Аймак

ДУШАНБЕДЕ ЭКИ АЯЛ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТАРАБЫНАН КЫЙНООГО АЛЫНГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ

ДУШАНБЕДЕ ЭКИ АЯЛ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТАРАБЫНАН КЫЙНООГО АЛЫНГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ

 755 Бардыгы /

Душанбенин тургундары Майрам Содикова менен Мастона Зайниддинова шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы эки кызматкери тарабынан кыйноого алынганын билдиришти.

Майрам Содикованын айтымында, Фарход Нурхонов жана Аваз Сабзаев аттуу милиционерлер аны 2017-жылдын аягында кармап, уурулукка шектелип жаткан күйөөсүнүн жашырынган жерин айтып бер деп кыйноого алышкан.

— Алар күйөөмдүн кайсыл жерде экенин сурап, сабашты. Мен анын каякта экенин чынында билчү эмесмин. Андан соң көмкөрөмөн жаткырып, колу-бутумду байлап, оозума чүпүрөк тыгып, электр ток менен кыйнашты. Денем бүт күйүп калганына карабай кыйноосун уланта беришти, — деди ал.

Мастона Зайниддинова милиционерлер аны дагы Содикованын күйөөсүнүн жүргөн жерин сурап, электр тогу менен кыйноого алышканын билдирүүдө.

Учурда айыпталып жаткан Фарход Нурхонов менен Аваз Сабзаев камакта. Алар быйыл жыл башында 17 кишинин арызынын негизинде «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Кыйноого алуу» беренелери менен айыпталып, камакка алынышкан.

Фарход Нурхоновдун адвокаты Абдукарим Абдулхамидов мурдагы милиция кызматкерлерине карата айтылган айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

— Сотто кыйноого алуу фактысы боюнча иш алып барган соттук-медициналык эксперт аялдардын денесинде эч кандай тактар табылбаганын айтты. Алардын биринин терисинде анча чоң эмес тытык табылган, бирок анын тери оорусу бар экен, — деди адвокат.

Өз кезегинде Майрам Содикованын адвокаты соттук-медициналык экспертиза милиция кызматкерлиринин катышуусунда жүргүзүлгөндүктөн, аны объективдүү деп эсептөөгө болбой турганын билдирүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17