Аймак

ЖАЙКЫ ЭС АЛУУНУ ӨРТ КЫРСЫКСЫЗ ӨТКӨРӨЛҮ

ЖАЙКЫ ЭС АЛУУНУ ӨРТ КЫРСЫКСЫЗ ӨТКӨРӨЛҮ

 1,106 Бардыгы /

Жалал-Абад. Адатта эс алуу мезгил жай мезгили. Ошондуктан эс алуу жайларын, балдар лагерлерин жайкы сезонго даярдап жатканда, оңдоп-түзөө иштеринин катарында жатаканалардын эшиктерин сыртка ачыла турган кылып, кайрадан орнотуп чыгуу керек.Бул тууралуу Аксы райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы Капитан  М.Бекенов маалымдады.

Маалыматка ылайык, имараттарга тартылган электр зымдарын текшерип, жараксыздарын жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, мерчемдүү жерлерге “ От менен ойнобо!”, “Тамеки тартпа!” деген эскертүүчү жазуулар илинүүсү тийиш. Көрүнөө жерге “Өрт кырсыгы болгон учурда 101 номерине чалгыла” деген жазуу илинип , телефон байланышы ар дайым он абалда болуусу зарыл.

Ал эми токойлуу жерлердеги эс алуучу жайларга эс алууга баруучуларга эс алган жайларыңызды өчүрүлбөгөн тамеки же ширенке калдыгын таштабоону. Жагылган отту өчүрбөй калтырып кетпөөнү Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери эскертет.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17