Аймак

ТЕГЕРАН УРАН БАЙЫТУУНУ ТЕЗДЕТЕТ

ТЕГЕРАН УРАН БАЙЫТУУНУ ТЕЗДЕТЕТ

 1,002 Бардыгы /

Иран Кошмо Штаттар менен мамилеси чыңалган маалда уран байытууну тездете турганын маалымдады.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеинин билдирүүсүндө «АКШ өкмөтүнүн кутурган чиновниктери Иранды күнөөлөп жана акарат келтирип жатышат. Иран эли мындай кемсинтүүгө эч качан жол бербейт», —деп айтылат.

Буга чейин Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин басма сөз өкүлү Бехруз Камалванди Иран өзөктүк келишимдин алкагындагы айрым милдеттенмелерин аткарууну токтоторун, 27-июндан тарта байытылган урандын көлөмүн өзөктүк келишимде белгиленген чектен же 300 килограммдан көбөйтөрүн жарыялаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынышы керек эле.

Бирок былтыр президент Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө кылып, АКШ макулдашуудан чыгаарын жарыялаган. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөдү.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17