Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,051 Бардыгы / Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад областтык Үй-бүлөлүк медицина борборунда медицина кызматкерлери менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда эмдөө жана андан баш тарткандар турасында тегерек стол өттү. Тегерек столдо медицина кызматкерлери эмдөөдөн баш тарткандар менен кантип иштешүү керек, вакциналардын канчалык деңгээлде коопсуздугун анын эффективдүү, натыйжалуу экендигин түшүндүрүү максатын көздөйт. Жалал-Абад областы боюнча санэпид көзөмөлдөө борборунун координатору Үсөн Жоробаев вакцина […]
2,052 Бардыгы / Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад областтык Үй-бүлөлүк медицина борборунда медицина кызматкерлери менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда эмдөө жана андан баш тарткандар турасында тегерек стол өттү. Тегерек столдо медицина кызматкерлери эмдөөдөн баш тарткандар менен кантип иштешүү керек, вакциналардын канчалык деңгээлде коопсуздугун анын эффективдүү, натыйжалуу экендигин түшүндүрүү максатын көздөйт. Жалал-Абад областы боюнча санэпид көзөмөлдөө борборунун координатору Үсөн Жоробаев вакцина […]
ЭМДӨӨ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ТУУРАЛУУ ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
25.04.2019 / Автор aymak2,053 Бардыгы /
Бүгүн, 25-апрелде Жалал-Абад областтык Үй-бүлөлүк медицина борборунда медицина кызматкерлери менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда эмдөө жана андан баш тарткандар турасында тегерек стол өттү.
Тегерек столдо медицина кызматкерлери эмдөөдөн баш тарткандар менен кантип иштешүү керек, вакциналардын канчалык деңгээлде коопсуздугун анын эффективдүү, натыйжалуу экендигин түшүндүрүү максатын көздөйт.
Жалал-Абад областы боюнча санэпид көзөмөлдөө борборунун координатору Үсөн Жоробаев вакцина кооптуу эмес экендигин жана аны алуу керектигин белгилейт.
–Ооруга каршы мамлекет тарабынан бекер вакциналар берилет. Бекер вакцина берилсе эмне үчүн бекер берилет деген суроолор болот. Бул иммунология программасы боюнча мамлекеттин элге жаш балдарга болгон камкордугу. Мамлекет гранттык түрдө сатып алат, бирок элге бекер берет. Бул вакциналар сертификатташтырылып, текшерүүдөн бир канча жыл өткөрүлүп андан кийин адамдарга берилет. Учурда кызамык оорусу күч алып жүрүп жатат. Ушул ооругандардын 90% вакцина албагандар. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин жургүзүп жатабыз. Вакцинанын зыяны жок, аны алыңыздар,-дейт
Ал эми бул боюнча Сузак райондук баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов ислам дини ооруган адамдын дарылануусуна тыюу салбайт деген пикирде.
–Эмдөө боюнча эл арасында ар түрдүү пикирлер бар. Айрыкча дабатка чыгып жүргөндөр, оронуп жүргөндөрдүн балдарына эмдөөгө каршы чыккандыгынын бирден бир көйгөйлүү себеби бар. Эмдөөдөн кийин реакция жүрө, таза жүргөн бала ооруп калат деген коркунуч болуп жатат. Экинчиси шариятта деле дартты Кудай берет деп айтылат. “Мен дартты өзүм бердим, дабасын дагы өзүм берем” дейт. Диний көз караш менен алганда дагы биринчи орун шыпаасын Кудайдан сурайбыз, андан кийин себебин издегиле деген пайгамбарыбыз.Мисалы: дарыгерлер дары жазып берип, айыгасың дей турган болсо, анда шариятыбыз дарыгерлердин кеңешине толук уруксат берет.
Медиктерге айтарым адамдарга түшүндүрүп жатканда”муну алыш керек, бизге ушундай талап койду” дебестен, вакцинанын курамын, эмнеге бекер болот, кайдан келгендигин да жеринде түшүндүрсө жакшы болмок,-дейт
Андан сырткары, слайд көргөзүлүп, вакциналар тууралуу жалпы маалыматтар берилди.
Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
19.09.2023 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “ДОТАЦИЯДАН БОШОНУУ АРАКЕТИБИЗДИ АКТИВДЕШТИРДИК!”
-
23.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.