Аймак

ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЗБЕКСТАНГА ТОВАР АЛЫП ӨТҮҮСҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ТҮРКМӨН ЖАРАНДАРЫНЫН ӨЗБЕКСТАНГА ТОВАР АЛЫП ӨТҮҮСҮНӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 1,845 Бардыгы /

Түркмөнстандын Чек ара кызматы Дашөгүз облусунун тургундарына өз өндүрүмдөрүн Өзбекстанга алып өтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, буга чейин Орусиянын паспорту же Өзбекстандын визасы бар дашөгүздүктөр өзбек тарапка 10 килограммга чейин жүк алып өтүүгө укуктуу болчу.

«Негизинен алар алып өткөн товар бул түркмөн өндүрүшүндөгү кездемелер. Андан түшкөн акчага тамеки өңдүү Түркмөнстанда сейрек кездешкен же кымбат товарларды алып келишчү. Бирок 10-марттан тарта түркмөн чек арачылары коңшу өлкөгө товар алып өтүүгө тыюу салышты. Өзбек тарап жеке адамдардын товар алып кирүү жана алып чыгуусуна эч кандай чектөө киргизген жок», — деп жазылган билдирүүдө.

Мурдараак Дашогуз облусундагы бажы өткөрмө бекетинде Өзбекстанга түстүү металл ташып бараткан сегиз жүк унаасы кармалганы кабарланган.

Кармалган автоунаалардын ээлери Түркмөнстандын жарандары. Алар алып бараткан бардык товарлар декларациядан өтүп, тиешелүү документтери болгону айтылууда.

Маалыматтарга караганда, айдоочулар Казакстанга виза ала албай, ал өлкөгө Өзбекстан аркылуу барууга аракет кылышкан. Түркмөнстан айдоочуларды мыйзамсыз түстүү металл сатууга айыптап жатат. Учурда алар камакта.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17