Аймак

ӨЗГӨНДӨ АТАСЫ ЗОРДУКТАГАН КЫЗДЫ ГИНЕКОЛОГДОР ТЕКШЕРИП ЖАТЫШАТ

ӨЗГӨНДӨ АТАСЫ ЗОРДУКТАГАН КЫЗДЫ ГИНЕКОЛОГДОР ТЕКШЕРИП ЖАТЫШАТ

 1,367 Бардыгы /

 

         ОШ. Өзгөн районунда атасы зордуктаган эселекти гинекологдор жана психологдор ар тараптуу текшерип жатышат. Бул жөнүндө «Ак Жүрөк»кризистик борборунун директору Дарика Асилбекова кабарлады.

–         14 жаштагы өспүрүм кызтамга дагы тааныбайт экен. Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабырлануучунун алты айлык боюнда дагы бар. Учурда гинеколог менен психологдор тыкыр иштеп жатышат. Кыздын улуу агалары бар экен, айтымда алар кызга эч тийишкен эмес. Бирок, атасы зордуктап жүргөндүгүн уулдары билишкен. Негедир унчугушпаптыр. Жабырлануучу сабатсыз, бирок, мектепке баргандыгын айтып жатат, – деп кошумчалады ДарикаАсилбекова.

Айтмакчы, Өзгөндө милиция кызматкерлери атайын үйлөрдү кыдырып жүрүшүп, кош бойлуу кызды аныкташкан. Маалыматка караганда, аны өз атасы эле зордуктаган. Күмөндөлгөн ата психикалык жактан жабыркайт деп шек санап жатышат.

 

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17