Аймак

Балдардын да укугу болобу?..

 21,632 Бардыгы /

Эгерде ата-эне өз укугун так билбесе, балдардын укугунун корголушу тууралуу эмне айтууга болот. Бизде, негизинен, коомчулукта балдардын укугуна өзүнчө көңүл бурулуп каралбайт. Система, структуралык мамиле жок,- дейт Азамат Кабаев, Жарандык коомду колдоо борбору коомдук фондунун Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы юристи, балдар укугу тууралуу ой-пикир билүү учурунда.
-Маселен, азыр өзүбүздүн аймактагы мектептердин абалын карасак, бир класста 40 окуучу отуруп окуп жатканын көрөбүз. Мугалим 40 мүнөттө 10-12 окуучуну гана сураганга үлгүрөт. Калган балдар көңүл сыртында калып жатпайбы. Көпчүлүк учурда окуу куралдарынын жетишпегендиги айтылат. Айрыкча, алыскы, чек арага жакын жайгашкан аймактарда балдар 3-7 км алыс барып окуп келишет. Бул балдардын ден соолугу, коопсуздугу боюнча кам көрүү жокко эсе. Эгер балдар алыстан велосипед минип келе турган болсо, ага авто-жолдорунун шарты дагы ынгайлашкан эмес, ошондой эле кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын балдарынын тегерегиндеги маселелер да атайын көңүл бурууга арзыйт.
Доктурлар, алардын каражаттары, дары-дармектери да жетишпейт. Башы ооруп барса деле, бөйрөгү ооруса деле аналгин берип койгон жарабайт. Көптөгөн дары-дармектер туура эмес белгиленип, маселен бронхит менен сыркоологон балага эч кандай анализ жүргүзбөстөн антибиотиктерди белгилеп коюлган учурларды жарандарыбыз айтышат.
Ал эми, бул аймакта мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борборлоштурулган мекеме жок, алардын ата-энелери маалымат алууда, документ даярдоодо көп убара болуп, мамлекет тарабынан белгиленген жөлөк пул, компенсацияларын ала албай, суранып жүрүшөт. Алар Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептоо жөнүндө Жобого жана мындан башка көптөгөн укуктук нормативдик актыларга ылайык өкмөттөн тиешелүү жардам алганга укуктуу, ал эми өкмөт камсыз кылууга милдеттүү.
Социалдык коргоо министрлигин өзгөчө реформалоо, социалдык маселелер боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы турат. Себеби балдардын жашоо шартын, эмне тамак жеп жатат, эмне кийип жатат,- деп толук көңүл бурбасак, келечегибиз, орусча айтканда, тупикке барат. Балдар боюнча иштеген айрым бөлүмдөр тиешелүү техникалык каражаттар, атайын кийимдер, мисалы дүрбү, бинокль, фото аппарат, видеокамера менен камсыз болушуна астейдил көңүл бурулса жакшы болот эле. Анткени, кээ бир учурларда ата-энеси спирт ичимдиктерин ичиши же банги зат колдонуп жатышы мүмкүн. Ал эми ар кандай зордук-зомбулукка кабылган балдарга реабилитациялык жардам көрсөтүүдө психологдордун ишин да жакшы денгээлге көтөрүү зарылчылыгы турат.
Ошол эле учурда, биздин аймакта өзбекстандын массалык маалымат каражаттарынын идеологиялык таасири да күчтүү. Биздин өзүбүздүн мамлекеттик теле-радио каналдары жакшы тартпагандыктан жарытып көрө, уга албайбыз. Ошондуктан балдардын укуктары, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрү, укуктарынын корголушу тууралуу позитивдүү көрсөтүүлөр, деги эле балдарга арналган кызыктуу, тарбиялык берүүлөр жетишерлик эмес.
Деги эле, балдардын укугу тууралуу сөз болгондо «Бул эмне? Балдардын да укугу болобу?»,- деп чоочулап карагандар да болорун баарлашууда Азамат Кабаев белгилеп кетти.
Балдар укугу тууралуу пикирди билүүдө башка дагы айрым адистер буларга токтолушту:
Рыскулбек Секеленов, Тогуз-Торо районундагы «Жаш Зирек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, Көк-Ирим айылынын тургуну: Тогуз-Торо – алыскы район болгондуктан, бул жакта балдардын укугу, аларды коргоо жагында атайын борборлор иш алып барбайт.
-Биз ушул жагынан аксап келебиз. Ал эми такыр эле чоң ата-энесинде же туугандарынын колунда калып калганда же майып балдардын ата-энелери документ даярдоодо болобу, социалдык жардамдарды алууда болобу, алар кимге кайрылышын да билбейт. Ошондуктан айыл өкмөттөрүндө социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүп, алардын айлык акысын жогорулатып, жоопкерчиликти күчөтсө балдарга карата көңүл бурулуп жатат,- деп айтса болот. Бирок андай болбой жатпайбы.
