Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД. КАЛККА АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК КЕҢЕШ БЕРИЛҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД. КАЛККА АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК КЕҢЕШ БЕРИЛҮҮДӨ

 936 Бардыгы /

КРдин Юстиция министрлиги тарабынан 18-22 ноябрь күндөрү акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында ушул күндөрү Жалал-Абад шаарында дагы калкка  акысыз юридикалык кеңештер берилет.

Бул декадага юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар жана акысыз юридикалык кеңеш берүү борборлору катышууда.

Аталган декада 2017-жылдын 1-январынан башталып, жылына эки жолудан өткөрүлүп келет. Азыркыга чейин 5 миңден ашуун жарандарга акысыз юридикалык кеңеш беришкен.

Адистердин айтымында юридикалык кеңеш алууга жарандар алимент алуу, мурас бөлүгүн алуу жана жер маселелери боюнча көп кайрылып келишет.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17