Аймак

ТАЖИКСТАНДА ОРУСИЯНЫН ШААРЛАРЫНА АВИАБИЛЕТТЕР КЕСКИН КЫМБАТТАДЫ

ТАЖИКСТАНДА ОРУСИЯНЫН ШААРЛАРЫНА АВИАБИЛЕТТЕР КЕСКИН КЫМБАТТАДЫ

 1,017 Бардыгы /

Тажикстанда Орусиянын шаарларына авиабилеттер кескин кымбаттады. Авиакомпаниялар муну окуу жылынын алдында жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүрүүдө.

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынан билдиришкендей, учурда Душанбе-Москва багыты боюнча авиабилеттер 4 миң сомони (400 доллардан ашык) болууда. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, билеттердин кымбатташы окуу жылынын алдында жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйгөнүнө байланыштуу.

Душанбедеги авиакассалардан дагы баалардын кымбатташына тажик студенттеринин көбү эс алуудан кийин Орусиядагы окууларына кайтып жатканы менен түшүндүрүштү. Учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 20 миңден ашык тажик студенти билим алууда.

Июлдун ортосунда Душанбе-Москва каттамы боюнча авиабилеттин баасы 2 миң сомониден 2,5 миң сомониге чейинки баада сатылып жаткан.

Ал арада авиабилеттердин кымбатташы социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жаратууда. «Бир жума мурда эле бул багыттарга билеттер эки миң сомониден сатылып жаткан. Бир жуманын ичинде эле миң сомониге кымбаттап кетиптир», — деп жазды Саида Мухиддинзода аттуу «Фейсбук» колдонуучусу.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17