Аймак

«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК» БОЮНЧА АЛЕКСАНДР КИМГЕ КОЗГОЛГОН ИШ ТОКТОТУЛДУ

«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК» БОЮНЧА АЛЕКСАНДР КИМГЕ КОЗГОЛГОН ИШ ТОКТОТУЛДУ

 1,485 Бардыгы /

Бишкектин Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы кожоюну Александр Кимге козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кимдин адвокаты Сергей Воронцов кабарлады.

Анын айтымында, адвокаттар Кимге карата Жазык кодексинин «Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз экенин белгилеп арыз жазышкан. Анын негизинде Свердлов райондук соту адвокаттардын өтүнүчүн канааттандарды.

2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жаза эки жылдык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.

Мындай арыз менен Кимге каршы бир учурдагы өнөгү Александр Рябушкин кайрылган болчу. Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон» жарнамалык фирмасы, андан соң «Вечерний Бишкек» басма үйү толугу менен Александр Рябушкинге өткөн. Бирок былтыр жыл аягында Александр Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголду. Бул иштердин алкагында Рябушкин камакка алынган.

Ошондон кийин ага чейин сот чечими боюнча Рябушкинге өткөрүлгөн «Вечерний Бишкек» басма үйүнө караштуу «Рубикон» жарнамалык фирмасынын үлүштөрү кайра Александр Кимге берилген.

«Вечерний Бишкек» өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлк талаштын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын «Вечерний Бишкектин» кожоюну да өзгөрүп келет.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17