Аймак

ТАЖИК ГЕНЕРАЛДАРЫ ЖАҢЫ ФОРМАЛАРЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТИКМЕЧИЛЕРГЕ ТИКТИРҮҮДӨ

ТАЖИК ГЕНЕРАЛДАРЫ ЖАҢЫ ФОРМАЛАРЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТИКМЕЧИЛЕРГЕ ТИКТИРҮҮДӨ

 1,793 Бардыгы /

Жакында Тажикстандын полиция кызматкерлери жаңы формага ээ болушат. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришкендей, жаңы форманын бардык үлгүлөрү быйыл март айында өлкө башчы Эмомали Рахмонго көрсөтүлөт.

Ошол эле маалда жогорку кызматтагы генералдар формаларын чет өлкөлүк тикмечилерге буйрутма берип тиктирип жатканы айтылууда.

Согди облусундагы ишкерлердин бири анын ишканасы жогорку кызматтагы офицерлерге баш кийим гана тигип жатканын билдирди. «Биз мамлекеттин буйрутмасы менен форманы катардагы аскерлер менен айрым офицерлерге гана тигип жатабыз. Генералдар болсо чет өлкөлүк тикмечилерге буйрутма берип жатышат», — деди ал.

Тажик генералдары үчүн форма тигип берип жаткан ишканалардын бири Москвадагы Лилия Кимдин ательеси экени аныкталды. Ишкананын башчысы Олег Петровдун айтымында, бир костюмду тигүү үчүн тикмечилерге Душанбеге эки жолу барууга туура келүүдө.

«Буйрутма берген генерал жолдун акчасын өзүлөрү төлөп беришет. Мен барып ченемин алып келем. Андан соң үлгүлөрү даярдалып, аны ченеп көрүү үчүн кайрадан Душанбеге барабыз. Анын негизинде форма тигилип, даяр костюм жөнөтүлөт. Биздин негизги кардарлар — генералдар. Алардын күнүмдүк формасынын баасы 100 миң рубль, айрым учурларда 250 миң рублга чейин жетет», — деди ал.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17