Аймак

КИЕВ ТОКАЕВДИН КРЫМ БОЮНЧА АЙТКАНДАРЫНА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

КИЕВ ТОКАЕВДИН КРЫМ БОЮНЧА АЙТКАНДАРЫНА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

 824 Бардыгы /

Украинанын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Крымдын аннексиясы тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин айткандары боюнча нааразылыгын билдирди.

4-декабрь күнү кечинде жарыяланган украин ТИМинин расмий өкүлү Екатерина Зеленконун билдирүүсүндө казак тарапка тиешелүү демарш жасалары жазылган.

— Эки өлкөнүн ортосундагы Достук жана кызматташтык тууралуу макулдашууда өз ара ишеним, эгемендүүлүктү, мамлекеттик көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү жана чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо, ички иштерге кийлигишпөө, ошондой эле эл аралык укуктун нормаларды сактоо тууралуу айтылган. Макулдашууга 1994-жылы кол коюлгандан бери биздин өлкө андагы нормалардын бардыгын сактап келген. Казак президентинин сөздөрү жогорудагы принциптерге гана эмес, Украинанын аймактык бүтүндүгү тууралуу БУУнун 2014-жылдын 27-мартындагы резолюциясы менен бекитилген позицияга дагы каршы келет, — деп жазылган Зеленконун билдирүүсүндө.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын “аннексия” деп атабай турганын айткан.

– Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонулуучу сөз эмес. Крымда болгон жагдайга байланыштуу бизде эч кандай коркунуч болгон жок. Себеби биздин Орусия менен карым-катнашыбыз жакшы – деген Токаев.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй референдум өткөрүп, Крым жарым аралын аннексиялаган. Орусиянын бул аракети БУУнун 100дөн ашык өлкөсүнүн кескин сынына кабылып, Москва Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына туш болгон. Андан бери Крым маселеси Орусиянын Украина жана Батыш менен мамилесиндеги эң талаштуу маселе бойдон калууда.

Украина жарым аралды убактылуу оккупацияланган аймагы катары эсептейт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17