Аймак

БАТКЕНДЕ 67 ЖАЙ КООПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ 67 ЖАЙ КООПТУУ ДЕП ТАБЫЛДЫ

 1,591 Бардыгы /

 БАТКЕН. Баткен облусундагы 67 обьект кооптуу деп табылды. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Пазылов ачыктады.

– Жалпысынан 2019-жылга 67 кооптуу тилкеде алдын алуу чаралары каралган. Муну үчүн Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10,5миллион сом ажыратылган. Облуста 67 обьектинин арасынан биринчи кезектеги приоритеттүү деп 30 обьектини тандаганбыз. Мартапрель жана май айларына планга киргизипазыр мунун үстүндө абдан ырааттуу иш алып барып жатабыз. Калган обьектилерди кеч күзгө дейре толук бодйон бүтүрөбүз. Муну менен катар эле авариялык калыбына келтирүү жумуштарынын негизинде облус боюнча төрт курулуш жүрүп жатат. Мунун ичинде Орозбеков айыл өкмөтүндөгү Охнаселсайында 130 метр коргоочу тосмону калыбына келтирүү үчүн 4 миллион 900миң сомдук иштер аткарылуудаЖогорудагы жумуштар толугу менен аягына чыкса, Баткен облусунда 2 миңгежакын үй, 60 миң чакырымдан ашуун ички жолдор, 8 мектеп жана 1 көпүрө жаратылыш кырсыктарынан арачыланат. Мунун менен катар 55 гектар жер аянты, 2 ФАП, ички арыктарга дагы кесепети тийбейт, – деп кошумчалады Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Пазылов.

 Ошентип, ушул тапта Баткен облусунун эң эле кооптуу саналган отуз аймагында май айларына чейин алдын алуу жумуштары кызуу жүрүп жатат. Калган обьектилерде алдын алуу жумуштары тээ күз айларында толугу менен аяктайт.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17