Аймак

КАЗАКСТАНДЫН ТЕНГИЗ КЕНИНДЕ ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУЛАР ТАМАККА УУЛАНДЫ

КАЗАКСТАНДЫН ТЕНГИЗ КЕНИНДЕ ИШТЕГЕН ЖУМУШЧУЛАР ТАМАККА УУЛАНДЫ

 1,152 Бардыгы /

Атырау облусундагы Тенгиз мунай-газ кенинин нөөмөт шаарчасында «Тенгизшевройл» компаниясынын жумушчулары тамакка ууланышты.

«Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, 25 киши нөөмөт шаарчасындагы кечки тамактан кийин «өздөрүн начар сезип», райондук ооруканага жеткирилишкен. «Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 21 киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, төртөөсү ооруканага жаткырылды», — деп жазды агенттик облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына таянып.

Аймактык «Ак жайык» гезити уулануу 8-февралда болгонун билдирди. Дарыгерлер ооруканага жаткырылгандардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Учурда жапырт уулануунун себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.

Тенгиз — мунайдын запасы боюнча Казакстанда Карачаганак кенинен кийинки экинчи орунда турат. Аны курамына Chevron, ExxonMobil Kazakhstan Ventures Inc, LUKArco жана улуттук «КазМунайГаз» компаниялары кирген «Тенгизшевройл» деп аталган биргелешкен ишкана иштетет.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17