Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,030 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Анда мамлекет башчысы агартуу тармагы өлкөбүздүн өнүгүү жараянында абдан маанилүү орунду ээлей тургандыгын дагы бир ирет эске салды. Жолугушуу маалында билим берүүнүн сапатын эл аралыкстандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо, курулушу дагыле бүтө элек жана авариялык мектептердин азыркы […]
1,031 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Анда мамлекет башчысы агартуу тармагы өлкөбүздүн өнүгүү жараянында абдан маанилүү орунду ээлей тургандыгын дагы бир ирет эске салды. Жолугушуу маалында билим берүүнүн сапатын эл аралыкстандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо, курулушу дагыле бүтө элек жана авариялык мектептердин азыркы […]
ПРЕЗИДЕНТ МИНИСТР МЕНЕН АГАРТУУ ТАРМАГЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮ, КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨРКҮНДӨТҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ
30.10.2019 / Автор anarkan_kg1,032 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду кабыл алды. Анда мамлекет башчысы агартуу тармагы өлкөбүздүн өнүгүү жараянында абдан маанилүү орунду ээлей тургандыгын дагы бир ирет эске салды.
Жолугушуу маалында билим берүүнүн сапатын эл аралыкстандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо, курулушу дагыле бүтө элек жана авариялык мектептердин азыркы акыбалы, агартуу обьектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө өзгөчө басым жасалды. Билим берүү жаатындгы санариптештирүү жараянын ылдамдатуу, кесиптик-техникалык билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүү өңдөнгөн көйгөйлөр ачык-айкын талкууланды.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков агартуу тармагын өнүктүрүү жана көйгөйлөрдөн арылуу жаатында көрүлүп жаткан чукул чаралар туурасында маалымат берди. Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, билим берүү тармагындагы абал дыкаатталды. Ушул тапта 2020-2030-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору дагы иштелип чыкты.
-Өлкөбүз боюнча мектептердин электрондук картасы жана Билим берүү башкармалыктарынын бирдиктүү базасы түзүлүп жатат. Бул Кыргызстандагы жалпы мектептер тууралуу маалыматтарды ыкчам алууга, кырдаалды дыкаат анализдөөгө мүмкүнчүлүк жаратып олтурат, —деп белгиледи Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.
Ал ошондой эле өлкө аймактарын кыдырып, авариялык абалдагы мектептерди жеринде көрүп, жакындан таанышып жаткандыгын дагы кошумчалады. Министрдин айтымында, билим берүү тармагын санариптештирүү жараяны мындан ары дагыырааттууулантылат. Билимберүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди интернетке кошуу иштери ого бетер ыкчамдайт. Электрондук кезек, электрондук күндөлүк өңдөнгөн санарип технологиялары жайылтылып, «АлиппеТВ» долбоору катуу колго алынат.
– Мектепке чейинки билим берүү тармагында өсүү жышааны бар, бала бакчалар улам көбөйүп баратат. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү колдонуу аркасында мектепке чейинки билим берүү мекемелерин дагы көбөйтүүнү максаттап жатабыз. Ушул тапта балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 40пайызды түзөт. Муну 2023-жылга чейин 80пайызга жеткирүү пландалууда, —деп баса белгиледи Өкмөт мүчөсү Каныбек Исаков.
Ал эми мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууда дистанттык ыкмадагы киргизилет. «Келечек мектеби» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мектеп окуучуларын дүйнөлүк олимпиадаларга чыгаруу максаттары бар. 30 мектепке киргизилген инновациялык долбоор республика боюнча кеңири жайылтылат. Ошондой эле окутуу программасында окуучуларга улуттук таалим-тарбияны сиңирүү максаты эске алынат. Мындан тышкары окуу китептерин даярдоого катышкан тараптардын милдеттери так аныкталып, жоопкерчилик чаралары ого бетер күчөтүлдү.
Министр Каныбек Исаков маалымдагандай, өлкөдөгү жогорку окуу жайларын Эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери мыдан ары дагы күчөтүлөт. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу максатталууда. Ал эми быйылкы октябрь айынан тартып жогорулатылган мугалимдердин айлык акысы тууралуу коомчулуктагы талкууну эске алып, Өөкмөт мүчөсү Каныбек Исаков айлык акыны жогорулатуунун көрсөткүчтөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгындагы кошумчалады.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
09.05.2023 / Автор anarkan_kg «КЕРБЕН» АБА МАЙДАНЫ ОҢДОЛОТ
-
30.05.2023 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ БАКИЕВ КЕЛСЕ, КАМАККА АЛЫНЫШЫ КЕРЕКТИГИН БИЛДИРДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.