Аймак

ПОРОШЕНКО: ОРУСИЯ КРЫМДЫ ӨЗҮНҮН РАКЕТАЛАРЫ ҮЧҮН СТАРТТЫК АЯНТЧАГА АЙЛАНТЫП ЖАТАТ

ПОРОШЕНКО: ОРУСИЯ КРЫМДЫ ӨЗҮНҮН РАКЕТАЛАРЫ ҮЧҮН СТАРТТЫК АЯНТЧАГА АЙЛАНТЫП ЖАТАТ

 1,164 Бардыгы /

Орусия аннексияланган Крымды өзүнүн ракеталары үчүн старттык аянтчага айлантып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Пётр Порошенко Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Порошенко жарым аралдын аймагында 32,5 миң орус аскери жана 50дөн ашык реактивдүү ракета бар экенин белгиледи.

Украин президентинин айтымында, Москва Крымда өзөктүк курал үчүн бардык инфраструктураны түзүп койгон.

Донбасстагы абал тууралуу айткан Порошенко аймакта куралданган 35 миң орусиялык жикчил жана эки миңдей орусиялык аскер жүргөнүн билдирди. «Алардын карамагында 500гө жакын танк, 130 реактивдүү ракета жана 800 артиллериялык система бар. Трансатлантикалык эркиндикти жана демократияны коргоодо Украина НАТОнун реалдуу чыгыш флангы болуп калды», – деди Порошенко.

Ал ошондой эле Украинага карата жасаган агрессиялык саясаты үчүн Орусияны БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги вето коюу укугунан ажыратууну сунуш кылды.

19-февралда Порошенко Украина Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Анда Киевдин Европа биримдиги менен НАТОго кирүү багыты бекитилген.

Орусия Крымды 2014-жылы мартта аннексиялап алган. Киев менен Батыш өлкөлөрү жарым аралдын Орусияга кошулушун эл аралык укуктун нормаларды бузуу катары сыпаттап, Кремлге каршы санкцияларды киргизишкен. Москва аннексияны «тарыхый адилеттүүлүктүн калыбына келиши» деп атап келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17