды. Жамыйланын жүрөгүн багындыруу, анын чын жүрөктөн таануусуна (сүйүүсүнө) жетишүүгө аракеттенген жок. Мындай түшүнүктү Садыктан күтүү да мүмкүн эмес эле. Анткени, анын натурасы Жамыйладай же Сейиттей изденгич, ой жүгүртүүгө жөндөмдүү натура эмес экендигин, ал калыпка салынган нерсени ошол боюнча кабыл алган консервативдүү натура экендигин, Жамыйланы күчкө салып ала качып алуу менен эле далилдеген болчу. Ал өзүн-өзү таанытуунун (Признание) эӊ бир эски тапталган жолун тандап алат жана ошол тандоосу үчүн аялы Жамыйладан, иниси Сейиттен ажырайт. Анын ушул чөйрөдө, Жамыйладай, Сейиттей жаркын адамдардын жанында жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болучу, бирок, ал аны көрө алган, тааный алган жок. Тактап айтканда, Садык жаӊы доордун жаӊылыктарын кабылдабай (атайлап эмес, ага чейин өсүп жетпей) традициялуу көз карашта кала берген адам. Ошондуктан, андан аялы эле эмес иниси да кетет. Дегеле, «Жамыйла» повести улуттун өзүн-өзү аӊдоонун жаӊы жолуна түшүүдөгү күрөштү көрсөткөн чыгарма. Ошондуктан, макалабызды окумуштуу Георгий Дмитриевич Гачев төмөндөгүдөй абдан таамай аныктамасы менен аяктасак: л«Он(Сей) «Он (Сейит) призван и обречен на созерцание и осмысление. И этим он осуществляет третий необходимый всемирно-исторический момент в жизни своего народа: самосознание. повесть «Джамиля» и есть поэтическое самосознание современной Киргизии».

Адабияттар:

1. Айтматов Ч. Чыг. 5 томдугу, 1-т., 1999, 62-120-б.
2. Асаналиев К. Аил, Шекер и Космос, Бишкек, 2004
3. Акматалиев А. Значение творческой активности Ч.Айтматова в процессе взаимообогащения национальных литератур, Бишкек, 1994
4. Гачев Г. Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры), Ф., 1989
5. Укүбаева Л. Ч.Айтматов жана кыргыз адабияты, Бишкек, 2012

В данной статье исследуються мировоззрение киргизского народа в повести «Джамиля» Ч.Айтматова в аспекте национального и общечеловеческого. Успех данной статьи является то, что, встречается взгляды, которые не высказанных до этого времени. Например, авторы, рассматривает на роль «старшей матери» как на опорного пункта в раскрытии философического смысла повести. Потому что, в повести рассказывается о том, что в жизни киргизской женщины заканчивается одна эпоха, и начинается другая, новая. «Старшая мать» представляет старую эпоху, которая, женщина считалась, всего лишь частью рода, и полностью подчинилась интересу этого рода. А Джамиля с нарушениям нравстенных канонов, которые существовавшие испокон веков, требуя к себе индивидуальной отношения от своего мужа, начинает новую эпоху далеко идущую. Сегодняшняя действительность показывает, что написав такую произведению, писатель правильно ориентировался на будущее. Потому что, сегодня ни для кого не новость индивидуальная отношения между мужем и женой.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17