Аймак

КАРА-КӨЛДҮН ЖАШТАРЫ КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ

КАРА-КӨЛДҮН ЖАШТАРЫ КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ

 2,166 Бардыгы /

Кара-Көл ШИИБнин демилгеси менен, шаардык билим берүү мекемелери жана Кара-Кѳл шаардык мэриясы менен биргеликте, Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан мектептердин жана кесиптик лицейлердин окуучуларына «Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын арты жаза» аттуу темада семинардык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты:  жаштарды ар кандай терс көрүнүштөрдөн (наркомания, алкоголизм, таксикомания ж.б.) укук, тартип бузуулардан алыс болуу, эң негизгиси кылмыштуулуктун алдын алуу жана дени сак, сергек жашоого, мекенчилдикке тарбиялоо болуп эсептелет.

Иш-чарага мектеп окуучулардан сырткары Кара-Кѳл шаарынын жергиликтүү тургундары жана жаштары, ошондой эле Кара-Кѳл шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Бул иш-чарада №1 билим берүү орто мектебинин окуучулары тарабынан «Мен баңгиликке жана рекетчиликке каршымын», «Кылмыш эмнеден чыгат?», «Жаштар кылмыштуулукка каршы» аттуу атайын уюштурулган жашоодон алынган түрдүү сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, семинарга келген жаштардын иш-чарага болгон кызыгуусун ого бетер арттырды.

Кара-Көл ШИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Оморбек Боронбаев өз сөзүндө:

«Бүгүнкү иш-чара негизги максатына жетти деп эсептейм, анткени жаштар милиция кызматкерлери тарабынан берилген түшүндүрмөлөрдү кызыгуу менен угушуп, учурдагы жаштар арасындагы кылмыштуулук жана анын алдын алуу боюнча суроо-жооптор менен активдүү түрдѳ талкууга алынып, аягында зал тараптан кол чабуулар менен коштолуп, уюштуруучуларга ыраазычыктар айтылды» – деп кошумчалады.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17