Алмакан Жуманазарова, Ала-Бука районунун “Көк-Таш” айыл өкмөтүнүн социалдык адиси: бизде социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык коргоо мекемеси тарабынан жөлөк пулдар берилет.
-Бирок биздин Көк-Таш айыл өкмөтү Өзбекстан менен чектешип тургандыктан 2013-жылы март айында чек ара аймагы статусун алган. Ошого карабастан, ата-энелер балдары үчүн жөлөк пул алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Мисалы биздин мамлекет тарабынан жөлөк пулдун чектелген өлчөмү кирешелерди, жер үлүшүн, короо чарбасын, мал жандыктарын, айлык акыларын эсептөөдөгү критерийлери биздин аймакка туура келбейт. Себеби, биздин аймак райондун борборунан 110км алыстыкта жайгашкан, тоолуу, чек ара аймагы болуп эсептелет.
Ошондой эле техникасы бар үй-бүлөлөргө да жөлөк пул берүү жагы каралган эмес. А бизде болсо техникасы бар туруп, үй-бүлөсүн тың багып кете албагандар да бар. Бул жагынан алганда, атайын статуска ээ болгон чек арага чектеш аймакка ушул критерийлери жок эле көңүл буруп, жардам берүү жагын биздин айыл өкмөтү жогорку бийликтегилерге сунуштоону караштарып жатабыз.
Ал эми оорулуу чоң адамдарга жана балдарга майыптык тобун аныктоо үчүн биздин аймакка атайын бир айда эки жолу Аксы районунан комиссия барат. Мына ушул комиссиядан өтүп калууга деле шарт болбой калган учурлар болот. Бул маселени жергиликтүү кеңешттин депутаттарына, район акимине да койгонубуз менен ушул күнгө чейин чечилбей келет.
Акылай Мараимова, Ала-Бука районунун «Көк-Серек» айыл өкмөтүнүн социалдык адиси: биздин аймакка өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз үй-бүлөлөрдүн ата-энелеринин да, балдарынын да документтери жок.
-Алардын ата-энелери “кайрылман” документин алышкан, бирок паспорттору, балдарынын документтери жоктугунан балдарына жөлөк пул ала албай кыйналып жатышат, ошондой эле алардын балдары мектепке бара албайт.
Кайрылман деген 45тен ашык үй-бүлөнүн паспорт алышы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Указынын чыгарылышына тиешелүү документтерди быйылкы жылдын март айында жөнөткөнбүз, бирок Президенттин аларга паспорт берүү туурауу указы кечигип жатат.
Гүлжанат Жусупбек кызы, Ноокен районундагы “Бүргөндү” айыл өкмөтүнүн социалдык адиси: бизде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына өкмөт тарабынан берилүүчү жөлөк пулдун эсептелишине чоң ата-энелеринин карылык боюнча пенсияларынын суммасы дагы кошулуп кетип жатканы да бизди тынчысдандырат.
– Анткени алардын пенсиялары өздөрүн камсыздоого гана каралган да. Эми өкмөт тарабынан деле кыйратып берилбейт, болгону 3 жашка чейинки балага 580 сом.
Кайрылып келгендерге үй-бүлөлүк кирешесин эсептеп, жободо көрсөтүлгөндөн ашып кетти, албайсын десек, бизге капа болушат. Биздин колубуздан эч несе келбейт, ошондуктан бул жободо чон ата-энелердин карылык пенсияларынын өлчөмү кошулбаса, көп үй-бүлөлөргө аздан да болсо жардам болмок.
Дастан уулу Улан, “Адилет” укуктук клиникасынын директорунун орун басары: балдар башкалардын колунда калып, жөлөк пул алууга аргасыз болсо, бул жөлөк пулдар жеткиликтүү деп айта албайм.
-Анткени өкмөт тарабынан көрсөтүлгөн жардам аз деп эсептелинет. Себеби ал бир миң же эки миң сом болсо дагы ошол жаш баланы тойгузуп, кийинтип, бардык нерсесин алып берүүгө жетишпейт.
P.S. Балдардын укугун коргоого мамлекет тараптан толук шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толук денгээлде эле иштелип чыккан. Анын үстүнө Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун 1989-жылы кабыл алынган Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясына кол коюп, өзүнүн улуттук мыйзамдарын Конвенциянын талаптарына ылайык келтирүү милдетин алган. Теориялык жактан жакшы, бирок иш жүзүндө так аткарыла албайт, буга механизмдердин жетишсиздиги, ата-энелердин өздөрү билбегендиги же тиешелүү талаптардын жоктугу себептир,- деп кошумчалашты жогоруда аттары аталган юристтер.

Зирек АСАНОВА, Жалал-Абад шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17