Аймак

ВИРГИН АРАЛДАРЫ ОФШОРЛОР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАРЫЯЛОО ШАРТЫН АТАДЫ

ВИРГИН АРАЛДАРЫ ОФШОРЛОР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАРЫЯЛОО ШАРТЫН АТАДЫ

 1,192 Бардыгы /

Британиянын Виргин аралдарынын премьер-министри Эндрю Фахи бардык мамлекеттер офшорлор боюнча ачык база түзгөндө гана өлкө бийлиги аймакта катталган компаниялар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарарын билдирди. Бул тууралуу ал Bloomberg агенттигине интервью берип жатып айткан.

“Улуу Британиянын талабы эмес, бул качан эл аралык стандарт болгондо гана баш ийебиз”, – деген Фахти.

Жергиликтүү бийликте офшордук фирма ээлерин тизмеге алган система бар, бирок аны чектелүү гана адам билет.

2018-жылы Улуу Британия парламенти мыйзам кабыл алган, ага ылайык, деңиздин ары жагындагы аймактар 2020-жылга чейин офшор ээлеринин ачык базасын түзүүгө милдеттүү. Кийинчерээк Лондон бул мөөнөттү 2023-жылга жылдырган.

Жалпысынан Виргин аралдарында 1, 5 триллион долларга тете активдери менен 400 миңден ашуун компания катталган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17