Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУДАПЕШТТЕ СООДА-ЭКОНОМИКАЛЫК АЛАКА МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ БУДАПЕШТТЕ СООДА-ЭКОНОМИКАЛЫК АЛАКА МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ

 1,178 Бардыгы /

БУДАПЕШТ. үстүбүздөгү жылдын 1-3-майында Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун чакыруусуна ылайык Кыргызстандын Тышкы иштер министри ЧыңгызАйдарбеков Венгрияда расмий иш-сапары менен жүрдү.

 

Эки министрдин расмий сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу алаканын байкалып жаткан өнүгүүсүн жана буга Венгриянын Премьерминистри Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргызстанга жасаган расмий иш-сапары чоң дем бергендигин зор канааттануу менен баса белгилешти.
Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүн жүзөгө ашыруунун жүрүшүн талкуулап,эки тараптуу кызматташтыктын бир катар багыттары боюнча жылыштар бар экендигин жана Бишкекте өтүүсү пландалып жаткан соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык эки тараптуу комиссиянынбиринчи жыйынынэки өлкөнүн ортосундагы келишимдикукуктук базанын кеңейүсүн дагы кең-кесири сүйлөшүштү.  

Кыргыз Республикасынын Президентин расмий иш-сапар менен Венгрияга келип кетүүгө чакыруусун Венгер тарабы тастыктады жана Бишкекте дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачууга дагыдаярэкендигинбилдирди. 
Эки өлкөнүн соодаэкономикалык кызматташтыгын мындан ары бекемдөө жана күчөтүү максатында тараптар биргелешкен түз инвестициялар фондун түзүүнүн болжолдуу механизмдерин дагы талкуулашты. Мындан тышкары Эл аралык күн тартибинин негизги маселелери боюнча позицияларынын окшоштугун көрсөтүшүп, БУУЕККУЕС,Түрк Кеңеши жана башка Эл аралык уюмдарда өз ара аракеттенүү боюнча дагы пикир алмашышты. 

Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто өзүнө  каалаган ыңгайлуу маалда расмийишсапар менен Кыргызстанга келип кетүү тууралуу Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусун кабыл алды. Жолугушуунун соңунда эки министр жергиликтуу жана чет өлкөлүк ЖКМлар үчүн биргелешкен басма сөз жыйынын курушту.

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17